26 декабря, 2024

ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй

ЖИКС бүткүл дүйнө жүзү боюнча 36 миллиондон ашык өлүмгө, он миллиондогон балдардын жетим калуусуна жана АИВ менен жашаган 35,3 миллионго жакын адамдын пайда болуусуна алып келген саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй бойдон калууда. Бул репродуктивдик курактагы аялдардын өлүмүнүн негизги себеби. Мындан тышкары, Чыгыш Европа жана Борбор Азия, ошондой эле араб мамлекеттеринин аймактарында оруну жаңыдан жуктуруп алгандардын саны өсүүдө, ал эми акыркы он жылда өспүрүмдөр арасындагы өлүм көрсөткүчү өскөн. ЖИКСти токтотуу, жаңы инфекциялардын, басынтуунун жана ЖИКСке байланыштуу өлүм көрсөткүчүнүн нөлдүк деңгээлине жетүү үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык инвестициялар талап кылынат.

АИВ эпидемиясы сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук менен ажырагыс байланышта: АИВ-инфекцияларынын көпчүлүгү жыныстык жол менен жугат же кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү менен байланышкан.

Кыргызстан дүйнөдөгү АИВ эпидемиясы тез өсүп жаткан жети өлкөнүн бири. Мисалы, 2003-жылдан 2018-жылга чейин өлкөдө ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 19,9 эсеге өскөн. 2021-жылы бийлик өкүлдөрү 9,2 миң АИВ менен жашагандар санын айтып чыккан болсо, ал эми 2022-жылы — 12 миңге жеткен.

Өлкөдө ВИЧ инфекциясынын жайылышына алдын алуу иш-чараларынын жетишсиздиги, калктын жана медицина кызматкерлеринин жуктуруу коркурунчтары жөнүндө маалымдуулугунун жетишсиздиги, ошондой эле баңги колдонуучуларынын көптүгү себеп болгон. Бул өлкөнүн түштүгүндөгү ооруканаларда бир катар АИВ-инфекциясынын очогуна алып келди, натыйжада 2005-жылдан 2021-жылга чейин 403 балага жуккан.

Кыргызстанда АИВ инфекциясынын биринчи учуру 1996-жылы катталган. Алгачкы профилактикалык иштер эки жылдан кийин эле киргизилгенине карабастан, илдетке чалдыккандардын саны бат өсүп отуруп, 2005-жылы 600 адамдан ашып, КИЖСдан 233ү каза тапкан. Каза болгондордун көбү диагноз коюлгандан кийин бир жылга жетпеген убакытта жашашкан, булл жашыруун эпидемия ыктымалдыгын көрсөтөт. Кээ бир баалоолорго караганда, оорулуулардын жалпы саны 7 миңге жетиши мүмкүн эле. Инфекция негизинен инъекциялык баңги заттар колдонуучуларынын арасында уюган, алар 2003-жылы бардык жаңы учурлардын 89% түзгөн.

2008-жылга карата АИВ Кыргызстанда экинчи орундагы эң көп таралган инфекция болуп 2031 учур катталып, кургак учуктун 5000ден ашуун учуру тастыкталган. Ал учурда жыл сайын АИВ-инфекциясынын саны 550дөн болуп өсүп жатып, бул көрүнүш 2020-жылы 675ке жеткен. Жыныстык катнаш АИВти жугузуунун негизги жолу болуп калды, анын үлүшү 2016-жылдагы 60% дан, ал эми 2022-жылы 86,7%ке чейин өстү. Эл аралык уюмдар сексуалдык билим берүүнүн жана алдын алуу чараларынын олуттуу жетишсиздигин белгилешкен.

2014-жылга карата АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдардын ичинен ийне аркылуу баңги затына көз карандылардын үлүшү 28,6% га чейин кыскарган. 2016-жылдан бери жыныстык катнаш АИВти жугузуунун негизги ыкмасы болуп калды, бул 2011-жылы 27% болгон болсо 2016-жылы 42%га чейин өсүп, алардын арасында аялдардын санын өсүшүнө алып келген. Эң көп жабыр тарткан облус Чүй облусу болуп, 2016-жылдагы жалпы республика боюнча АИВтин жаңы учурларынын ичинен 30,2%ы, мурунку жылдары 36,8%ын түзгөн. АИВ инфекциясынын жаңы учурларынын саны Бишкек шаарын эске албаганда өлкөнүн башка бардык аймактарында өскөн.

Кыргызстан АИВ-инфекциясынын учурлары аз катталган өлкөлөрдүн катарына киргенине карабай, дүйнөдөгү эпидемия эң тез өсүп жаткан жети өлкөнүн тизмесине кирет. Ошентип, 2003-жылдан 2018-жылга чейин өлкөдө АИВ инфекциясын жуктургандардын саны 19,9 эсеге өскөн. Көпчүлүк АИВке тестирлөө аярлуу топторго эмес, кош бойлуу аялдарга жүргүзүлгөн. Бул болсо жуктургандардын саны бир топ көп экенинен кабар бериши мүмкүн. Ар кайсы булактарга караганда Кыргызстанда 2018-жылга карата АИВ инфекциясы менен 8,3 — 8,6 миң адам катталган. Алардын ичинен 44,4% жыныстык катнаш аркылуу жуктурган, бирок инъекциялык баңги затын колдонуучулар дагы эле алып жүрүүчүлөрдүн жалпы санынын олуттуу бөлүгүн (41%) түзөт.

2021-жылдагы маалыматтар боюнча Кыргызстанда  АИВ илдетине чалдыккан 9,2 миң адам катталса, 2022-жылдын аягына карата булсан 12 миңге жеткен. Жаңы учурлардын 40%га жакыны кеч стадияда, бейтаптарда иммундук жетишсиздик пайда болуп, медициналык жардам абалды тез жакшырууну камсыздай албаган учурунда аныкталган.

2000-жылдардын башынан бери Кыргызстанда АИВке каршы күрөшүү үчүн каражаттын жетишсиздигинен улам абал татаалдашып келген. Алсак, 2002-жылы мамлекеттик программалардын жоктугунан АИВ-инфекциясы менен жашаган эки кош бойлуу аялга гуманитардык каражаттар аркылуу профилактикалык дарылоо жүргүзүлгөн. Антиретровирустук терапия мамлекеттик сектор аркылуу 2005-жылы гана жүргүзүлө баштаган. Ошол эле учурда бийлик органдары жылдар бою Глобалдык фондду, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги тарабынан финансылык колдоо алып келишкен. 2020-жылы кыргыз бийлиги антиретровирустук терапияны сатып алуунун 30%ын гана каржылай алган, калганын Глобалдык фонд төлөгөн. Бирок 2023-жылы АИВ менен расмий катталган 12 миңден ашык адамдын ичинен 4 миңи гана терапия алган.

Ош шаардык №8 үй бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо бөлмөсү.