18 октября, 2024

Бʏгʏнкʏ тандооң – эртеңки келечегиң

Кɵпчʏлʏк окуучулар мектепти аяктоо алдында кайсы кесипке барарын билбей ойлонуп калышат. Заманга жараша айрымдары ойлонбостон курска эле окуп иштеп кетем деген чечимде болушат. Негизи ар бир адам кесип тандоодо кылдаттык менен ойлонуусу зарыл. Кесип тандоодо шашып, ɵздɵрʏнɵ жакпаган адистикти тандап алгандар да кездешет. Бул кесип тандоодогу эң чоң ката. Кесипке багыттоо тууралуу бир канча адистердин кеп- кеңеши сиздерди кайдыгер калтырбайт.

Полот Тувашев, Оштогу айыл чарба техникумунун директору:

“Агрономия, ветеринария, механизация жана электрификация адистери ɵлкɵбʏзгɵ керек”

-Азыркы убакта кɵпчʏлʏк жаштарыбыз дароо акчалуу болууга, кымбат унааларды айдоого ашыгышат. Ошондуктан чет ɵлкɵгɵ чыгып иштеп, кɵбʏрɵɵк акча табууга умтулушууда. Ал эми билим алып, келечегин тʏптɵп алууну экинчи планга коюшкандай. Чет жакка барып, ал жакка кɵнʏп калган жаштарды “бул жерге келип кетмен чап!” десең эмне дээрин жакшы билебиз. Ошондуктан ɵлкɵбʏздʏн айыл-чарба тармагында, айрыкча мал-чарбачылыгында, талаачылыкта жер иштетʏʏдɵ адистердин жетишпестик кɵйгɵйʏ пайда болот.

Биздин ɵлкɵ агрардык ɵлкɵлɵрдʏн катарына кирет. Башка мамлекеттердей дʏркʏрɵгɵн завод-фабрикалар кɵп болбосо да, калктын басымдуу бɵлʏгʏ мал чарбачылыгы, дыйканчылык жана багбанчылык менен алектенишет. Демек, агрономия, ветеринария, механизация жана электрификация адистиктери боюнча билим алган кесипкɵйлɵр ɵлкɵбʏз ʏчʏн да керек. Мисалы, азыр шаар-айыл дебей кайсы жерге барба баарында курулуш. Электрификация адистигин бʏткɵндɵр курулуп жаткан ʏйʏнɵ ɵз салымын кошсо эмнеге болбосун?

Ал эми ветеринария адистигине ээ болсо, тɵрт тʏлʏк малдын гана эмес, элдин ден соолугун чыңдоого зор ɵбɵлгɵ тʏзɵ алат. Анткени медицина адамдын ден соолугун, ал эми ветеринария адамзатты дарылайт. Башкача айтканда, элдин таза эт, таза сʏт менен камсыз болуусуна шарт тʏзɵт.

Баарыбызга белгилʏʏ болгондой бак эккендер кɵбɵйдʏ. Багбанчылык, жашылча ɵстʏрʏʏ кирешелʏʏ тармакка айланды. Мɵмɵ-жемиш, жашылчаларды сапаттуу ɵстʏрʏʏдɵ, кирешелʏʏ тармакка багыттоодо агрономдордун салымы зор. Дени сак эл мамлекеттин эң чоң байлыгы, демек мамлекеттин ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн да агрономдук кесип чоң салым боло алат.

“Студенттер чет жактан тажрыйба топтоп келишʏʏдɵ”

-Чет ɵлкɵгɵ студенттерди иштеткени гана жɵнɵтпɵстɵн, тажрыйбасын ʏйрɵнʏп келʏʏгɵ багытташ керек деп ойлойм. Ушул максатта биздин окуу жай Германия ɵлкɵсʏнʏн фермерлери менен келишим тʏзгɵн. Бул жактан студенттерге немис, англис тилдери окутулуп, Германияга 3 айлык мɵɵнɵт менен практикага жɵнɵтʏлɵт. Практика мезгилинде ал жактагы жаңы технологиялар менен таанышып, ʏйрɵнʏп клишʏʏдɵ. Германияда калып иштеп жаткандары да бар. Айрыкча кулпунайды ɵстʏрʏʏ боюнча тажрыйба топтоп, ɵлкɵбʏздʏ кирешелʏʏ тармакка айландырып жаткан бʏтʏрʏʏчʏлɵр бар экендиги бизди кубандырат.

“Дипломду иштетпесе пайдасы эмне?”

-Айрым жаштар “жɵн эле диплом алып коеюн, келечекте керек болот” деп ойлошот. Ушул пикир чоң катачылык. Университетти бʏткʏчɵ контракттык тɵлɵм деген бар. Тɵрт жылдыкты эсептесең аябай эле кɵп сумма кеткен болот. Ошентип окууну бʏттʏ дейли, дипломду да алды, бирок аны иштетпесе, ошол тармакта тажрыйба топтобосо пайдасы эмне. Келечек ʏчʏн азыртан аракет кылуу керек. Кызыккан кесибине тапшырып, сабактарды калтырбай окуп, терең билим алып бʏткɵн соң адистиги боюнча иштесе кандай гана чоң жетишкендик болор эле.

Ош облустук маалымат борборунун башкы бухгалтери Гʏлнара Турдубаева

“Бухгалтерлик ар дайым керектʏʏ кесип”

-Мен кесибим боюнча бухгалтер- аудитмин. Бухгалтер болуп 1985-жылдан бери иштейм. Ата кесибин уладым десем дагы болот. Анткени атам дагы бухгалтер болгон. Мурун бухгалтер болуп иштеп жʏргɵндɵ бардык нерсени колго жазчу элек.  Жʏгʏрʏп жʏрʏп жетишпей да калар элек. Ар бир отчетту кезекке туруп ɵз жерине тапшырчубуз. Азыр санариптештирʏʏ болуп, интернет аркылуу иштеп калганыгыбыз ʏчʏн интернеттен эле мынча акча керек деп заявка кетиребиз. Баарын олтурган жерибизден жасап, бизге деле оңой болду. Мурун балдарды уктатып коюп тʏнʏ менен колдо жазып бʏтʏрчʏ элек. Азыр болсо заман ɵнʏктʏ, отуруп эле баарын компьютер менен бʏтʏрʏп коюп жатабыз.

“Билими жок туруп “мен билем” дегендерге кошулбайм”

-Окусаң ошого жараша иштейсин. Ар бир кесипти тереңден изилдеш керек. Азыр кɵпчʏлʏгʏ кесиптерди курска айландырып бара жатышат. Бир чети бул деле жакшы, убакытты созбой ʏйрɵнɵ турган нерсесин бат эле билип алат. Бирок мындай курстарда билимдин негизи фокусун гана кɵрсɵтʏп коюп майдалап окутушпайт. Азыркы жаштар баарына шашылышат. Курстан окуп келишеби, окуу жайданбы айтор, ишке келээри менен эле айлыкты сурашат. Биз антип сурачу эмеспиз. 35-40 жыл иштеп аз айлык менен пенсияга чыккандар деле бар. Айлыгыбыз аз болсо дагы берекелʏʏ болор эле. Бир жагынан алып караганда адамдын ɵзʏнɵн дагы болот. Ар бир нерсени алып кетиш анын шыгына байланыштуу жʏрɵт. Эгер ʏйрɵнɵ турган нерсесине шыгы кʏч болсо курс менен деле баарын алып кетсе болот. Шыгы жок болсо, курс эмес, чоң окуу жайды окуса деле эч нерсени алып кете албайт.

“Ар бир баланын каалоосу аткарылышы керек”

-Билимди алуу ʏчʏн кызыккан кесибине барса, ошонун ʏзʏрʏн кɵрɵт. Эгер барган кесибине кызыкпаса, ата-энеси доктур же мугалим болосуң деп тапшыртып койсо, кызыкпагандыктан иштебей таштап салгандары деле болот. Ар бир бала, ар бир адам ɵзʏнʏн каалоосун аткарышы керек. Кызыккан кесибинин ээси болушу шарт. Бухгалтерлик ар качан керектʏʏ кесип. Жумушсуз отуруп калган эсепчи жокко эсе.

Болотбек Жоробеков, ОшТУнун авто транспорт жана тейлɵɵ факультетинин деканы:

“Ɵлкɵбʏзгɵ тоо-кен, энергетика, автомобиль куруу адистери зарыл”

-Бʏтʏрʏʏчʏлɵргɵ биздин ɵлкɵнʏн шартында кɵбʏрɵɵк мʏмкʏнчʏлʏктʏ берген кесиптер катары айыл-чарба, курулуш багытынан сырткары жаратылыштагы баалуу кен байлыктарды иштетʏʏ, энергетика тармагын айтсак болот. Ошондой эле Кыргызстан тоолуу аймак болгон ʏчʏн жʏргʏнчʏлɵрдʏ жана жʏктɵрдʏ ташуу автомобилдик транспорттор менен тыгыз байланышкан. Ɵлкɵбʏздɵ тоолор гана эмес, суулар, дарыялар дагы кɵп, ошондуктан аталган табигый тʏзʏлʏшʏбʏзгɵ жараша адистерди даярдаганга аракет кылабыз. Азыркы эл аралык билим берʏʏ талабына ылайык бакалаврлардан, адистиктерден сырткары магистрлерди, андан ары илимдин кандидаттарын дагы даярдап жатабыз. Бир канча Европа мамлекеттеринин долбоорлоруна катышып, дың жерлерди ɵздɵштʏрʏп, дарыялардын, каналдардын деңгээлинен 25-30 метрге чейин жогору алып чыккан насос ойлоп таптык. Мурда чаркпелек ɵзʏнʏн деңгээлине жараша 1 метрге чейин гана сууну алып чыгат эмес беле. Ойлоп тапкан насос боюнча патентке бергенбиз, учурда каралып жатат.

“Кесип тандоодон мурда университеттер менен таанышуу керек”

-Мектепти бʏткɵн абитуриенттер кесип тандоодо оор акыбалга туш болушат. Биз деле жаш болгонбуз. Окууларга, ата-энелерге кеңешим кесип тандоодон мурда университеттин босогосун аттап, ал жердеги жасалып жаткан иштер менен таанышып чыгуусу керек. Агай-эжекелер да бир аз багыт берип, баланы ɵмʏр бою алып кете ала турган, татыктуу кесипке багыттоо зарыл. Кыргызстандын келечеги техникага жана экономикага байланыштуу. Ɵлкɵбʏздʏ ɵнʏктʏрʏп, завод-фабрикаларды ишке киргизсек, элдин жашоосу дагы жакшырып, балким миграция маселеси да чечилмек.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы