8 сентября, 2024

Жер адистери: “Мыйзамсыз жерлерге документ жасоого укугубуз жок”

ʏйʏңʏздʏн кызыл китебин, ʏлʏш жериңиздин кʏбɵлʏгʏн даярдаган адистердин жумушуна кызыгып кɵрдʏңʏз беле? Алардын жумушу эсеп-кысап, география менен тыгыз байланышкан десек болот. “Кесип” рубрикабыздын кезектеги коноктору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер агенттигинин Ош филиалынын кызматкерлери.

Эсенкул Маткасымов, жер кадастры бɵлʏмʏнʏн адиси.

“Жер ɵзʏнɵн-ɵзʏ чоңоюп же кичирейип кетпейт”

-Азыр жер талашкан фактылар аябай кɵп. Жер деген ɵзʏнɵн-ɵзʏ чоңоюп же кичирейип кетпейт. Турган жерди коңшунун участогуна кирип кетпей, жолго чыгып кетпей, талаш жаратпагыдай кылып, так эсеп жʏргʏзʏʏ биздин негизги милдет. Мисалы, жолдун ɵзʏнʏн нормативдери бар. Ал эми жер эсебин шаар боюнча жʏргʏзгɵндɵ ɵзʏнчɵ отчету болот. 1 квадрат метр кошуп же алып кое албайсың. Анткени жер эсеби мамлекеттик кɵзɵмɵлдɵ турат. Мисалы, жаңы жер бɵлʏнсɵ, адистер барып тартып келгенден кийин картограф адиси идентификациялык код берет. Жергиликтʏʏ каттоо органдары тарабынан алгач ушул ыкма ишке киргизилген. Бул союз маалында да болгон эмес. Идентификациялык код бир эле жерге берилет. Топографиялык тартуу деген бар. Кɵп конфигурациялуу жер тилкелерине оор арыздар тʏшсɵ, адистер барып метрлер менен ɵлчɵй албайт, ошондуктан аны GPS менен космостон тартып, миллиметрине чейин эсептешет. Андан кийин жердин кɵрʏнʏшʏн электрондук тʏрдɵ да, кагаз тʏрʏндɵ да чыгарышат.

-Ɵлкɵ эгемендʏʏлʏктʏ алгандан кийин ʏлʏш жерлерди, курулушка ылайыкташкан участокторду бɵлʏштʏрʏʏ иштери кантип башталган?

-Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 1994-жылдын февраль айында ɵлкɵ аймагында жер реформасын жʏргʏзʏʏ боюнча мыйзам кабыл алынып, иш-аракеттер башталган. Ошол эле жылдын август айында “Жер ʏлʏштɵрʏн бɵлʏʏ” боюнча Ɵкмɵттʏн токтому чыгып, айыл чарба жерлери республика боюнча жарандарга ʏлʏштɵргɵ бɵлʏнɵ баштаган. Андан кийин 1999-жылдын 2-июнунда “Жер кодекси” кабыл алынып, жеке менчик ʏйлɵргɵ да участоктор берилет. Жер кодексинин негизинде Кыргыз Республикасында жер боюнча менчиктин ʏч тʏрʏ пайда болгон. Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик. Мурда, буга чейин жеке менчик деген болгон эмес. Ошентип реформа жʏргʏзʏлʏп, ɵлкɵдɵгʏ ар бир жаранга ʏй куруу боюнча жер участоктору жана ʏлʏштɵр бɵлʏнгɵн соң укугун кʏбɵлɵндʏрʏʏчʏ документ же мамлекеттик акт, эл арасында “кызыл китеп” делген документ бериле баштаган. Ошондон бери мамлекеттик каттоо, жерге жайгаштыруу, жер кадастры ишканалары иштеп келе жатат. Мен ишкана тʏптɵлгɵндɵн тарта дээрлик 30 жылдан бери бул тармакта иштеп келем. Жерди бɵлʏштʏрʏʏдɵгʏ эмгек жолум Кара-Кулжа районундагы жер ʏлʏштɵрʏн элге берʏʏдɵн башталган.

-Административдик аймактык реформанын негизинде шаар аймагына ɵткɵн жерлерди тактоо иштери кандай жʏрʏʏдɵ?

-Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏ толугу менен Ош шаарына ɵткɵн. Андан сырткары Шарк айыл ɵкмɵтʏнʏн Имам-Ата участогу, Папан айыл ɵкмɵтʏнɵн да бир аз жерлер кошулган. Негизи жер агенттигинин ар бир башкармалыгында архивдери болот. Архивде жогоруда айткандай ар бир идентификациялык код, ар бир адамдын делосу сакталат. Ошол жеке менчик ʏйлɵр жайгашкан жерлердин коддордун Ош шаарына алып келип, ɵзʏбʏздʏн архивге жайгаштырып бʏтʏп калдык. Ал эми ʏлʏштʏк жерлердин маселеси толук чечиле электигине байланыштуу делолорун да алып келе элекпиз. 

Бактыбек Маматалиев, каттоо бɵлʏмʏнʏн адиси.

-Союз убагынан тарта кызыл китеп жасатпай калгандар бар эмеспи, азырга чейин сиздерге кайрылышса керек? 

-Ооба, негизи мамлекет жер кодексине реформа жʏргʏзгɵндɵн кийин туташ каттоо дегенди жʏргʏзгɵн. Туташ каттоодо жеке менчик турак жай, кыймылсыз мʏлк бирдигинин баарын каттоодон ɵткɵрʏп чыкканбыз. Туташ каттоодон кийин жарандардын же ишканалардын мамлекеттик акт алуусун ɵз эркине койгон. Ошондон бери келбей жʏргɵн жарандар бар. Бирок, биз идентификациялык код берип каттап койгонбуз. Эгер биздин архивде материалдары болсо, каттоодон ɵтʏп калган. Эгер союз убагынан бери материалдарын тапшырбай, колунда калып кеткен болсо каттоодон ɵтɵ элек. Тапшырбай калгандын себебин сураштыра келсек ээси каза болуп, материалдар тууралуу бала-чакасы билбей жʏргɵн болот. Азырга чейин бизге келип каттатышат, аз эле санда калды десем жаңылбайм.

-Каттоо бɵлʏмʏ санариптештирʏʏнʏн алкагында кандай иштерди жеңилдете алды?

-Биздин бɵлʏм жер адистери жасаган документтерди, жарандар алып келген жер укугун кʏбɵлɵндʏрʏʏчʏ документтерин кɵрʏп чыгып, туура болсо, бардык талаптарга ылайык келсе каттоо жʏргʏзɵбʏз. Каттоо жʏргʏзʏʏ автоматтык катоо журналы аркылуу ишке ашырылат. Мурда кɵпчʏлʏк жумуштар кол менен жасалчу. 2006-жылга чейин журналдарды колдо жазып толтурчу элек. Компьютер деген болгон эмес. 2006-жылдан тарта жарандарды кабыл алуу бɵлʏмʏбʏзгɵ биринчи компьютер келген. Жарандар арасында арыз жаза албагандар да кɵп болгон, ошондуктан жеңил болсун деп арыздын бланкаларын даярдап, кайрылгандар аты-жɵнʏн жазып, кол койгонго гана ылайыкташтырып бергенбиз. Ошол учурда Борбордук Азия ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинен Кыргызстан мʏлктʏ каттоо боюнча алдыңкы катарда иш алып барган. Бара-бара каттоонун автоматтыштырылган системасы келди. 2010-жылдан тарта колдо жазуулардын саны кыскарды. Биздин мекеменин заманбап жабдыктары менен паспортторду биометрикадан ɵткɵрʏʏгɵ, шайлоолорду ɵткɵрʏʏгɵ жардам берип жʏрдʏк.

Гʏлзина Айтиева, жер кадастр жана топографиялык изилдɵɵ бɵлʏмʏнʏн адиси.

-Адистердин квалификациясын жогорулатуусу боюнча айтсаңыз?

-Мекемедеги адистер квалификациясын жогорулатуу максатында Бишкек шаарына барып окуп келишет же ал жактан бизге келип тынбай окууларды ɵткɵрʏп турушат. Окуудан ɵткɵнʏнɵ жараша адиске картограф, топограф, каттоочу сертификаттары ыйгарылат. Мен да каттоочу, топограф сертификаттарынын ээсимин.

-Жумушуңуздун кɵпчʏлʏгʏ жер участокторун кыдыруу менен ɵтсɵ керек?

-Туура айтып жатасыз. Бизге арыз келип тʏшкɵндɵн кийин бɵлʏм башчы тарабынан арызга виза коюлат. Анан аны архивге берип, архивдик материалдарды да алып, баарын тактагандан кийин айтылган жерге кɵргɵнʏ барабыз. Жерин, эгер имарат бар болсо имараттын ичин-сыртын ɵлчɵп чыгабыз. Жер ээси жана кошуналары менен жер тилкенин чек арасы боюнча макулдашуу жʏргʏзʏлɵт. Баары так аныкталып, мыйзамга туура келсе мамлекеттик акт жана техникалык паспорт даярдалат.

“Ар бир адам жер кодексин кызыгып окуп койсо”

-Жумушум кызыктуу десем болот. Кыймылсыз мʏлктʏ сатып алган же саткан адамдар документтин бʏтʏрɵлʏ деген жакшы ниеттери менен келишет. Аларды кабыл алып жардам беребиз. Документин даярдап берсек кɵңʏлдɵрʏ жайына тʏшʏп, ыраазы болушат. Айрым учурда мыйзамсыз делген жерлерди сатып алган жарандар келишет. Мына ушундай мыйзамга туура келбеген жагдайларда документ жасап берʏʏгɵ укугубуз жок. Анан “документ жасабадың” деп нааразы болгондор чыгат. Кээде жер талашып, мыйзамды тʏшʏндʏрсɵң да тʏшʏнбɵй чыр чыгаргандар бар. Сɵзʏмʏ жыйынтыктап жатып ар бир адам жер кодексин жана кыймылсыз мʏлккɵ болгон укуктарды каттоо жɵнʏндɵ эрежелерди, мыйзамдарды окуп койсо дээр элем. Ошондой эле кыймылсыз мʏлктɵрʏн, жер участокторун каттай элек жарандар болсо убагында келип каттатып кетишсе эки тарапка тең жакшы.

Айжылдыз Тойчиева