8 сентября, 2024

Безгектен сактана бил!

Безгек – анофелес чиркейинин чагуусу аркылуу оорулуу адамдан соо адамга жугуучу мите (паразитардык) дʏйнɵдɵгʏ коркунучтуу оорулардын бири. Чиркейдин дʏйнɵдɵ 150, биздин республикада 7-8 тʏрʏ жашайт.Негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бул чиркейлердин бардык тʏрлɵрʏ кездешет. Чиркейлер кɵбʏнчɵ таза, тунук кɵлмɵлɵрдɵ, жай аккан дарыяларда,сайларда, саздак жерлерде жашашат. Жайында чиркейлер жылуу жана нымдуу жабык жерлерде, адам жашаган ʏйдʏн дубалдарында, шыптарында, терезелерде, караңгы жерлерде, жер тɵлɵлɵрдɵ кездешет. Алардын 72 тʏрдʏʏ сезгич рецепторлору бар. Чиркейлер жарыктан коркот, себеби кɵрбɵй учалбай калышат. Алар саатына 3,2 км чейин уча алышат.

Анофелес-тʏркʏмʏндɵгʏ чиркей дʏйнɵдɵгʏ эң коркунучтуу тʏрʏ, бул чиркей безгек (малярия) оорусун жугузуучу.

Безгек- калтыратма дарт

Дʏйнɵ жʏзʏндɵ жыл сайын бул оору менен ооруган адамдар ɵздɵрʏнʏн ɵмʏрʏ менен кош айтышат. Безгек оорусу биздин ɵлкɵбʏз ʏчʏн да коркунуч туудурат. Себеби Кыргызстандын аймагында ар кандай кɵлдɵр,  суу сактагычтар, булактар, сайлар,  саздак жерлер, кʏрʏч эгилген аянттар абдан кɵп. Кʏрʏч эгилген аймактарда чиркейлердин бардык тʏрлɵрʏ табылган.

Аба ырайынын жылуу болушу, айланабызда кɵлмɵлɵрдʏн кɵптʏгʏ  жана таштандылардын калк жашаган жерлерге жакын тɵгʏлʏшʏ безгектин кɵбɵйʏшʏнɵ ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Жашаган жерибизге жабык мал короолорду куруп, мал кармасак да жакшы болот, анткени чиркейлер короодогу малдардын канын соруу менен алектенип адамдарга анча жолобой калат.

Жугуу жолдору

Безгек оорулуу  адамдан дени сак адамга чиркейлердин чагуусу аркылуу жугат. Адамга оору жуккандан кийинки эки жума инкубациялык мезгил болуп эсептелет. Инкубациялык мезгилде мите организмде ɵсʏп, кɵбɵйʏп отурат. Эгерде чиркей чаккан болсо,ɵзʏңдʏ начар сезсең оорунун баштапкы белгилерин билʏʏ зарыл.Алар тɵмɵндɵгʏлɵр: дененин ысышы(температура), баштын оорусу , кусуу, шалдыроо, алсыздык, чыйрыгып тер басуу, кандын азаюсу, бɵйрɵк, боордун жана нерв системасынын сезгенишине алып келет. Безгектин мителерибоордо ɵрчʏп, боордон чыгып канга ɵтɵт. Мителер кандын эритроциттеринде (кызыл кан денечелери ) жайгашып алат да аны жабыркатат. Айрым учурда адам эстен танууга чейин барат. Эстен танганда кусуу менен дары ичʏʏ кыйындайт. Эстен тануу 12 саатга чейин созулат. Ооруган адам тынчсызданып,уйкусурап тамактан баш тартат. Ооруган адамдын ɵңʏ купкуу болуп кɵгʏш тартып турат. Безгек айрыкча 5 жашка чейинки наристелер жана кош бойлуу аялдар ʏчʏн ɵтɵ коркунучтуу. Наристелердин иммундук системасы толук калыптана элек болгондуктан, безгектин мителерине каршылык кɵрсɵтʏʏсʏ кыйынчылык менен ишке ашат. Ооруган наристе болсо кускусу келип эмчек эмгиси келбейт, ичи ɵтɵт, дене табы кɵтɵрʏлгɵндɵ калтырак басат. Калтыратма 8-12 саатка чейин созулуп ар бир 2-3 кʏндɵ кайталанып турат. Ɵт менен боор уйку бези акырындык менен чоңоё баштайт. Кош бойлуу аялдар безгек менен ооруса бойдон тʏшʏʏ , убагына жетпей кɵз жаруу жана ɵлʏк тɵрɵлʏшʏ мʏмкʏн.Безгектин тропикалык тʏрʏ болсо ɵлʏмгɵ дуушар кылат. Безгек оорусунун белгилери байкалса ɵз алдынча дарыланбай ,медициналык мекемелерге тез арада кайрылуу керек. Анткени дарыгер гана ооруну туура аныктап ,толук дарылай алат.

Чиркейдин чагуусунан коргонуу

Ишкана-мекемелердин ʏйлɵрдʏн терезе-эшиктерине майда тор тартуу; 

Уктаганда пашаканаларды колдонуу ;

Уктар алдында дененин ачык жерлерине атайын кремдерди сыйпануу;

Кечкисин уктар алдында ʏйдʏн ичине жыт берʏʏчʏ ысырык,арчаларды тʏтɵтʏʏ;

Багалеги жана жеңи узун кийим кийип жатуу.

Эскертʏʏ! Эгерде чиркей чаккан болсо,ɵзʏңɵрдʏ начар сезсеңер тез арада дарыгерге кайрылууну унутпагыла!