8 сентября, 2024

Спорт жылдыздары

Ар бир спорттун ɵзʏнɵ тиешелʏʏ эрежелери жана философиясы бар. Негизгиси баланы кɵчɵдɵн сууруп алып, жаман адаттардан алыс кылат. Ошондуктан спортко кызыккан балага колдоо, туура кеп-кеңеш берʏʏ абадай зарыл. Ош облусундагы спорттун абалын талкуулап, ийгилик жараткан акыркы спорт жылдыздары менен маектешкенбиз.

Мунарбек Сейитбек уулу, Парижде ɵтʏʏчʏ 33-жайкы олимпиада оюндарына жолдомонун ээси:

“Олимпиадага жолдомо уткандагы сезимдерди сɵз менен жеткирʏʏ кыйын”

Каарман тууралуу:

Мунарбек Сейитбек уулу Парижде ɵтʏʏчʏ 33-жайкы олимпиада оюндарына жолдомонун ээси. 1996-жылы 1-январда Ош шаарында тɵрɵлгɵн. Тɵрт бир туугандын ʏчʏнчʏсʏ. Ош шаарындагы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясында 11-классты аяктап, Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене-тарбия факультетинде машыктыруучулук адистиги боюнча билим алган.

“8 жашыман бери бокс менен машыгам”

-Спортко бала кезимден эле аралаштым. Олимпиадага жолдомо утуп алгандагы сезимдерди сɵз менен жеткирʏʏ кыйын. Албетте, кубандык. Бир чети бул чоң жоопкерчилик. Буюрса, алдыдагы машыгууларды ɵткɵрʏп, олимпиадага мыкты даярдык менен баруу азыркы негизги максатым. Ата-энеме, жакындарыма, мени тарбиялап, спортто туура жол кɵрсɵтʏп, ушул деңгээлге алып келген машыктыруучум Беганас Султанбаев агайыма терең ыраазычылыгымды билдирем.

Беганас Султанбаев, Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун мыктысы.

-Окуучуңуз Мунарбектин ийгилиги тууралуу айтсаңыз, Бангоктогу чемпионатка канча мушкер катышты?

-Мунарбек бул ийгиликтерге жетʏʏгɵ аябай чоң кʏч, мээнет, убактысын жумшады. Даярдыктарды Казакстандын, Ɵзбекстандын жана Япония улуттук курама командалары менен чогуу жʏргʏзʏп, окуу-машыгуу жыйынында болдук. Акыркы этаптагы даярдыкты Ош шаарында ɵткɵрʏп, 21-май кʏнʏ Таиландка учуп кеткен элек. Олимпиадага жолдомо берилʏʏчʏ чемпионатка дʏйнɵнʏн 137 ɵлкɵсʏнɵн келген 563 мушкер ат салышышты. Сейитбек уулу Мунарбектин салмагында (57 кг) дʏйнɵнʏн эң мыкты делген 63 мушкери кʏч сынашты. Окуучум Мунарбек жалпы 6 таймаш ɵткɵрʏп, 5 таймашын Кудай насип кылып утуп чыкты.

-Парижге кеткенге чейинки даярдыктар кайсы жакта ɵткɵрʏлɵт?

-Олимпиадага чейинки даярдыктардын биринчи баскычын Ош шаарында ɵткɵрɵбʏз. Экинчи баскычы Ысык-Кɵлдʏн жээгинде болот. Акыркы этабы Казакстанда эл аралык окуу-машыгуу жыйынында ɵткɵрʏлɵт.

Мыктыбек Оролбай уулу, мушкер:

“UFСге чыгып, кыргыздын желегин желбиретʏʏ максатым ишке ашты”

Каарман тууралуу:

Эрежесиз эр уруш боюнча UFСнин чемпиону. 1998-жылы 10-февралда Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында тɵрɵлгɵн. Беш бир туугандын кичʏʏсʏ. №104 Сайитбек Нышанбаев атындагы орто мектебинде билим алган. 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтуна тапшырып, соттук прокурордук факультетин аяктаган. Учурда Америка Кошмо Штаттарында эрежесиз эр уруш боюнча машыгып келет. UFС уюмунун официалдуу мушкери. 

“Агаларымын жолун жолдоп спортко бардым”

-Менден чоң эки агам буга чейин Москва шаарында спорт менен машыгып, мелдештерге катышып жʏрʏшкɵн. Аганы кɵрʏп ини ɵсɵт дегендей мен да спортко кызыгып, айылда ɵз алдымча чуркап, машыгып жʏрдʏм. 2016-жылы шаарга окууга келип, сабактан кийин “Улуу кыргыз” спорт клубуна бара баштагам. Окуу менен машыгууну тең алып кете алдым десем болот. Биринчи машыктыруучуларым “Улуу кыргыз” спорт клубунун жетекчиси Тынчтык Ɵмʏрзаков, анын жардамчы тренери Алтынбек Балтагулов. Бул агайларым менен беш жылдай чогуу машыгып, кɵптɵгɵн ийгиликтерге жетип, тажрыйба топтодум. Азыр Америкада Юрая Фейбвер деген легендарлуу тренердин колунда ʏч жылдан бери машыгып жатам. Бокс боюнча Жой Родригез аттуу тренер менен машыгууларды жʏргʏзɵбʏз.

“UFСде эки беттеш ɵткɵрдʏм”

-MMA(Mixed Martial Arts – аралаш мушташ ɵнɵрʏ) коммерциялык  болгондуктан мамлекет тарабынан эч кандай колдоо кɵрсɵтʏлбɵйт. Ɵзʏбʏз аракет кылып, каражат таап мелдештерге барабыз. Профессионалдык беттештерди алгач ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵдɵ, андан кийин Казакстан, Россия жана башка ɵлкɵлɵрдɵ ɵткɵрдʏм. 2021-жылы виза алып Америкага аттангам. Негизги максатым UFСге чыгып, кыргыздын желегин желбиретʏʏ болчу. Бирɵɵнʏн элинде жʏрʏʏ оңой эмес экен. Кыйынчылыктарга туш болдум, ошого карабай аягына чейин чыдап, азыркы ийгилигиме жете алдым десем жаңылбайм. Ɵткɵн жылы ноябрь айында UFСнин чоң турниринде алгачкы дебюттук мелдешимди ɵткɵргɵн элем. Быйыл экинчи беттешим 5-майда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында болуп ɵттʏ. Каршылашым бразилиялык Элвес Бренер аттуу кʏчтʏʏ мушкер болчу. Кудай насип кылган экен, 3:0 эсебинде калыстар жеңишти мен тарапка ыйгарышты. 

“Спортто тарбия маанилʏʏ”

-Мен ʏчʏн спортто эң биринчи тарбия маанилʏʏ. Ата-эненин тарбиясын алуу керек, андан кийин билим алып, чоң окуу жайды бʏтʏрʏп, чоң спортко аттансаң ийгилик жаралат. Ата-эненин тарбиясын албай, убагында билим албай туруп чоң спортко чыгуу кыйын. Буга чейин машыктыруучуларым ушул нерселерди кɵп кайталачу эле. Билим деп жатканымдын себеби спортто бир гана кʏчтʏ эмес, акылды кошо иштетʏʏ керек. Мен да бош убактымда кɵбʏнчɵ китеп окуганга аракет кылам. Тарыхый китептерди окуган жагат.

Атам Токтобаев Оралбай, апам Пирматова Кʏмʏшкан бизди ар дайым колдоп, жакшы тарбиясын берип чоңойтту. Атам ɵзʏ да спортко кызыккан адам. Мен шаарга келгенден кийин кʏнʏгɵ эрте менен чалып “уктап калбай, эрте туруп тренировка кыл” деп эскертип турар эле. Апам аябай мээнеткеч аял, жалкоо адамдарды жактырбайт. Айылда жʏргɵндɵ мен да апам сыяктуу жумуш кылгандан чарчабайт болчум. Ата-энемдеги улуу сапаттар менде да бар экенине сыймыктанам. Мени ушул деңгээлге жеткирген ата-энеме, бир туугандарыма, машыктыруучуларыма чексиз ыраазымын.

Айбек Камалов, Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы.

-Спорт мектептери жана тажрыйбалуу тренерлер жетиштʏʏ деп айтууга болобу?

-Бизде демɵɵрчʏлɵрдʏн же жергиликтʏʏ ɵзʏн-ɵзʏ башкаруу органдары тарабынан спорт залдары кɵп эле курулуп жатат, бирок, негизги кɵйгɵй кесипкɵй адистердин жетишсиздиги. Учурда Ош облусу боюнча 220нын тегерегинде машыктыруучу бар. Бул кɵрсɵткʏч ставкаларга карап ɵзгɵрʏп туруусу мʏмкʏн, кантсе да аз дегенди тʏшʏндʏрɵт. Ар бир райондо бирден спорт мекетеп иштейт. Мисалы, Кара-Суу районунда бир спорт мектеп, 38 машыктыруучу бар. 500 миңге жакын эл жашаган Кара-Суу району ʏчʏн бул аз. Машыктыруучулар  кɵбɵйгɵндɵ гана спорт менен туура машыккан балдар кɵбɵйɵт. Туура машыккан балдар спорттун деңгээлин кɵтɵрɵт деп ишенимдʏʏ айта алам. Спорт мектептерин жана тренерлерди кɵбɵйтʏʏ боюнча тийиштʏʏ тараптарга кат жолдоп жатабыз.

Олимпиаданын чемпиону болуу спортчунун эле эмес, мамлекеттин атын да жогорку деңгээлге алып чыгат. Ошондуктан олимпиадада конкуренция кʏчтʏʏ, ийгиликке жетʏʏ бир аз татаал. Демек балдарыбызга колдоо ɵтɵ маанилʏʏ. Мисалы, убагында тамактанып, убагында уктоо керек деген режимдерди бала ар дайым эле сактабашы мʏмкʏн. Ошондуктан ʏй-бʏлɵнʏн, жакындардын, достордун, машыктыруучу баары бир команда болуп иштесе гана ийгилик жаралат.

-Спортчулардын акыркы ийгиликтери тууралуу айта кетсеңиз?

-Дʏйнɵдɵ эрежесиз эр уруш боюнча кɵптɵгɵн уюмдар бар алардын сап башында UFС турат. Жогоруда айтканымдай спорттун бул олимпиадалык эмес тʏрʏнɵ кызыккан жаштар да арбын. Алардын ичинен Мыктыбек Оролбай уулу Кыргызстандан алгачкылардан болуп UFС менен контракт тʏзʏп, эки беттешин тең жеңиш менен аяктады. Ал эми олимпиадага лицензиялык жолдомолорду утуу боюнча бир топ спортчуларыбыз мелдештерди ɵткɵрдʏ. Жыйынтыктар азырынча жакшы. Парижде ɵтʏʏчʏ олимпиадага Ош шаарынан дзюдо, грек-рим, бокс боюнча спортчулар лицензия утуп алышкан. Белгилей кетсек Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Кыргызстандан олимпиада оюндарына лицензия уткан жалгыз мушкер.

Айжылдыз Тойчиева