Бүгүн 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата жер-жерлерде, мекеме-уюмдарда жана билим берүү мекемелеринде түрдүү иш-чаралар белгиленип жатат. Ош технологиялык университетинин Энергетика жана транспорт институнда профессор Болотбек Жоробеков жана профессор Нуркул Мурзакуловдор баштаган окутуучулар жамааты “Кеп адеби” аттуу тегерек стол өткөрүштү. Тегерек столго окутуучулардан сырткары, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. “Бүгүнкү күндө кеп адеби кандай колдонулуп жатат, саламдашууда, бала тарбиялоодо, каада-салттарыбызды сактоодо эмнелерди эске алуу керек?” деген сыяктуу суроолордун тегерегинде кыргыздын энциклопедиясы болгон “Манас” эпосундагы окуяларды мисал келтирүү менен баяндамачылар кенен токтолуп, тегерек столдун андан аркы бөлүгү талкуу менен уланды.




Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат