8 сентября, 2024

Гепатит – боорду жабыркаткан жугуштуу дарт

Сарык оорусунун козгогучу – гепатит вирусу. Ɵз ичинен ал А, В, С, D жана Е тʏргɵ бɵлʏнɵт. Пайда кылган себебине жараша вирустук гепатит биринчилик (вирустуу гепатит) жана экинчилик болуп айырмаланат. Гепатиттердин катуу кармаган жана ɵнɵкɵт тʏрлɵрʏ бар.

 Гепатиттин В, С, D тʏрлɵрʏ адамда билинбей пайда болуп, кɵп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын ɵнɵкɵткɵ айланып кетʏʏ коркунучу бар.

Оорунун жугуу жана ɵнʏгʏʏ жолдору: Ооруну жугузуучу башкы булак болуп гепатит менен ооруган адам эсептелет. Вирус адамдын канында жана башка биологиялык суюктуктарында жашайт.

 Жуктурууну шарттаган учурлар:

— стерилдʏʏ эмес инструменттерди колдонуу менен жуктуруу (чогуу колдонулган баңги зат ийнелери, жеке гигиена каражаттары, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр, пирсинг, татуировка жасатуу жана корголбогон жыныстык катнаш);

-медициналык манипуляцияларды алуу учурунда жуктуруу (орган алмаштыруу, ийне саюу, ар кандай операциялык кийлигишʏʏлɵрдɵн кийин, тиш дарылоо учурлары);

-энеден балага тɵрɵт учурунда жуктуруу; (мындай учурларда  балага 24 саат аралыгында гепатит В га каршы эмдɵɵ сунушталат).

Организмге тʏшкɵн оорунун вирустары ʏчʏн боор клеткалары  оорунун андан ары ɵɵрчʏшʏнɵ жагымдуу жай болуп эсептелет. Боор клеткаларында ооруксунуу рецепторлору жок болгондуктан, ооруну аныктоо атайын лабораториялык изилдɵɵлɵрдʏн аркасында табылат. Оору кээ бир убактарда билинбей, симптомсуз (оорунун вирустарын алып жʏрʏʏчʏлɵр) ɵɵрчʏп, оор кесепеттерге (боордун карциномасы, циррозу) алып келет.  Ɵнɵкɵт вирустук В гепатити симптомдору билинбей ɵɵрчʏгɵн ʏчʏн ɵз убагында изилдɵɵлɵр менен  аныктоо оорунун оор кесепеттеринин алдын алып, ɵз убагында дарыланып калууну шарттайт. Тестирлɵɵдɵн ɵтʏп, тестин жыйынтыгы терс болгон учурда 3 дозалуу  эмдɵɵнʏ (вакцинация) алуу керек.

Вирустук С гепатити оорусунун жуккандан кийин биринчи белгилери пайда болгонго чейинки убакыт узакка созулат. Билинбей, симптомсуз ɵɵрчʏʏ менен бир гана боор клеткаларын эмес, кɵпчʏлʏк  системаларды (богок безин, бɵйрɵк, муундарды, уйку безин) жабыркатат. 80%га чейин оору ɵнɵкɵт тʏрʏнɵ ɵтʏп кетет. Вирустук С гепатите каршы эмдɵɵ жок, ɵз убагында алдын алып, узакка убакытка чейин дарыгердин кɵзɵмɵлʏндɵ болуп, атайын дарылоо схемасынын негизинде эффективдʏʏ дарыланса болот.

Вирустук Д гепатиты бул ковирион – паразит вирус, ɵз алдынча оору чакырууга жɵндɵмдʏʏлʏгʏ жокко эсе, В вирусу менен кошулган учурда Д вирусунун агрессивдʏʏ активдуулʏгʏ кʏчɵйт, В вирусунун организмдин жабыркатуусун тездетет, натыйжада гепатит оорусу тез ɵɵрчʏп ɵтʏшʏп кетет.

Вирустук гепатиттер пайда кылган себебине жараша вирустук гепатит биринчилик (вирустуу гепатит) жана экинчилик болуп айырмаланат. Анын катуу кармаган (вирустуу гепатит) жана ɵнɵкɵт тʏрʏ бар. Ɵнɵкɵт вирустук гепатиттердин ɵнʏгʏʏсʏ (инкубациалык мɵɵнɵтʏ) 6 ай аралыгында жʏрɵт. Боор катуу сезгенет, алгач адамдын тамакка болгон табити алсырайт, ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оң кабыргаларынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси денесини саргайышы пайда болот. Анализдердин жыйынтыктары кɵнʏл жубатаарлык болбой калат.

Гепатиттин С тʏрʏнɵ кабылган адамдын оорусу кɵпчʏлʏк учурда билинбей жʏрɵ берип ал цирроз, рак илдетине айланып кетет.

Алдын алуу иштери;

-сергек жашоо эрежелерин сактоо;

-бɵтɵн адамдын каны же башка биологиялык суюктуктары менен байланышта болбоо;

-ар бир ʏй-бʏлɵ мʏчɵсʏ ɵздɵрʏнʏн жеке гигиеналык каражаттарын колдонуу;

-Эмдɵɵ ВГВ га каршы–балдар ʏчʏн биринчи жашоо кʏнʏнɵн баштап, атайын календарлык эмдɵɵнʏ алуу, ал эми чондор (23 жаштан-65 жашка чейинки) ʏчʏн киргизилген  эмдɵɵнʏ алуу;

-ВГС га эмдɵɵ жок;

ВГВ га каршы эмдɵɵ ооруну алдын алуу менен, боордун циррозунан, рагынан сактайт. Гепатиттерди аныктоо ʏчʏн шарыбыздын бардык ФЦСМдеринде поликлиникаларында, дарылоо мекемелеринде кандын ИФА анализдерин коюу менен аныкталып жатат. Вирустардын сандык катышын билʏʏ ʏчʏн ПЦР анализи коюлат.

Гепатит дартынын алгачкы  белгилери пайда болору менен дарылоо мекемелерине ɵз убагында кайрылып, дарыгердин кеңешмесин алып, тийиштʏʏ анализдерди текшертип, диспансердик учетко кабыл алынып, белгилʏʏ убакыттар аралыгында кɵзɵмɵлдɵн ɵтʏп, дарыланып туруусу шарт. Мамлекетибиз тарабынан бекер текшерилʏʏ, эмдɵɵ иш чаралары жолго коюлган.

Эпидемиолог дарыгер   Жумабекова Б.К