8 сентября, 2024

Коррупциялык  көрүнүштөр мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде басымдуу болууда

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” Мыйзамынын так жана бирдей аткарылышы боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

2024-жылдын 4 айында жалпы 20 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 77 мыйзам бузуулар аныкталып, 69 мыйзам бузуучулук четтелип, ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүү жөнүндө 17 сунуш, 3 талап келтирилген. 4 кызмат адамдарына карата укук бузуу өндүрүш иши козголуп негизинен кароо үчүн сотко материалдар жиберилип, 12 кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 1 055 043 сом акча каражаты мамлекетке акчалай түрдө өндүрүлүп, 2 кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү мыйзамдардын бузулуусу көп жайылган тармак катары саналууда жана алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде орун алууда.

Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги жана  бирден бир маанилүү, приоритеттүү багыттарынын катарын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө милдети кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы аракеттенүү саясатын аткаруу менен коомчулукта коррупцияга жек көрүүчүлүк мамилени түзүү максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузууларды болтурбоо практикасын, мыйзамдуулукту пропагандалоо жана укуктук ан-сезимди жогорулатуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылууда.

Кайсы бир жаран коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, анда токтоосуз түрдө   Ош шаарынын прокуратурасынын 7-05-18 жана 7-05-20 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырабыз. Мындай маалыматтарды берген жарандардын өздүгү сыр боюнча сакталат.

Ош шаарынын прокуратурасынын  бөлүмүнүн улук прокурору С.Жунусов