8 сентября, 2024

Абдыкерим Муратов:  “ЭТНОПЕДАГОГИКА – КЫРГЫЗДЫН ƟЗYН ƟЗYНƟ ТААНЫТАТ”

Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районундагы Шанкол айылында туулган. Учурда И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору. Анын жетекчилиги астында илимдин 4 доктору, 17 кандидаты, ондон ашык магистрлер даярдалды, ɵзʏнʏн илимий мектебин тʏздʏ. Айыл мектебине ɵз каражаты менен кыргыз тили жана адабияты каанасын ачып, эки жылда бир жолудан мектеп мугалимдери ʏчʏн “Муратовдук окуулар” аталышындагы илимий конференция жана сабактардын мыкты иштелмелердин конкурсун ɵткɵрʏп келет. Агайдын Ош шаарына болгон иш сапарында редакцияга маектешʏʏгɵ чакырганбыз.

-Агай, сизге жакында эле Ош мамлекеттик университети “Ардактуу профессор” наамын ыйгарды, куттуктайбыз.

-Рахмат. Адегенде силердин басылма аркылуу мени бул наамга ылайык кɵргɵн ОшМУнун ректору К.Г.Кожобековго жана Окумуштуулар кеңешине ыраазычылык билдирем. Мен бул окуу жайда 1972-1976-жылдарда окугам. 1978-1980-жылдарда кыргыз тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу болуп иштедим. Ошол жылдарда болочок тил-адабият мугалимдерин даярдаганга катышкан элем. Кийин борборго кетип, ал жакта иштеп жʏрʏп да ОшМУдан К.Акматовдун жана  М.Колдошовдун докторлук диссертациясына кеңешчилик кылып, алар докторлук иштерин ийгиликтʏʏ коргошту. Менин жетекчилигим менен ОшМУда эмгек ɵтɵп келген Б.Байтикова, Н.Тахирова, М.Музулманов, К.Эргешова, Д.Жумабаева кандидаттык диссертацияларын коргошту. Мен диссертациялык кеңеште тɵрага жана тɵраганын орун басары болуп турган кезде ОшМУнун ондон ашык изденʏʏчʏлɵрʏ педагогика тармагында диссертацияларын жакташкан. Демек, окуу жайынын илимий потенциалын чыңдоого ɵз ʏлʏшʏмдʏ кошо алдым деп ойлойм. Анан дагы ОшМУнун профессору Ж.Шериев менен “Адабият теориясы”, “Адабият терминдеринин тʏшʏндʏрмɵ сɵздʏгʏ”, “Кыргыз адабияты: маалыматтама” деген китептерди жаздык. Бул китептер 1987-жылдан бери мектеп мугалимдеринин, студенттердин жана окуучулардын ʏстɵл китебине айланды десек болот. ОшМУнун ректору К.Исаков жана проректору Т.Колдошов менен бирге ЖОЖдор ʏчʏн “Кыргыз балдар адабияты” дисциплинасынын окуу программасын тʏзʏп, К.Исаков менен шериктеш “Кыргыз балдар адабияты” деген окуу китеп жаздык. Б.Тажикова жана К.Акматов менен ɵнɵктɵштʏктɵ “Кыргыз этнопедагогикасы” деген окуу китебин иштеп, ал ОшМУ ɵткɵргɵн сынакта биринчи орунга татыктуу болгон. Бул азыр ɵлкɵнʏн бардык университетинде колдонулуп келет. Дагы бир топ окуу-методикалык китептеримди ОшМУнун окутуучулары жана студенттери теориялык билимин жогорулатууда пайдаланып жʏрɵт.  Бул наам мени дагы бул окуу жайы менен тыгыз иштɵɵгɵ милдеттендирет.

-Этнопедагогика деген кандай илим жана кыргыздарда бул тармакта кимдер иштеп келген?

-1936-жылкы СССРдин Конституциясы этникалык маданияттарды унификациялоого жол ачты. Кийин 50-60-жылдарга барып Москвада туруп улуттарды башкарабыз жана бириктиребиз деген идея бир аз мокоп, КПССтин ХХ съездинен кийин репрессияланган улуттар жана эл аз болсо да акталып, ошол улуттардын салттары изилдɵɵгɵ алына баштады. Эл педагогикасына назар салуу В.А.Сухомлинский, Б.А.Александров, В.Х.Арутюнян, В.Ф.Афанасьев, Г.Н.Волков, А.Ш.Гашимов, К.Ш.Ахияров, Я.И.Ханбиков ж.б. педагогдордун жана окумуштуулардын эмгектеринде жакшылап колго алынды. Украинанын Павлыш орто мектебинин мугалими В.А.Сухомлинский “сулуулукка тарбиялоо” аркылуу авторитардык тарбиялоого каршы чыккан эмгектерди жазып, ал ойлорун ɵзʏ практикада сынап кɵрʏʏ менен балдар менен иштɵɵдɵ элдик педагогиканын функциясын ɵзгɵчɵ симпатия менен кɵрсɵткɵн. Ал мектепти “элдин бешиги”, “тарбиянын элдик булагы”, “эл турмушунун руханий борбору” деп атоо менен мектепти элдик кылууга аракеттенген. Украинанын элдик педагогикасына негизделип “энелер багы”, “чоң аталар жана чоң энелер майрамы”, “жомоктор каанасы”, “кыялдар бурчу” деген жана башка шарттуу аталыштарда тарбиялоо жана билим берʏʏ формаларын иштеп чыккан. Мектептин улуттук жʏзʏ болушу керектигин белгилеген жана ɵзʏ аны тажрыйбада кɵрсɵткɵн павлыштык директор мектебин элтаануу очогу кылган, ошол эле кезде окуучуларын ɵз жерин, элин сʏйʏʏ менен Ата Мекенге кызмат кылууга жетиштирʏʏ максатын кɵздɵгɵн. Элдик мекенчилдик дегенде энелик жана аталык сʏйʏʏ, бешик ыры жана эне тили, туулган жердин жаратылышы, булбулдун сайраганы ж.б. кɵрʏнʏштɵр катышарын кɵрсɵтʏп, ошолор аркылуу элдик таалим-тарбия салттарына таянуу зарылдыгын окурмандарына тʏшʏндʏргɵн. Окуучуларын жаш чагынан эмгек кылууга ʏйрɵткɵн жана мында элдик салттарга негизденген, калктын тарбиялоо формаларын азыркы педагогика менен айкалыштырып куурчактар театры, жомоктор театры, жомоктор, дил баяндар ж.б. формаларды окуу-тарбия процессине активдʏʏ аралаштырган. Ɵзʏ да балдарга элдик жомокторду айтып берип, кошо ырдап, элдик майрамдардай майрамдарды уюштурушкан. Канткен менен бул эмгектер советтик этнопедагогиканын алгачкы чабалекейлери эле. Бул илимдин пайда болушу жана бир катар баалуу ойлордун айтылышы ал кездеги жаш изилдɵɵчʏ чуваш илимпозу Г.Н.Волковдун 1958-жылы басылып чыккан “Чувашская народная педагогика» деген китеби менен байланышат. Андан башка да кийинки бир катар эмгектери менен ал окумуштуу “советтик этнопедагогиканын атасы” деген урматтуу даражага татыктуу болду. Ошол киши “Манас” эпосун чуваш тилине которомун деп Ысык-Кɵлгɵ келип, эл арасында бир айдан ашык жашап жʏрʏп, “Созвездия земли” деген эссесин жазган жана кыргыздардын бала тарбиялоо салттарына жогору баа берген. “Манас” эпосундагы элдик педагогика жɵнʏндɵ ойлорун айткан, Ч.Айтматовдун чыгармаларын талдап келип, аны “жазуучу-этнопедагог” деп баалаган. Г.Н.Волков кыргыздын жаш илимпоздору менен тыгыз байланышта болгон. Ал Т.Ормонов, Б.Апышов, Ж.Бешимов, Ж.Орозбаев, А.Алимбеков, С.Иптаров сыяктуу  окумуштууларды тарбиялап, ɵзʏнʏн Ош педагогикалык институтунда этнопедагогикалык мектебин негиздеген. Ага 1987-жылы “Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги” наамы берилген.  Г.Н.Волков этнопедагогиканы илимий педагогиканын ɵз алдынча тармагы экендигин тастыктаган, “элдик педагогика” менен “этнопедагогиканын” аныктамасын берген, анын предметин, методдорун, каражаттарын, формаларын тактап кɵрсɵтʏп, элдик идеал тʏшʏнʏгʏн илимий негиздɵɵ менен баланын тарбия алышында улуулардын жана ɵзʏнʏн чɵйрɵсʏ кандай роль аткарарын абдан кылдат тактаган.

-Г.Н.Волковдун жетекчилиги менен диссертацияларын коргогон оштук этнопедагог окумуштуулар тууралуу айта кетсеңиз?

-Албетте, кыргыз этнопедагогикасынын калыптануусунда Ошто иштеген ʏч окумуштуунун ɵз орду бар. Ɵткɵн кылымдын 70-жылдарынын башында жазылган Талип Ормоновдун эмгеги “Манас” эпосундагы байыркы кыргыздардын тарбиялык кɵз караштарын изилдɵɵгɵ арналган. Ошто туруп алып ал кездеги бул тармактагы дʏйнɵлʏк абройлуу “Семья и школа”, “Советская педагогика” аттуу журналдарга макалаларын жарыялап, кыргыз эли балдарды кантип жоокерчиликке, эли-жерин коргоого тарбиялагандыгы, калк тарбиясынын башкы багыты кайда бурулгандыгы “Манас” эпосунун негизинде сɵзгɵ алынган. 1972-жылы Казань шаарында диссертациясын коргогон. Бекембай Апышев 1974-жылы кыргыз айыл мектептеринин мисалында элдик салттарды пайдалануу боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Дагы бир кыргыз окумуштуусу Жолчубек Бешимов 1975-жылы Казань шаарында Кыргызстандын мектептеринин жогорку класстарында элдик салттарга таянып адептик тарбия берʏʏ боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Бул ʏч окумуштуу-этнопедагог Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика кафедрасында иштеген жана алар ошол ɵздɵрʏ эмгектенген окуу жайында бул тармакта жаш адистердин даярдалышына, окуу процессин этнопедагогизациялоого олуттуу салым кошкон. Талип Ормонов дал ошол элдик тарбиялык салттарды изилдеп, “Манаска” кайрылгандыгы, улуу эпостон улуу идеяларды “кɵрʏп калгандыгы” ʏчʏн “тиешелʏʏ жерлерге” кайра-кайра чакыртыла берип, акыры ооруга кабылып, каза тапкан. Диссертация коргоо азабын башынан кечирип жʏрʏп, ансыз да кагындап араң басып калган Ж.Бешимов да бул дʏйнɵ менен эртелеп кош айтышкан. Бул окумуштуу-этнопедагогдордун эмгектерин кайра-кайра жарыялап, иштерин жаштарга ʏлгʏ катары кɵрсɵтʏʏбʏз керек, ɵзгɵчɵ ОшМУда.

-А сиздин этнопедагогикалык изилдɵɵлɵрʏнʏң кандай багытта жʏрдʏ?

-Мен жогорудагы ʏч агайдын сабагына катышкан студент элем, сɵзʏн уккам, андыктан студент чактан эле кыргыз элинин педагогикалык маданиятына кызыгып жʏргɵм.  “Ат этнопедагогикасы – Айтматовдо”, “Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог” деген китептерди жазып, Чыңгыз Айтматов ɵз чыгармаларында кыргыз элинин педагогикалык тʏшʏнʏктɵрʏн кандайча чагылдырганын изилдеп, 2010-жылы докторлук диссертациямды коргогомун. Студенттерге ушул багытта сабак берип жʏрдʏм. Азыр да бир нече аспиранттарыма кыргыздардын салттуу тарбиялык маданиятын изилдɵɵ боюнча темаларды сунуш кылдым. Кыргыздар – элдик тарбия маданияты бийик болгону ʏчʏн гана жоголбой келген улут.

Окумуштуу  тууралуу:

• А. Муратов жогорку окуу жайларынын студенттери ʏчʏн “Балдар адабияты”, “Этнопедагогика” дисциплинасынын окуу программасын, окуу китептерин, ата-энелер ʏчʏн “Ата-энелер мектеби” программасын, колледждер ʏчʏн “Кыргыз адабияты” окуу программасын жана окуу хрестоматиясын тʏзгɵн.

•  1985-жылдан бери жалпы билим берʏʏчʏ мектептердин кыргыз адабияты предметинин стандартын, окуу программасын, окуу китептерин жазууга катышып келет.

• Эл аралык илимий жыйындарга катышып, ʏрʏмчʏ, Стамбул, Ташкент, Андижан, Бухара, Гулистан, Алматы, Астана шаарларында кыргыз адабияты, кыргыз педагогикасы тууралуу илимий баяндамаларды жасаган.

• “Ак кеме” повестиндеги экологиялык проблемалар боюнча макаласы Кытайда ханзу жана англис тилинде жарык кɵргɵн. Уфа шаарындагы М.Акмуллы атындагы БМУда башкыртча-орусча-кыргызча сʏйлɵшмɵ сɵздʏктʏ тʏзʏʏгɵ катышып, ал эмгеги Уфа шаарынан ɵзʏнчɵ китеп болуп чыккан.

• Анын кыргыз адабияты боюнча макалалары Орусиянын Екатеринбург, Москва, Самара, Архенгельск шаарларынан, Тʏркиядан, Казакстандан, Ɵзбекстандан басылган.

•  Каарманыбыз “Кыргызстан”, “Токтогул”, “Алыкул Осмонов”, “Манас. Сагынбай”, “Манас. Саякбай”, “Манас”, “Кыргыз адабияты”, “Кыргыз педагогикасы” энциклопедияларынын, 8 томдук “Кыргыз адабиятынын тарыхынын”, 40 томдук “Кыргыздар” китебинин  авторлорунун бири.