8 сентября, 2024

СОГУШ ЖАНА ТЫНЧТЫК

Орус-украин согушу качан жана кантип бʏтɵт? Эки мамлекеттин ортосундагы тынчтык келишими жɵнʏндɵгʏ сʏйлɵшʏʏлɵр качан башталат?  Дегеле сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн болушу мʏмкʏнбʏ деген суроолор азыркы учурда коомчулукту тʏйшɵлтʏп турганы маалым. “Согуш сенин эркиң менен башталат, бирок сенин каалооң менен эле бʏтʏп калбайт”,- деп айткан айтылуу Макиавелли. Болжолдуу алганда, азыркы тапта дал ошондой абал тʏзʏлʏп турат.

УКРАИНАГА КИМ ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЛАТ?

 Май айынын башында  Россиянын  президенти Владимир Путиндин ɵз милдетин аткарууга расмий киришʏʏ салтанаты ɵткɵрʏлʏп, андан кийин болуп ɵткɵн кадрдык алмашууларга баары кʏбɵ болгону маалым. Кыскача айтканда, орус президентинин мындан аркы иш-аракеттеринде экономикалык маселелер алдыңкы планга чыгаары белгилʏʏ болуп калды.

Ал эми Украинада абал таптакыр башкача нукка бурулууда. Путин бийлигинин жаңы мɵɵнɵтʏ башталып жатса, украин президентинин ыйгарым укуктарынын мɵɵнɵтʏ 21-майда аяктады. Президенттик жаңы шайлоолордон али кабар да жок. Зеленский азыр тʏшʏнʏксʏз статуста мамлекетти башкарууда. Украинадагы башкы окуялар ошентип таза аскердиктен нагыз саясий маселелерге карай оошууда.

 Ар кандай эле ɵлкɵдɵ мамлекеттик бийлик оромпой тепкендей оюнчук эмес экени белгилʏʏ. Узун-туурасынан бɵлʏнʏп-бʏлʏнʏп жаткан Украина антикиевдик ар кандай кутумдардын астанасында турат. Башканы кой, батыштык басма сɵздɵ да: “Деги, Украинада бийлик кимге таандык ɵзʏ?” деп собол салгандар кɵбɵйдʏ. Зеленскийди батыш колдоп турганы аздык кылат. Ал ириде ɵлкɵ ичиндеги колдоого аябай муктаж. Венесуэланын  болбой калган президенти Хуан Гуайдо бʏтʏндɵй батыш ɵлкɵлɵрʏндɵ фаворит болуп чыга келгени менен Венесуэланын ичинде аны баары жек кɵргɵндʏктɵн, кайда жоголгону белгисиз бойдон калды. Айрым байкоочулардын пикиринде Зеленский качан кетет деген кеп азыр Украинада башкы суроолордон болууда. Бул жакта туруп алып андай суроого жооп берʏʏ оңой оокат эмес. Бийликке келʏʏнʏ же бийликти алууну каалагандарга гана белгилʏʏ десе болот. Андайлардын кɵргɵзмɵсʏ Украинанын ичинде эми башталууда. Киевдик баягы пропагандист Арестович  (ал Россияда экстремисттик ишмердикке жана терроризмге байланышы бар деп катталган)  ɵлкɵ  президенти болууга куштар экендигин программасы менен кошо ютубка жарыялап салды. Бир аз мурда эле Зеленскийге баш-оту менен кызмат кылган Арестович эми Зеленскийдин саясатын кɵзгɵ жаш алганча сындаса, жанында чыдап тура албайсың дешет талдоочулар. Арестовичтин пикиринде, Зеленский улуттук азчылыкты кысымга алып жатыптыр. Ɵзʏ  орус тилдʏʏ еврейлердин улуттук азчылыгынын ɵкʏлʏ боло туруп кимдир-бирɵɵлɵрдʏ кысымга алууга анын кандай укугу бар деп таңданат Арестович. Украиндерге  Москва менен тынчтык келишимин тʏзʏʏ жагдайында сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏ ʏчʏн тʏзʏлгɵн субьектини жакында жарыялоо ыктымалдуулугу бар дешет байкоочулар. Андай субьект катары  “Улутту сактап калуу комитети” тʏзʏлʏп, ага ВСУнун башкы колбашчысы Залужныйды, пропагандист Арестовичти, ɵрмɵ чачтуу  Юлия Тимошенкону, Киев мэри, кызыл тилдʏʏ Виталий Кличкону жана депутат Безуглаяны киргизип жʏрʏшɵт.

Сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏгɵ расмий укук алганга мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар деп саналган ушундай субьект  пайда болуп  калса, анда ал  ВСУ жана украин бийлигинин толук капитуляцияланышы жɵнʏндɵ гана сɵз кыла алгандан башка жол жок деп болжошот орус аналитиктери. Кеп мында орустун башкы штабынын эле позициясында эмес, мындай конфликттерди бʏтʏрʏʏнʏн дʏйнɵлʏк практикасында жатат.

“БАТЫШ “БРУСИЛОВДУК ЖАРЫП ƟТYYНY”  КYТYYДƟБY?

 Россиянын Украинада ɵткɵрʏп жаткан атайын аскердик операциясындагы согуштук кырдаал Россиянын пайдасына оогон сайын батыштын ага берʏʏсʏнʏн мʏнɵзʏ да улам ɵзгɵрʏп жатканы сезилет.

АКШнын Европадагы кʏчтɵрʏнʏн башчысы генерал Кристофер Каволи орус-украин тирешинин эки жылдык жыйынтыгын чыгарып жатып: “акыркы жылда орус аскерлери согуш майданына тактикалык жактан да адаптацияланууга сабак алууга  жɵндɵмдʏʏ экендиктерин кɵрсɵтʏштʏ” деп белгиледи. Отставкага чыккандан кийин аскердик-саясий аналитика менен алпурушууга ɵткɵн полковник Лоуренс Уилкерсон мынтип эскертет: “Украинаны колдоо жагынан биз анын ачыктан ачык жеңилʏʏсʏн  канчалык узак кʏтʏп олтура берсек, Украинадан Зеленский олтурган жайдан бɵлɵк эч нерсе калбаган ыктымалдуулукка дал ошончо тейде туш болобуз”.

Америкалык жана Европалык басма сɵздɵ “Одессаны алуу” жагдайында акыл калчоо барган сайын кʏчɵп жатат. Батыштын аскердик эксперттери мындай окуянын болуп кетʏʏ ыктымалдуулугун жокко чыгарышпай,  бул нерсе конфликттин жʏрʏшʏнɵ ɵтɵ кʏчтʏʏ таасир этмек” деп белгилешет. Илон Маск да ушундай пикирди айтат. Оксфорд университетинин студенттеринин алдында сʏйлɵгɵн сɵзʏндɵ еввропа дипломатиясынын  башчысы Жозеп Борел мындайча белгиледи: “Украинадагы согушту кантип токтотууну мен билем. Муну эки аптада ишке ашырууга болот. Курал-жарак берʏʏнʏ токтотуу керек”.

 Жакында эле  Коргонууну изилдɵɵнʏн британдык бириккен  институтунун сайтына америкалык отставкадагы полковник Алекс Вершининдин “Согуштун алсыратуучу искусствосу: россиянын Украинадагы согушунун сабактары” аттуу макаласы жарыяланды. Полковниктин пикиринде азыр Россия Украинада алсыздандыруучу согушту жʏргʏзʏʏдɵ. Азыркы бардык шарт-кырдаалды эсепке алганда Россия ʏчʏн чабуул жасоонун бардык шарттары тʏзʏлʏп бʏттʏ. Алекс Вершининдин эсебинде азыр ал чабуул 1916-жылкы  Брусиловдук жарып ɵтʏʏнʏн мисалында болууга тийиш. Анда орус генералы Алексей Брусилов позициялык фронтту жарып ɵтʏʏнʏн мурда белгисиз, бир эле мезгилде бʏткʏл армиянын чабуулу деген тʏшʏнʏктʏ ичине камтыган формасын колдонгон. Башкы сокку тɵрт армиянын бирɵɵсʏнʏн  тилкесинен урулмак. Бирок, даярдык тɵрт армиянын тең тилкесинде жʏргʏзʏлгɵн. Жазгыруунун негизги идеясы душманды  орус чабуулун фронттун бардык тилкесинен кʏтʏʏгɵ аргасыз кылуу эле. Кеңири фронт менен чабуулга ɵтʏʏ  жана душманга резервдик кʏчтʏ топтоштурууга мʏмкʏчʏлʏк бербɵɵ жолу менен орус армиясы аларды толук талкалап таштаган. Акыбетинде 1916-жылдын 22-майынан  31-июлуна чейин Австро-Венгрия 1,2 миллион солдатынан айрылып, анын 417 миңи туткунга алынган. Германиянын жоготуусу 350 миңден ашып кеткен.

 ЯДРОЛУК МАШЫГУУ – АКЫРКЫДАН МУРУНКУ ЭСКЕРТYY

Россиянын Коргоо министрлиги жакынкы аралыкта Тʏштʏк аскер округунда тактикалык ядролук кʏчтɵрдʏ машыгуудан ɵткɵрʏʏнʏ пландаштырып жатышканын расмий билдирди. Дʏйнɵнʏ ядролук согуштун башталып кетʏʏ дʏрбɵлɵңʏнɵ салып жаткан бул машыгууну Москва батыштагы айрым алабарман саясатчылардын аңды-дɵңдʏ карабай айтып салган билдирʏʏлɵрʏнɵ  карата берилген жооп катары чечмелɵɵдɵ. Саясат саясаты менен боло берсин, бирок ал ойду-келди  калжырай бергенди  дурус деп эсептелбейт. Ошол себептен жакында  Россия Тышкы иштер министрлигине Британия менен Франциянын элчилери чакырылды. Бирɵɵсʏнɵ алардын тышкы иштер министри Камэрондун  британиялык ракеталар менен Россиянын аймагына сокку урулуусуна каршы эмесмин деген билдирʏʏсʏнʏн туура эместиги, себеби андай болгондо Россия да британиялык аскердик обьектилерге жана Украина жана  анын аймагынан сырткары жайдагы кʏчтɵрʏнɵ жооп сокку урууга мажбур болору, ал эми француз элчисине кыйладан бери талкууланып жаткан маселе-француз аскерлерин Украинага жɵнɵтʏʏ жагдайында билдирʏʏ  берилип, бул иш француз аскерлерин жок кылуу гана эмес, балким Франциянын аймагына да сокку уруулар менен аяктоосу ыктымал экендиги эскертилди. Ага кошумча украин армиясына Ф-16 истребителдерин берʏʏ Россия тараптан ыктымалдуу ядролук  куралды  алып жʏрʏʏчʏлɵрдʏ берʏʏ катары тʏшʏнʏлɵɵрʏ да айтылды.

Эске сала кетсек, бир катар маалыматтарга караганда, Россиянын жаңы, кайра куруудан ɵткɵрʏлгɵн ядролук куралдарынын кɵлɵмʏ 8 миң дʏрмɵттɵн ашары, бул жагынан дʏйнɵнʏн калган ɵлкɵлɵрʏнʏкʏн  мындан кошкондогу кɵлɵмдɵн да кɵптʏк кыларын мындан он жыл илгери эле америкалыктар эсептеп чыгышкан.

Абдираим Мамытов