8 сентября, 2024

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР:  КƟБƟЙYYСY МYМКYН, АЗАЙБАЙТ

Глобалдык жылуулануу процессинин адамзат жашоосуна тийгизген терс таасирлеринин бири болуп табигый катаклизмдердин улам арбып баратканы эсептелет. Бул жагынан айрыкча алдыдагы тɵрт жыл табигый катаклизмдерге ынак болорун дʏйнɵлʏк метеорологдор быйылкы кыштан баштап эле эскерте баштаганы белгилʏʏ.

КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ – БАШКЫ АРГА

Эксперттердин  эсебинде дʏйнɵ жʏзʏ боюнча табигый кырсыктар жыл ɵткɵн сайын кɵбɵйсɵ кɵбɵйɵɵр, асти азайбайт. Алардын масштабы да кооптуураак болору баса белгиленʏʏдɵ. Сейсмологиялык жана кɵчкʏ коркунучтуу аймак катары бул эскертʏʏлɵр Кыргызстанга да биринчи иретте тиешелʏʏ экендиги маалым. Жогоруда айтылгандай, табигый кырсыктардын динамикасы активдешип баштаган азыркы тапта алардын алдын алуу аракеттери гана алардан сактануунун башкы аргасы жана ыңгайлуу ыкмасы болуп калары белгилʏʏ. Аты  эле айтып тургандай, табигый катаклизмдерде мындан башка арга да, буйтай турган жол-жобо да жок.

БУУнун Дʏйнɵлʏк метеоролгия уюмунун изилдɵɵ-байкоо процесстеринин маалыматтары боюнча, ʏстʏбʏздɵгʏ жылдан тартып метеорологиялык байкоолордун тарыхында эң ысык деп катталуучу катар беш жылдык башталат. “Кʏнɵстʏʏ” бул беш жылдык, кʏмʏрɵн калгыр, “кʏрдɵɵлдʏʏ” табигый катаклизмдер менен да  коштолуп олтурары эч арга жок, мыйзам ченемдʏʏ нерсе.

ОЛБУРЛУУ ДОЛБООР 

Yстʏбʏздɵгʏ жылы ПРООНдун жана республикабыздын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин  Япония ɵкмɵтʏнʏн каржылык колдоосундагы мɵңгʏ кɵлмɵлɵрʏнɵ байланышкан тобокелчиликтерди  жана сел коркунучтарын басаңдатуу боюнча  биргелешкен  долбоорунун жыйынтыктары чыгарылган.

Аталган долбоордун алкагында жарылуу кооптуулугу бар деп эсептелген мɵңгʏ кɵлмɵлɵрʏнɵ мониторинг жʏргʏзʏʏ жаатында уникалдуу маалыматтык система ɵзʏнʏн алгоритми жана изилдɵɵ маашинасы менен  иштелип чыгылган. Ал табигый кырсыктардын зыяндарын, айрыкча мɵңгʏ кɵлчɵлɵрʏнʏн жарылып кетʏʏ кооптуулугун натыйжалуу минималдаштырууга жана ошондой эле сел процесстерин, суу каптоолорду прогноздоштуруунун тактыгын-оперативдʏʏлʏгʏн жакшыртууга мʏмкʏнчʏлʏк берет.

Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов мынтип белгиледи:

“Табигый кырсыктарды мониторингдɵɵнʏ мыктылоо ɵзгɵчɵ кырдаалдарга карата биздин даяр туруубузду жогорулатуунун маанилʏʏ фактору болуп саналат. ПРООН дун жана Япония ɵкмɵтʏнʏн колдоосунун шарапаты менен биз бул жаатта маанилʏʏ ɵнʏгʏʏгɵ жетиштик”.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хидеки Годанын белгилɵɵсʏ боюнча, “Кыргызстан климаттык ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн акыбеттерине туш болуу жагынан караганда абдан эле алсыз ɵлкɵлɵрдʏн катарына кирет. Мɵңгʏ кɵлчɵлɵрʏнʏн непадам жарылуусу гуманитардык, социалдык, экономикалык, экологиялык жана саясий тобокелчиликтерди  жаратуусу ыктымал. Япония ɵкмɵтʏ тыгыз кызматташкан коомдун туруктуу ɵнʏгʏʏсʏн  жактайт”.

ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу ɵкʏлʏ Александр Соловьевдун пикиринде “Бул долбоор Кыргызстанда адамдын туруктуу ɵнʏгʏʏсʏн камсыз кылуудагы маанилʏʏ кадам болуп калат. Кызматташтыктын шарапаты менен биз  ɵлкɵнʏн табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жок кылуу жɵндɵмдʏʏлʏгʏн олуттуу жогорулатууга мʏмкʏнчʏлʏк алдык”.

Ал эми президенттик администрациянын ɵзгɵчɵ кырдаалдар борборунун эсксперти Канатбек Чыныбаев “бул долбоордун жыйынтыктары “Кыргыз Республикасын 2026-жылга дейре ɵнʏктʏрʏʏнʏн Улуттук программасынын талаптарын аткарууга жооп берээрин, ага ылайык, ɵзгɵрʏп жаткан климаттын шарттарында кырсыктардын тобокелчиликтерин  тɵмɵндɵтʏʏ маселелерин чечʏʏ комплекстʏʏ мʏнɵзгɵ ээ болуп, ыктымалдуу коркунучтар жана кооптонуулар эске алынуу менен  жʏргʏзʏлʏʏгɵ тийиш”.

Долбоор сɵз болуп жаткан маселенин негизги ʏч багыты боюнча ишке ийгиликтʏʏ ашырылганын белгилей кетʏʏ керек: 1.  Иш-аркеттердин  улуттук планын иштеп чыгуу жана бекитʏʏ. 2.Кырсыктарды кыскартуунун улуттук потенциялын жогорулатуу. 3.Жергиликтʏʏ жамаатчылыктардын адаптациялык потенциялын кɵтɵрʏʏ.

КАРЖЫ ДА, КААЛОО ДА  ЖОК

Эксперттердин пикиринде, табигый кырсыктардын алдын алууга карата мамиле калк арасында тɵмɵнкʏ деңгээлден эч кɵтɵрʏлɵ элек жана мындай мамиленин аягы кооптуу болуп саналат. Кыргызстан сейсмикалык жактан активдʏʏ аймактарга кирет. Жыл сайын  орто эсеп менен 3 миңге жакын жер титирɵɵлɵр катталып турат. Жер кɵчкʏлɵрдɵн жапа чеккен жерлердин жалпы аянты республика аянтынын 7, 5 пайызына барабар. Жер  кɵчкʏлɵрдʏн кɵбʏрɵɵгʏ Жалал-Абад жана Ош облустарында жʏз берет. Кɵчкʏ жʏрʏʏ кооптуулугу бар жана мындан ары деле андай кооптуулук сакталып кала берʏʏчʏ калктуу айылдардын саны 600дɵн ашат.

Республикада жыл сайын орто эсеп менен сел жана суу ташкындары менен байланышкан 70 тен ашуун ɵзгɵчɵ кырдаалдар тʏзʏлɵт. ƟКМнин маалыматы боюнча,  республикада 4 миң ʏй- бʏлɵ сел жана жер кɵчкʏ коркунучу бар  зоналарда жашайт. Алардын жарымынан ашыгыраагы мамлекеттен жер жана ссуда алышкан. Бирок, ƟКМнин, жергиликтʏʏ бийликтин эскертʏʏлɵрʏнɵ, сот органдарынын чечимдерине карабастан,  жашоочулар ʏйлɵрʏнɵн жылбай олтурушат. “Кɵчʏп кеткендер да кайра мурунку ʏйлɵрʏнɵ кайтып келип жашап жаткан учурлар кɵп”,-дейт ƟКМндин басма сɵз кызматы.

ƟКМнин  маалыматы боюнча,  Кыргызстандын ɵзгɵчɵ кырдаалдардан тарткан экономикалык зыяны 700 миллион сомдон ашат.

“Кыргызстандын экономикасына жана карыздык туруктуулугуна табигый катаклизмдер, атап айтканда, жер титирɵɵ жана суу ташкындоолору ɵтɵ  олуттуу таасир  тийгизʏʏсʏ ыктымал”,-  дешет турукташтыруу жана ɵнʏгʏʏнʏн Евразия фондунун эксперттери. Жʏргʏзʏлгɵн изилдɵɵлɵрдʏн маалыматтарына ылайык, 1992-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта жʏз берген табигый кырсыктардын 33 пайызын жер кɵчкʏ, 31 пайызын жер титирɵɵ, 19 пайызын суу ташкындары тʏзгɵн. Муну менен кошо жер кɵчкʏ кɵпчʏлʏгʏндɵ жер силкинʏʏнʏн жана суу ташкындоонун акыбетинде жʏз бергендиги белгиленген. Аналитиктер белгилешкендей,  табигый кырсыктардан максималдуу зыян тартуу 1992-жылкы жер титирɵɵгɵ жана 1994-жылкы жер кɵчкʏгɵ туура келет.

Абдираим Мамытов