8 сентября, 2024

“Пластик колдонуу айлана-чɵйрɵгɵ гана эмес, адамдын саламаттыгына да зыян”

Ɵлкɵдɵ кʏн сайын канчалаган желим идиш аяктар, желим баштыктар колдонулары эсепсиз. Дʏкɵндɵрдɵ, базарларда азык-тʏлʏк, кийим-кече менен кошо берилген баштыктардан, тамактануу жайларындагы идиштерден улам аны пайдалануу жогорку чекке жеткенин байкоого болот. Дегеле желим идиштер адам организмине канчалык деңгээлде зыян келтирээрине кызыгып кɵргɵнсʏзбʏ? Анда тɵмɵнкʏ макалабыз сиз ʏчʏн. 

Дагы 3 жылдан кийин пластик колдонууга тыюу салынат

-Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта ɵлкɵ аймагында полимер пленкасынан жасалган баштык жана пластик буюмдарды колдонууга тыюу салынат. Тийиштʏʏ мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Кол койгон документ полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана чɵйрɵгɵ зыяндуу таасирин азайтууга багытталган. Анда эреже бузган жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле соодагерлерге айып пул салынаары белгиленген. Акыркы жылдары окмуштуулар тарабынан кɵптɵгɵн эксперименттер, изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлʏп, пластик буюмдары 100 жылдан ашык убакытта чириши мʏмкʏн экендиги же такыр чирибейт деген тыянакка келишкен. Эгер мындай болсо экологияга олуттуу зыян келʏʏсʏ мʏмкʏн. Пластик буюмдарынын колдонулушуна чектɵɵлɵрдʏн киргизилгендигинин бирден-бир себеби ушул. 

Санитардык дарыгер Дария Жапарова:

-Пластик буюмдары азыркы учурда бардык тармактарда кеңири колдонулууда. Тамак-аш идиштеринен баштап оюнчуктар, кʏнʏмдʏк колдонулуучу буюмдар, дээрлик баарында аралашкан. Анын ичинен эң кооптуусу тамак-аш ʏчʏн колдонулуучу идиштерде.

-Пластик идиштердин поливинилхлорид, полипропилен, полиэтилен, полистирол, поликарбонат сыяктуу тʏрлɵрʏ колдонулат. Бул материалдардын эч зыяндуулугу жок. Бирок пластик буюмдарын даярдоодо ар тʏрдʏʏ химиялык заттар, кошулмалар кошулуп, ден соолукка зыяндуу таасир жаратуусу мʏмкʏн. Мисалы пластик идишке ысык тамак куйганда же тамакты ысытканда, стирол, формальдегид, фенол, оор металлдардын туздарын, жана башка ɵтɵ зыяндуу заттарды бɵлʏп чыгарат. Бул да болсо ден соолукка чоң зыян алып келет.

Коомчулукту кантип полиэтилен баштыгынан жана пластик буюмдардан баш тарттыра алабыз?

-Кыргызстанда полиэтилен баштыктарын, пластик буюмдарын ɵндʏрʏʏгɵ, сатууга жана Кыргызстандын аймагына ташып кирʏʏгɵ тыюу салуу боюнча иш-чаралар жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Ошондой эле элге пластик буюмдарынын зыяндуулугу боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ керек. Полипропиленден жасалган идиште гана ысытууга болот, идиштин тʏбʏндɵ 5 деген цифра жана РР (ПП) тамга менен белгиси болуу керек (маркировкасы).  Ал эми меламин колдонулган идиш ɵтɵ кооптуу, ал фарфор идишине окшош болот. Аны колдонууга Кыргызстанда тыюу салынат.

Адамдын организмине тйгизген таасири

Пластик уулуу химиялык заттар пластмассадан бɵлʏнʏп чыгып, дээрлик бардык адам затынын канында кездешет. Алардын таасири онкологиялык ооруларды, тубаса кемтик, иммунитеттин начарлашы, эндокриндик системанын бузулушуна жана башка кɵптɵгɵн ооруларга алып келиши мʏмкʏн.

Пайдалуу кеңеш

-Пластик буюмдарын сатып алууда анын чыгарылган датасына кɵңʏл буруу керек, анткени эскирген сайын зыяндуу заттар кɵп бɵлʏнʏп чыгат.

-Пластик буюмдарына ысык тамак куюуга же ысытууга болбойт жана максатына жараша колдонуу керек.

-Пластик идиштерге узак убакытка тамак-азыктарын сактоого болбойт.

-Бир жолку колдонулуучу идишти кɵп жолу иштеткенге болбойт.

-Полиэтилен баштыкка салып азыктарды муздаткычка сактоого да болбойт.

-Пластик буюмдарын колдонууну азайтып, кɵбʏнчɵ айнек идиштерди колдонуу зарылдыгын кʏчɵтʏʏ керек.

-Чай, кофе кɵчɵлɵрдɵ пластик стаканга эмес, кагаз стакандарга коюлуп сатылуусу керек.