8 сентября, 2024

Жума намаздын шылтоосу менен сабакты калтырууга болобу?

Кɵпчʏлʏк мугалимдер жума кʏндɵрʏ окуучу же студент эркек балдарды тʏшкʏ сабак учурунда таппай каларын айтып келишет. Окуу процесси бʏткɵнчɵ баланын жоопкерчилиги мугалимде экени баарыбызга маалым. Ал эми “бʏгʏн жума, тигил же бул жер иштебейт” деген сɵз коомдо баарына тааныш. Дегеле жума намаз убакытсында сабакты же жумушту таштап кетʏʏгɵ болобу? Дин ɵкʏлдɵрʏнʏн, билим берʏʏ башкармалыгынын жана айыл аксакалдарынын пикирин сунуштайбыз.

Куламназар Эргешов, Отуз-Адыр айыл аймагынын аксакалы.

“Сабакты, жумушту таштап кетип калуу жоопкерчиликсиздик”

-Дин тутуу эркиндиги бар. Бирок, окуу, жумуш, айрыкча мамлекеттик кызмат чоң жоопкерчилик болуп эсептелет. Ошондуктан сабак учурунда сабакты, жумуш учурунда жумушту таштап кетʏʏ бул жоопкерчиликсиздик. Союз убагында тартип аябай кʏчтʏʏ болгондуктан кызматкерлер уруксатсыз ишин таштап кете алган эмес. Мектепте мугалимдерден аябай коркчубуз, келтек жесек да ата-энеге айтуу деген жок. Эгер айтып барсаң “ɵзʏң бир нерсе кылсаң керек, мугалим жɵндɵн-жɵн урушпайт” деген жоопту угарың белгилʏʏ эле. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ акыркы убакта коомдо кайдыгерлик мамиле кʏчɵп бараткандай. Бул бардык тармакка, анын ичинде билим берʏʏ системасында, кадр тандоо саясатындагы мʏчʏлʏштʏктɵргɵ да себеп болууда.

“Ыйман – кудайдан, эненин сʏтʏ менен, ата-эненин тарбиясы менен берилет”

-Молдокелерибиздин айтымында мечитке, жума намаздарга калбай барсаң жыйырма эсе сооп аласың, Меккеге барсаң андан да кɵп сооп болот. Жеке пикирим боюнча, сооп деген адам баласына, элге кылган жакшылык. Соопту ушул жерде, элге кылган кызмат менен жыйноого да болот. Айрыкча эл тейленген жерден ошончо адамды таштап коюп, жума намазга кетип калуудагы аракетти сооп деп айта албайм. Молдокелер “ыйман, ыйман” деп тынбай айтып келишет. Менимче адамдын жʏрɵгʏндɵгʏ ыйман мечитке барып, намаз окуу менен гана толукталып калбайт. Ыйман эненин сʏтʏ менен, ата-эненин тарбиясы менен берилет. Ата-эне ʏйдɵн “оку балам, мугалимди ук!” деп айтуусу керек. Мектеп балага фундамент. Жоопкерчиликти сезе билгенге, сабакты калтырбай билим алууга багыттасак, бала ошол мамилесин, тажрыйбасын университетте, андан ары жумушта, турмушунда пайдаланат.

Абдыкалык Акжолов, Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башкы адиси.

“Окуу процессин бузганга эч кимдин акысы жок”

-Эч бир ɵспʏрʏм, окуучу сабактан бейуруксат, ата-эненин макулдугусуз сабакты таштап, башка жакка кетʏʏгɵ укугу жок. Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин 2024-жылдын 8-майында №708/1 буйругу чыккан. Ага ылайык “Балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынсын делет”, кандай гана иш-чара болбосун мектептин короосунун ичинде ɵткɵрʏлʏшʏ керек. Талап боюнча акыркы мезгилдерде, балдардын коопсуздугу негизги маселеге айланды, ошондуктан аларды бейжооп эч ким алып кете албайт. Намаз окуган балдар намазын окуй берсин, бирок, сабак учурунда сабакты таштап жума намаздарга кетʏʏгɵ мʏмкʏн эмес. Бул ата-энелердин укук-милдеттеринде да кɵрсɵтʏлгɵн. Андан сырткары мектептеги окуу процесси мектепте гана уланып, сабактар бʏткɵндɵн кийин бала ийримдерге катышса, ата-эне менен ошол мугалимдин же билим берʏʏчʏ тараптын ортосунда келишим болуусу зарыл. Мында негизги маселе баланын коопсуздугу. Коомдо ар кандай кооптуу кырдаалдар болушу мʏмкʏн. Аягы келип эле мугалимди кʏнɵɵлʏʏгɵ чыгарып коюшууда. Ошондуктан окуу процессин бузганга эч кимдин акысы жок.

Иманбек Азизилла уулу, дин таануучу.

“Жума намазга тыюу салуу — светтик тутумдагы ɵлкɵнʏн проиоритетине туура келбейт”

-Шарият жагынан алып караганда, жума намазы балакатка жеткен, ден соолугу жакшы, эркин, жолоочу болбогон жана акыл-эси жайындагы эркектерге парз экени маалым. Жуманы себепсиз таштоо чоң кʏнɵɵлɵрдɵн экени пайгамбарыбыз (с.а.в.) тарабынан бир нече хадистер аркылуу бышыкталган. Эгерде кимдир-бирɵɵ кɵргɵн аракетине, чараларына, ниетине карабай жума намазына бара албаса, бул себептʏʏ болот да, ошол кʏнʏ бешим окуп алса болот. Бул албетте, убактылуу чечим. Жума намазын такай таштап салуу диний жактан мʏмкʏн эмес. Анда кандай чараларды кɵрʏш керек?! Ɵлкɵ жарандарынын 90 пайызы мусулмандар. Азыр биздин мамлекетибиз дин эркиндигин камсыздоо жагынан дʏйнɵнʏн кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрʏнɵ модель боло ала турган даражада. Ошого карабай, кайсы бир чɵйрɵлɵрдɵ кээ бир адамдар тарабынан жарандардын диний ибадат кылуу укугу атайын чектелип жатса, анда бул жерде маселе бар. Эгерде жагдайлар табигый болсо, анда тараптар консенсуска келсе болот. Мисалы, студенттер саат 11:30 дан 15:00 гɵ чейин “жумага кеттик” деген шылтоо менен сабакты калтыруусу такыр туура эмес. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинин атайын буйругу менен жума баяндар саат 13:00 дɵн 13:30 га чейин, ал эми намаз эң кеч 14:00 гɵ чейин бʏткɵрʏлɵт деп бекитилген. Студенттер 13:30 дан 14:00 гɵ чейин намазда болушу мʏмкʏн. Эгер абдан шашылыш болсо, жок дегенде парз намазын окуп алса да болот, бул 5 эле мʏнɵт. Ошонун катарында окутуучулар да консенсуска келип, жума кʏндɵрʏ тʏшʏнʏктʏʏлʏк кылса же чоң переменаны ɵз ара макулдашып 13:30 дан 14:00 гɵ чейин жылдырса болсо керек. Айтайын дегеним, азыркы тапта ɵлкɵбʏздɵ дин маданияты ɵнʏгʏп, толеранттуулук калыптанып жаткан маалда студенттер жумага барбасын деп тыюу салуу светтик тутумдагы ɵлкɵнʏн проиоритетине туура келбейт. Демек жума намазын кɵйгɵй кылбай, ɵз ара тʏшʏнʏʏчʏлʏк жолу менен чечкен туура.  

“Мекеме шарт тʏзсɵ, жумушчулардын диний тутумуна да сый болот”

-Эгерде кызматкердин жумушу ɵтɵ маанилʏʏ болуп, аны таштоого мʏмкʏн болбосо, анда ошол жерде эле бешим намазын окуп алса болот. Анда да жуманы биротоло таштап салбашы керек. Жумушчулар нɵɵмɵт менен калып, кезек тегеренип турганы жакшыдыр. Бешимдин убагы болсо кʏн так тɵбɵдɵн оогондон тарта дигер убактысына чейин. Ушул аралыкта бешим ʏчʏн 10 мʏнɵт бɵлʏʏ кɵйгɵй эмес. Мисалы, тʏшкʏ тамактанууга сааттап отуруп, бирок намаз ʏчʏн 10 мʏнɵт бɵлɵ албоо туура болбой калат. Ошондуктан иш сапаттуу жʏрʏшʏ ʏчʏн мекеме жетекчилери менеджер болуп, даарат алууга жана намаз окууга шарт тʏзʏп койсо, иш да алдыга жыла берет, жумушчулардын диний тутумуна да сый болот. Кɵзʏ жеткендер бул маселени эбак жолго койгон. Анан кайсы бир мекеме жетекчиси жума жана бешим намаздарын окууга тыюу салса эле дʏркʏрɵп ɵнʏгʏп кетпейт да. Тескерисинче, кызматкерлер моралдык жактан чɵгʏп, иштин ыргагы бузулат, берекеси качат. Экинчи жагынан, шарият боюнча иш берʏʏчʏ кызматчынын намаз окуусуна тыюу салса, анын башка ишке ɵтʏʏсʏ буюрулат.   

Жума намазга барганын стористер аркылуу такай жарыялоо эл кɵрсʏн ʏчʏнбʏ?

-Негизи “эл кɵрсʏндɵн” качкан жакшы. Бирок азыр адамдар баскан-турганын сʏрɵткɵ тартып, ошондон ырахат алып калбадыбы. Эгер ибадаты кудай ʏчʏн гана болсо, бирок намазга чейин же кийин сʏрɵткɵ же видеого тартса, анда маселе деле жок деп ойлойм. Ал балким мечитти фон алып жаткандыр. Балким эстелик ʏчʏн же ʏй-бʏлɵсʏнɵ жɵнɵтɵттʏр. Балким, сʏрɵттɵн башкалар ʏлгʏ, таасир алып калар. Негизгиси намаз окуп жатып сельфи кылбаса болду.

Айжылдыз Тойчиева