21 августа, 2025

Ж.Токторбаев: «Шаардын ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн тартипти орнотуу — биздин тʏз милдетибиз»

Ош шаарына жаңыдан мэр болуп дайындалган Жеңишбек Токторбаев жумушчу кʏнʏн аппараттык кеңешме ɵткɵргɵн соң шаарды кыдырып, маселени, кɵйгɵйдʏ жеринен кɵрʏʏ менен баштады. Жумушка киришкен кʏндɵн баштап таң заардан ар бир кɵчɵнʏ орун басарларын ээрчитип, тиешелʏʏ жетекчилер менен бирге кыдырууда. Ушул эле аптада ар бир муниципалдык аймакта эл менен жолугушууларды да ɵткɵрʏп баштады. “Ош шаары каралбай, ɵгɵй баладай болуп калыптыр” деген калаа башчынын мындай кадамы, калкка жакын болгону элге жагып, кубаттагандар кɵп, ошол эле учурда “кабинетинде эле кол коюп отура бербейби” деп сындагандар аз.

Алгачкы аппараттык жыйында Жеңишбек Токторбаев кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын, мэриянынын аппаратынын кызматкерлери жана жетекчилери менен иштеше тургандыгын айтты.  «Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес, шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы ʏчʏн иштɵɵ. Жыйынтык кɵрсɵтʏʏ. Мен эч кандай коррупциялык кɵрʏнʏштɵргɵ жол бербейм. Сиздерден да ушул нерсени талап кылам. Башкаларга кʏзгʏ болууңар керек. Ɵзгɵчɵ курулуш тармагында же жеке ишкердикте уруксат берʏʏ, маселесин чечʏʏ ʏчʏн жасалма тоскоолдук кылуу аркылуу акча талап кылуу сыяктуу кɵрʏнʏштɵр болбосун.

Жетекчилер мындан ары жумушка коомдук транспорт же жеке транспорт менен келесиңер. Эч ким кызматтык унаасын колдонбойт.

-Ар бир жетекчи кайсыл жерге барбайлы, курулуш иштери болобу, жолго чыгабызбы даярдыкта болгула бɵлмɵңɵрдɵ тиешелʏʏ кошумча ɵтʏк, кийим-кече болушу керек.

-Шаардын жолдорун оңдоого, кардан тазалоого ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат, 80-жылдары чыккан техникалар жʏрɵт, жаңы атайын техникаларды сатып алабыз. Кɵчɵлɵр чаңып жатат, тазалоого ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурабыз.

— Мындан ары аппараттык жыйындар, тиешелʏʏ жетекчилер менен бирге мэрияда эмес, ар бир аймакта, маселе жаралган жерде ɵтɵт.

— Билим берʏʏгɵ кɵңʏл бурулат. Ɵлкɵдɵ рэкет, криманал деген жоголду. Мектептерде да рэкет деген тʏшʏнʏк болбойт.

— Кызыл сызыктан чыккан, жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде соода-сатык тʏйʏндɵр буздурулат.

— Унаа тыгынын жоюу максатында жол кесилиштерине кошумча жаңы ɵтмɵктɵрдʏ курууга кɵңʏл буруу зарыл.

— Ош шаардык кеңеши менен тыгыз иш алып барабыз. Алардын ар бир сунуш, пикирине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурабыз.

— Орун басарларына жана тʏзʏмдʏк бɵлʏмдɵрдʏн жетекчилерине куттуктап, ар кандай белек-бечкектерди алып кирʏʏгɵ кажет жок. Менин эшигим сиздер ʏчʏн ар дайым ачык, сунуштар болсо, маселе жаралса тʏз мага кайрылгыла!”, — деп баса белгиледи мэр.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен ɵткɵргɵ жыйынында негизги максат – экономикалык блокту ɵнʏктʏрʏʏгɵ, бюджеттин киреше бɵлʏгʏн жогорулатууга ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруу зарыл экенин белгиледи.  Тɵмɵнкʏ талаптарды койду:

• жергиликтʏʏ бюджетке салык тɵлɵгɵн коммерциялык объектилердин так санын аныктоо ʏчʏн рейддик текшерʏʏлɵрдʏ ɵткɵрʏʏ;

• жер салыгы жана кирешелер салыгы боюнча тиешелʏʏ текшерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏ;

• бардыгы ачык-айкын болушу шарт, каражаттар жергиликтʏʏ бюджетке тʏшʏп туруусу абзел;

• коррупциялык схемаларга аралашкан ар бир адам жумуштан алынат;

• шаардын жана шаардыктардын кызыкчылыгы ʏчʏн талыкпастан кызуу иштɵɵ.

Мэр Мамыров, Амир-Тимур, Кɵкʏмбий кɵчɵлɵрʏндɵ болуп, реконструкция иштеринин жʏрʏшʏн кɵрʏп чыкты. Шаар башчысы мындан сырткары, Ы.Монуев, А.Шакиров, Алимжанов кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишинде жаңыдан курулуп жаткан эки деңгээлдʏʏ жолдун жана ɵтмɵктʏн курулушу менен дагы таанышты. Ош шаарынын мэри курулуш иштерин сынга алып, жумуштар жай жʏрʏп, мындан улам элдин нааразычылыгы жаралып жатканын билдирди.

Ошондой эле бул долбоор катуу кɵзɵмɵлгɵ алынарын баса белгилеп, жол тʏйʏнʏн куруу иштерин тездетʏʏ боюнча чукул тапшырмаларды берди.

А. Масалиев кɵчɵсʏн кыдырып,  мэр тиешелʏʏ кызматтарга кызыл сызыктан ɵтʏп кеткен коммерциялык жана башка багыттагы имараттардын мыйзамдуулугун карап чыгып, аларды баштапкы калыбына келтирʏʏ, чыгып кеткендерди бузуп алып салуу боюнча ыкчам жумуштарды алып баруу тапшырмасын койду. Ошондой эле кɵчɵнʏн жалпы кɵрʏнʏшʏн жаңылоо, кɵп жылдык жана ооруп кургап калган бак-дарактарды алмаштыруу, жашыл аймактарды кɵбɵйтʏʏ, жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев №6 Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында болду. Бул жерде тиешелʏʏ кызматтарга билим берʏʏ мекемесинин сырткы ажатканасын заманбап шарттары менен оңдоп тʏзɵɵ, тʏнкʏ жарыктандыруу системасын жаңылоо боюнча сунуш даярдоо талабын койду.

Кийинки кʏнʏ тиешелʏʏ кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка кɵчɵсʏнɵн Сʏйʏнбаев кɵчɵсʏнʏн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты. Мында калаа башчысы шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ максатында Асранкулов кɵчɵсʏндɵгʏ жолду кеңейтʏʏ зарылдыгын билдирди. Ошондой эле Курманжан-Датка кɵчɵсʏндɵ жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди:

— ирригациялык тармактарды толук оңдоп тʏзɵɵ;

— жашыл аймактарды жаңылоо, оорууга чалдыккан жана эски бак-дарактарды алмаштыруу;

— мыйзамсыз курулуштарды, баш аламан соода тʏйʏндɵрʏн, ошондой эле кызыл сызыктан ɵтʏп кеткен тосмолорду жана курулуштарды алып салуу;

— тротуарларды ар кандай ɵзʏм билемдик менен коюлган тосмолордон жана бордюрлардан тазалоо сыяктуу иштерди алып баруу керектигин белгиледи.

Курманжан-Датка кɵчɵсʏн кыдырып, абалын кɵрдʏ.

Шаар башчысы жеринде кɵчɵнʏн жалпы кɵрʏнʏшʏн жаңылоо, анын ичинде эскилиги жеткен кɵп жылдык дарактарды алуу жана ордуна заманбап жаңы жаш кɵчɵттɵрдʏ отургузуу боюнча иштерди баштоо, кызыл сызыкка чыккан имараттарды талапка ылайык бузуп алып салуу, иретсиз жана кɵрʏнʏксʏз болгон жарнамалык объектилерди калыбына келтирʏʏ боюнча тапшырмаларын койду. «Шаардын ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн тартипти орнотуу — биздин тʏз милдетибиз», — деди мэр.

Ленин кɵчɵсʏнʏн текшерʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ шаар башчысы шаардагы эң узун кɵчɵлɵрдʏн бири болгон Ленин кɵчɵсʏнʏн жалпы кɵрʏнʏшʏнɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурууну, айрыкча кызыл сызыкка чыккан объектилерди талапка ылайык бузуу, оңдоп-тʏзɵɵ, сугат тармактарын жаңылоо, жашыл аймактарды уюштуруу, эски жана оорукчан бак-дарактарды алмаштыруу боюнча тапшырмаларын берди.

Ошондой эле учурда муниципалдык кызматтарга тез арада керек болгон атайын техникалардын тизмесин тʏзʏʏ боюнча тапшырылды.

Жаңы мэрдин элге жаккан жумушунун бири ондогон жылдардан бери жашоочулардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан май куючу жайдын буздурулушу болду.

Ы.Монуев менен А.Шакиров кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишинде жайгашкан «МПА» жана «Red Petroleum» май куючу жайларды алып салуу иштери жʏрдʏ. Аталган жайлардын ээлери Ош шаарынын мэриясынын сунушун кабыл алып, коомчулуктун дагы пикирин эске алуу менен бузуп алуу боюнча иштерди алып барууда. Калааны кыдырып жʏргɵн калаа башчысын жолдон токтотуп,  жашоочулар ыраазычылыгын билдиришти.  Ɵз сɵзʏндɵ мэр жашоочуларга: “мына орун басарларымды жетекчилерди ээрчитип кыдырып жʏрɵм, маселени жеринде чечели деп. Костюм-шым кийʏʏгɵ буларга эрте экен” деди.

Учурда мэрдин эл менен жолугушуулары ɵттʏдɵ. Мындан сырткары ар аптанын шейшемби кʏнʏ жарандарды кабыл алуу болот. Кабыл алууга катышууну каалаган жаран арыз, кайрылууларын жазуу тʏрʏндɵ (Аты-жɵнʏн, байланыш маалыматтарын, дарегин так кɵрсɵтʏʏ менен) Ош шаарынын мэриясынын документтер менен камсыз кылуу жана кɵзɵмɵлдɵɵ бɵлʏмʏнɵ (коомдук кабылдама терезеси) кайрылып, каттоого алынып, кезекке туруусу абзел.

About The Author