Мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кандай тандалат, кадрлар резерви деген эмне, тестирлɵɵдɵ кандай суроолор келет? Ош мамлекеттик университетинин, экономика, бизнес жана менеджмент институтунун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын окутуучусу Гульфина Тултемирова кенен маалымат берет.

-Гульфина айым, алгач кадрлар резерви жɵнʏндɵ айтсаңыз, кимдер, кандай шартта резервге кире алат?
-Кадрлар резерви – бул мамлекеттин келечектеги жетекчилик кызматтарга жана жооптуу позицияларга ылайыктуу компетенттʏʏ кадрларды тандоо системасы. Кадрлар резервине кирʏʏ ʏчʏн талапкерлер адатта белгилʏʏ бир критерийлерди аткарышы керек. Бул процесс ар кайсы ɵлкɵдɵ жана уюмда айырмаланышы мʏмкʏн, бирок, Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирʏʏ ʏчʏн талаптарга тɵмɵнкʏлɵр кирет.
Кесиптик тажрыйба: Кенже кызмат орундар ʏчʏн иш тажрыйба талап кылынбайт. Улук кызмат орундарга талапкерлер ʏчʏн мамлекеттик же муниципалдык кызматта бир жыл же кесиби боюнча ʏч жыл, башкы кызмат орундарга талапкерлер ʏчʏн мамлекеттик же муниципалдык кызматта ʏч жыл же кесиби боюнча беш жыл коюлат. Кыргыз Республикасынын жараны болууга, мамлекеттик жарандык кызмат ʏчʏн — 21 жаштан жаш болбоого, муниципалдык кызмат ʏчʏн — 18 жаштан жаш болбоого; ушул кызмат орду ʏчʏн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жʏзɵгɵ ашырып жаткан тиешелʏʏ мамлекеттик орган, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келʏʏгɵ тийиш. Кадрлар резервине киргизʏʏгɵ конкурс тийиштʏʏ мамлекеттик орган, ЖƟБО тарабынан жарыяланат жана ɵткɵрʏлɵт. Конкурс ɵткɵрʏʏ этаптары: конкурска катышуучулардын документтерин коюлган талаптарга ылайык келишин кароо, компьютердик тестирлɵɵ, аңгемелешʏʏ болуп саналат.
-Конкурстун тестирлɵɵ этабында канча пайыз туура жооп берʏʏ керек?
-Конкурс ɵткɵрʏʏ этаптарына конкурска катышуучулардын документтерин коюлган талаптарга ылайык келишин кароо, компьютердик тестирлɵɵ, аңгемелешʏʏ кирет. Тест тапшырууда талапкерлер ʏч этапты басып ɵтʏшɵт. Жалпы 60 суроо берилет. Тесттин биринчи этабында негизги мыйзамдар боюнча 30 суроо, экинчи тармактык мыйзамдар боюнча 30 суроо бар. Мыйзамдарды билʏʏсʏнɵ компьютердик тестирлɵɵдɵн ɵтʏʏдɵ баллдын жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлерге кесиптик маанилʏʏ жеке сапаттарын аныктоо ʏчʏн компьютердик тестирлɵɵ этабына катышууга уруксат берилет. Ар бир мамлекеттик кызматчы КРнын Конституциясын, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жɵнʏндɵ, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча мыйзамдарды билʏʏсʏ абзел. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ боюнча типтʏʏ нускама, мамлекеттик кызматкер болгондон кийин ал иш кагаздар менен иштɵɵдɵ тɵмɵнкʏ кɵндʏмдɵрдʏ билиши керек: документтерди тʏзʏʏ (каттар, буйруктар, протоколдор), мамлекеттик стандарттарды сактоо, архив ишин жʏргʏзʏʏ, расмий стилди колдонуу, аналитикалык отчетторду даярдоо, электрондук документ жʏгʏртʏʏнʏ колдонуу жана конфиденциалдуулукту камсыз кылууну билʏʏсʏ зарыл. Предметтик мыйзамдар боюнча суроолор ар бир мамлекеттик орган, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органы сунуштаган ченемдик укуктук актылардын тизмесинин негизинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тʏзʏлɵт. Мисалы, мэриянын экономика бɵлʏмʏнɵ кадрлар резервине кирʏʏгɵ аракет кылып жатса, бюджет кодекси, салык кодекси сыяктуу ɵз ишине тиешелʏʏ мыйзамдарды колдоно билʏʏ ʏчʏн тармактык мыйзамдардан суроо келет. Талапкер жогоруда айткан 60 суроонун 50 пайызын басып ɵтсɵ, тагырагы 30 суроодон жогору туура жооп берсе кийинки логикалык тестке жол ачылат. Аты айтып тургандай логикалык суроолор адамдын ой жʏгʏртʏʏсʏн, логикасын текшерет. Кийинки этапта конкурстук комиссиянын курамынан турган кызматкерлер аңгемелешʏʏ ɵткɵрɵт.
-Аңгемелешʏʏдɵ кандай суроолор берилиши мʏмкʏн?
-Кɵп учурда мыйзам боюнча сурашат. Бирок, жеке оюм боюнча талапкердин ой жʏгʏртʏʏсʏн, жɵндɵмдɵрʏн, оюн жеткире алуусун, ал жерде иштегенге канчалык мотивациясы бар экенин байкаган оң. Анткени мыйзам боюнча суроолорго тестте жооп берди. Аңгемелешʏʏдɵн кийин конкурстук комиссия чечим чыгарат. Талапкер жакшы жооп бере албай калса, сыноо мɵɵнɵтʏн сунуштайт. Сыноо мɵɵнɵтʏ 3 ай. Резервге киргенден кийин бош орун жок болсо тура берет, бош орун пайда болгондон кийин кызматкерди резервден алат. Ошол учурда жетекчи комиссиянын сунушун эске алып, ага ʏч айлык сыноо мɵɵнɵтʏн коюшу мʏмкʏн. Сыноо мɵɵнɵтʏ бʏткɵндɵн кийин жетекчи менен кайрадан аңгемелешʏʏ болот. Ɵз кызматын так аткара албаган, сыноо мɵɵнɵтʏнɵн ɵтпɵй калган кызматкерди жетекчи кызматтан бошотууга укугу бар.

-Резервде кɵп жылдан бери турган адистер бар экен, айрымдары комиссияга ишеним кɵрсɵтпɵй турганын айтып келишет, буга кɵз карашыңыз кандай?
-Мурда ачык конкурс болгондо талапкерлер документ тапшыргандан кийин сынакттардан кимиси жогору балл алса кызмат орунга дайындалат болчу. Учурда ал процедура жок. Кадрлар резервине анализ кылсак сиз айткандай кɵптɵн бери тургандар жок эмес. Бош орун болгондо кайрадан конкурс жарыялап жаңы адамдарды алуулары мʏмкʏн. Ошондуктан жаштарда, талапкерлерде “мен резервде турам, ушул кызматка барам” деген ишеними кʏчтʏʏ болуусу керек. Дагы бир белгилеп кетʏʏчʏ нерсе, ɵткɵн жылдын июль айында мыйзамга ɵзгɵрʏʏ кирди. Мурда кызматкер эки жылда бир жолу аттестациядан ɵтʏп, тест тапшырчу. Азыр кайрадан баалоо системасы кирген. Бизге качан гана талап койгондо кыймылдайт эмеспизби, башка учурда кʏнʏмдʏк жумуштар менен алек болобуз. Аттестация болгондо кызматкерлер мыйзамдарды окуп, даярданып ɵзʏнʏн ʏстʏнɵн кɵбʏрɵк иштемек. Баалоодо тʏздɵн-тʏз жетекчи баалап коёт, тесттен ɵтʏшпɵйт.
-Дагы бир талаштуу маселеге токтолсок, тест белгилеп жатканда айрым суроолордун жообу кɵп варианттуу болуп келет. Балким, бир суроонун бардык жооптору туура же тескерисинче, ката болушу мʏмкʏн, ушуга бир аз ɵзгɵртʏʏ киргизсе болобу?
-Туура маселени кɵтɵрʏп жатасыз. Мисалы, бир суроонун алты жообу бар дейли. Алтоо тең туура. Ошонун бешɵɵнʏ таап келип алтынчысын белгилебей койсоңуз “0” деген балл берилет. Бул жерге пайыздык кɵрсɵткʏч иштеп чыгуу керек деп ойлойм. Болбосо, талапкерлердин укугу бир аз тебеленип калууда.
-Класстык чен кайсы учурда ыйгарылат?
-Класстык чен дегенди мамлкеттик же муниципалдык органда иштеген кызматкерге берилген “звание” десек болот. Мурда класстык чиндер аттестациянын жыйынтыгы боюнча же квалификациялык экзамендин негизинде ыйгарылчу. Азыркы учурда Президенттин 2022-жылдын 28-февралындагы № 65 жарлыгынын негизинде ɵзгɵртʏлɵр кирип, жетекчи ɵзʏ бир жылдан кийин чин ыйгарат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын топторун эске алуу менен тɵмɵнкʏдɵй класстык чендер туура келет:
кенже топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору класстык чени;
улук топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени;
башкы топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени;
жогорку топтогу кызмат орундарына мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени.
Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кызмат орундарынын топторун эске алуу менен тɵмɵнкʏдɵй класстык чендер туура келет:
кенже топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык чени;
улук топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени;
башкы топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени;
жогорку топтогу кызмат орундарына муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чени. Класстык чен тартип жазасы бар кызматчыларга, ошондой эле кызматтык териштирʏʏ жʏргʏзʏлʏп же жазык иши козголгон кызматчыларга ыйгарылбайт.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы