21 августа, 2025

“Мэрия менен шаардык Кеңеш куштун эки канатындай иш алып баруубуз керек”

Ош шаардык Кеңешинин V сессиясы болуп ɵттʏ. Cессияга шаардык Кеңештин тɵрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик-муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ катышты.

Кʏн тартибине Ош шаарынын жакынкы аралыктагы ɵнʏгʏʏ багыттарын талкулоо, Ош шаарынын айрым кɵчɵлɵрʏндɵгʏ бак-дарактарды кыюуга макулдук берʏʏ, Ош шаардык мэриясынын айылдык аймактык башкармалыктарынын айыл башчылары жɵнʏндɵ, Ош шаардык Кеңешинин Президиумун тʏзʏʏ жана анын курамын бекитʏʏ боюнча тɵрт маселе коюлуп, депутаттардын добушу менен бекитилди. Жыйындын регламенти бекитилген соң тɵрага Болот Баетов депутаттарга Ош шаарынын жаңы мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичти тааныштырып, кʏн тартибиндеги биринчи маселе боюнча мэрге сɵз берди.

“Саламатсыздарбы, урматтуу депутаттар, жыйындын жалпы катышуучулары. Ош шаарынын жакынкы аралыктагы ɵнʏгʏʏ багыттарын талкулоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин сессиясына биринчи ирет катышып отурам. Албетте, баарыбыздын максатыбыз бир, шаарыбыздын инфраструктурасынын комплекстʏʏ ɵнʏп-ɵсʏʏсʏнɵ, шаардыктардын жашоо-шартын жакшыртууга, жумуш орундарын кɵбɵйтʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ. Урматтуу депутаттар жана жетекчилер, урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасы менен Ош шаарынын ички жолдорун оңдоого 2 миллиард сом бɵлʏʏ каралган. Андан сырткары шаарыбызга атайы техника сатып алуу боюнча 500 миллион сом бɵлʏнʏп берилет. Мурдагы иштеп кеткен мэр боюнча эч кандай жаман ой-пикирлер болбошу керек. Урматтуу Бактыбек Жеңишбековичтин да шаарды ɵнʏктʏрʏʏ боюнча мыкты демилгелери бар болчу, калган иштерди буюрса аягына чыгарабыз. Эң биринчи планыбызга Кɵкʏмбий, Монуев, Калинин кɵчɵлɵрʏндɵгʏ оңдоп-тʏзɵɵ иштерин тездетʏʏгɵ кириштик. Анткени, жолдогу баткак тургундарды бир топ тʏйшʏккɵ салууда. Мындан сырткары Монуев кɵчɵсʏндɵгʏ эки кабаттуу кɵпʏрɵнʏн курулуш иши бир аз кечеңдеп жатат. Буюрса, 10-февраль кʏнʏ асфальтсыз ачабыз. Калган асфальттоо иштерин кʏн жылышы менен баштайбыз. Унаа тыгындарын жоюу ʏчʏн альтернативдʏʏ жолдорду ачуу иштерине тапшырма берилди. Шаардын негизги кɵчɵлɵрʏнʏн бири болгон Курманжан Датка энебиз атындагы, Апсамат Масалиев атабыздын атындагы кɵчɵлɵрдʏ кɵрʏп чыгып, жол боюндагы иретсиз обьекттерди тартипке салуу, мыйзамсыз курулуштарды, башаламан соода тʏйʏндɵрʏн талапка ылайык алып салуу иштерин жʏргʏзʏп жатабыз. Бир гана негизги кɵчɵлɵрдʏ эмес, шаар ичиндеги бардык кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды тартипке келтирʏʏлɵр жигердʏʏ жʏрʏп жатат. Эскилиги жеткен кɵп жылдык дарактарды алуу жана ордуна заманбап кɵчɵттɵрдʏ отургузуп, жашыл аймакты жанылоо боюнча да иштерди алып барабыз. Айрым дарактар карып, куурап, урунду болуп калган. Ирригациялык тармак да оңдоп-тʏзɵɵгɵ муктаж. Урматтуу депутаттар, ушул маселени колдоп бересиздер деген ʏмʏттɵмʏн. Ошону менен бирге шаарда турмуш-шарты начар тургундарга турак-жай жок экен. Башка шаарларда муниципалдык жатакана деген болот. Элди кабыл алганымда муктаж ʏй-бʏлɵлɵр ушул маселеге кɵңʏл буруп, жардам берʏʏнʏ ɵтʏнʏштʏ. Арасында майыптыгы барлар да бар экен. Ошондуктан багар-кɵрɵрʏ жок тургундарга муниципалдык жатакана курууну пландап жатабыз. Ал эч кандай жеке тараптарга ɵтʏп кетпей мэриянын балансында турат. Урматтуу депутаттар, мен да мурда шаардык Кеңешке эки жолу депутат болгом, сиздердин жумушту жакшы тʏшʏнɵм. Кечээ тɵрага жакшы сɵз айтты, куштун эки канаты болсо, бир канаты мэрия, бир канаты шаардык Кеңеш деп. Биз биргеликти чоң иштерди жасоого жɵндɵмдʏʏбʏз. Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин жана генерал Камчыбек Кыдыршаевичтин демилгелерин колдоп, сиздер менен чогуу кɵптɵгɵн ири долбоорлорду ишке ашырып, ордолуу шаарыбыз жаркыраган, алдыңкы шаарга айлануусу ʏчʏн тынымсыз аракетте, тыгыз иш алып барабыз деген ишенимдемин”.  Ошондой эле мэр жеке кызыкчылыктарга жол бербɵɵ керектигин, элге тиешелʏʏ маселелер болсо ар дайым эшиги ачык экендигин баса белгиледи.

Сунуштарга кезек берилип, алгач “Бир бол” партиясынын депутаты Бексултан ʏсɵнов мэрге тɵмɵнкʏдɵй сунуштарын берди: шаарыбызда эң кɵйгɵйлʏʏ болгон жол тыгындарын чечʏʏ ʏчʏн ички жолдорду ачуубуз керек. Мисалы, 2-3-категориядагы жолдорду негизги жолго айландыруу боюнча кɵзɵмɵлʏңʏзгɵ алып, жол маселесин чечип берсеңиз. Андан кийин коопсуз шаар долбоору ɵткɵн жылы иштеп баштаган, бирок, айрым жолдор, жол белгилери талапка жооп бербейт. Мындан сырткары Жапалак айылдык аймагында 40 миңден ашуун калк жашайт. Буга чейин таза суу ʏчʏн 150 миллион сом бɵлʏнʏп, “Касиет” ресторанынан Орке айылына чейин тʏтʏктɵр тартылган. Бирок, проект аягына чыкпай калган эле, ушул кɵйгɵй боюнча да карап, элди таза суу менен камсыздап берсеңиз.

Айгʏл Салиева: кʏндʏзʏ анча билинбегени менен айрыкча кечинде шаардын абасы ыш жыттанат. Экология кɵйгɵйʏн колго албасак, жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирери талашсыз. Мындан сырткары, урматтуу мэр, ʏй-жайсыз адамдар боюнча да жакшы пикирлериңизди айттыңыз, жол ортосундагы тилемчилерге да чара кɵрʏп, тартипке салсаңыздар. 70-80 пайызы коңшу Ɵзбекстандын жарандары экен. Ошондой эле кезинде Ак-Бууранын ʏстʏнɵ подиум салынып, чоң ырчылар келет дегенде 35-40 миллион сом бɵлдʏрʏп берген элек. Азыр ал подиум иштебейт, акча бекер эле кетип калды. Айтайын дегеним, жаңы салынып жаткан Монуев кɵчɵсʏндɵгʏ кɵпʏрɵ “Капитал банктын” астынан чыгып, кайра эле жол тыгынын жаратуусу толук мʏмкʏн. Ушуну бир аз узартып курууга болобу, курулуп бʏткʏ чейин долбоорун карап берсеңиздер.

Ашимжан кызы Айпери: жол тыгындарынын негизги себеби жол четтеринин унаа токтоочу жайга айланып кеткенине байланыштырсак болот. Кɵйгɵйдʏ чечʏʏ ʏчʏн муниципалдык унаа токтотуучу жай уюштурсак деген сунуш берем. Мындан сырткары каралабай калып кеткен гараждарды кɵзɵмɵлдɵɵ ʏчʏн тиешелʏʏ МАБдарга берсеңиздер. Буга чейин Тɵлɵйкɵн тараптагы гараждан террористик топ кармалган факты катталган.

Улан Канат уулу: кесиптештерим кɵптɵгɵн кɵйгɵйлɵрдʏ айтып ɵттʏ. Андан башка кадр саясаты тууралуу айткым келип жатат. Кадрлар баарын чечет деп коет. Кадр саясатына реформа, оптимизация кылуу керек. Экинчиден, кадрлардагы жоопкерчилик. Мисалы, шаарга кɵптɵгɵн гранттар каралган, кɵйгɵйдʏ чечʏʏгɵ тыйын менен келген кɵмɵктɵр бʏт маселени чечип коюусу керек эле, тилекке каршы, баягы эле таза суу, транспорт сыяктуу маселелер ошол кадр саясатынын жоопкерчилигинен улам болуп жатат деген ойдомун.

Мындан сырткары депутаттар билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо, мектеп, бала-бакча, экология, тазалык, балдарды комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ, ɵндʏрʏштʏк аймак ачуу, туризм, азык-тʏлʏк жана эттин баасы, базарды жылдыруу, унаа токтотуучу жай сыяктуу бир топ маселелер боюнча сунуштарын беришти. Сунуштардан соң мэрге сɵз берилип, ар бир сунушту эске аларын жана шаарыбыздагы кадам сайын жолуккан кафе-ресторандар, салондор, дʏкɵндɵрдɵн салык туура топтолуп жатабы, ушул салык системасын акыйкат жʏргʏзʏʏгɵ депутаттар менен чогуу, алгылыктуу иш алып барарын белгиледи.

Ош шаарынын мэринин программасы жазылып жатканда Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын сунушу кабыл алынсын деген токтом долбоору добушка коюлуп, кабыл алынган соң кʏн тартибиндеги Ош шаарынын айрым кɵчɵлɵрʏндɵгʏ бак-дарактарды кыюуга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ 2-маселеге кезек берилди. Баяндоочу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, тийиштʏʏ мекемелер менен кеңешип Курманжан Датка, Масалиев, Асранкулов жана Ленин кɵчɵлɵрʏнɵн жалпы 3833 тʏп эскирген дарак алынып, ордуна жаңы, кɵп жылдык, каштан, чынар терек сыяктуу биздин климатка ылайыкташа алган кɵчɵттɵр тигилет. Депутаттар миңденген даракты бир убакта кыйып, ансыз да негативге толуп турган шаар элин чочутуп албоо ʏчʏн маселени жакшылап карап, элге тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏнʏ, этап менен кыюуну жана жаңы эгиле турчу кɵчɵттɵрдʏ туура тандап, кɵктɵп кетʏʏсʏнɵ тийиштʏʏ жактардын жоопкерчилик алуусу керек деген сунуштарын беришти. Токтом долбоору добушка коюлуп, толугу менен ɵттʏ.

3-маселе. Ош шаардык мэриясынын айылдык аймактык башкармалыктарынын айыл башчылары жɵнʏндɵ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Шаршеналы уулу Адилеттин баяндамасында АТРдин алкагында шаарга Кара-Суу районунун эки айыл аймагы, бир нече калктуу конуштар кошулган. Кыргыз Республикасында жʏргʏзʏлгɵн аймактыктык териториалдык реформанын ченемдик-укутук актылардын ɵзгɵрʏʏсʏнɵ байланыштуу айыл башчысы кызмат орду боюнча талаптар ɵзгɵрʏп, алар муниципалдык кызматчы макамынан ажыратылып, эмгек келишиминин негизинде иштей турган болушкан. Бул Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык белгиленген.

Андан ары маселелер добуш аркылуу кабыл алынып, мэрдин депутаттарга, жетекчилирге ыраазычылык сɵзʏ жана каалоо-тилеги менен сессия жыйынтыкталды.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author