• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Бала бакчада 5 жылдан көп жетекчи болгондор кызматынан бошотулат

Автор:Osh Shamy

Май 29, 2024

Эми мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчада беш же андан көп жыл иштеген жетекчилер кызматтан алынып, директорду тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт. Мындай токтом 28-майдагы Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, минкаб мүчөлөрүнүн кароосуна «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» токтомунун долбоору сунушталып, бир добуштан колдоого ээ болгон.

Ага ылайык, бул токтом күчүнө киргенден тартып, бакчада беш же андан көп жыл жетекчи болгондор ээлген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелинет. 

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *