Ар бир жаран салык мыйзамдарын билʏʏсʏ керек. Айрыкча чакан ишкердик баштагандар арасында бирдиктʏʏ салык деген эмне, камсыздандыруу взносу кандай тɵлɵнɵт? деген сыяктуу суроолор абдан кɵп берилет. Дегеле салык кызматы Ош шаарында кандай иштерди жасай алды, жаңырган жылы салык мыйзамдарына кирген ɵзгɵрʏʏлɵр жана жеке ишкерлерге тиешелʏʏ маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Абдырай уулу Асылбек айтып берет.
-Асылбек мырза, чакан ишкерлердин кɵбʏ ай сайын бирдиктʏʏ салык тɵлɵшɵт эмеспи, бул режим салыктын кайсы тʏрлɵрʏнɵ алмаштырылган?

-Бирдиктʏʏ салык — бул салык салуунун жɵнɵкɵйлɵтʏлгɵн тутуму болуп эсептелет. Эгерде ишкер КНС(кошумча нарк салыгын) тɵлɵɵчʏ болгусу келбесе, бирдиктʏʏ салыкка ɵтсɵ болот. Бул режимде жʏгʏртʏʏсʏ жылына 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес ʏчʏн салыктар каралган. Бирдиктʏʏ салык ʏч салыкты алмаштырат: пайда салыгы, сатуу салыгы жана КНС. Ага чакан бизнестин ɵкʏлдɵрʏ гана эмес, орто бизнеске тиешелʏʏ, башкача айтканда, жʏгʏртʏʏсʏ жылына 30 миллион сомдон ашпаган бизнестер да ɵтɵ алышат. Тигʏʏ ɵнɵр жайы ʏчʏн жʏгʏртʏʏгɵ чектɵɵлɵр жок. Калкка кызмат кɵрсɵтʏʏдɵ же сатууда жылдык жʏгʏртʏʏсʏ 15 миллион сомдон аз жеке ишкер ККМди (контролдук-кассалык машина) колдонууга милдеттʏʏ болуп, салыктын ставкасы 0 пайыз деп каралган. Эгерде ишкер бирдиктʏʏ салыкты тандап алган болсо, анда ал иштин тʏрʏнɵ жараша бирдиктʏʏ салыктын ставкасы боюнча салык тɵлɵйт:
Айыл чарба продукциясын кайра иштетʏʏ ʏчʏн, ɵндʏрʏштʏк чɵйрɵ жана соода ʏчʏн: накталай формада 4%, накталай эмес формада 2%ды тʏзɵт. Иштин калган тʏрлɵрʏ ʏчʏн накталай формада 6%, накталай эмес формада 4% деп белгиленген. Муниципалдык мончону кошпогондо, коомдук тамактануу жайы, сауна, бильярд жана мончо кызматтарын кɵрсɵткɵн учурда 6% болуп, салык мезгили – 1 кварталды тʏзɵт.
Мындан тышкары, электрондук соода чɵйрɵсʏндɵгʏ ишке 2% салык каралган: тɵлɵɵчʏ салык салынуучу жеткирʏʏлɵрдʏ ишке ашырууда пайда салыгы, сатуу салыгы жана кошумча нарк салыгынан бошотулган. Салык мезгили 1 квартал.
Жалпы же бирдиктʏʏ режимге карабастан, салык агентинин милдеттенмелери келип чыккан учурда ишкер кызматкерлерге карата пайда салыгын тɵлɵйт жана Социалдык фондго камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏн жʏргʏзɵт.
-Кичинекей ашкана же дʏкɵн сыяктуу жайларды иштете баштаган айрым ишкерлер алдын ала салык кызматынан “жеке ишкер” деп каттоого турбай, ККМ албаганы ʏчʏн айып пул салынганын айтып калышат, салык кызматы тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп турасыздарбы?
-Албетте, ишкерлерге бир нече форматтагы тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлɵт. Ар кандай салык мыйзамдарына кирген толуктоолор жана ɵзгɵртʏʏлɵр тууралуу маалыматтарды жайылтуу байма-бай ɵткɵрʏлɵт. Ошондой эле ОшГУ, ОшТУ жана башка жогорку окуу жайларга жана орто мектептердин окуучуларына ачык-эшиктер уюштурулуп, Салыктык сабаттуулук боюнча сабактарды ɵткɵрʏп турабыз. Жаңы ишкердик баштагандарга кеңешим, сɵзсʏз мыйзам чегинде салык кызматына каттоого туруп, салык кызматынын талаптары менен кенен таанышып чыгып, ишкердигинин тʏрʏнɵ жараша ККМ аппаратын алуу керек болсо, алып, ошонун негизинде иштегени оң. Ар бир иш мыйзам чегинде жасалса эч качан кɵйгɵй болбойт.
-Контролдук-кассалык чекти кимдер колдонушу керек?
-Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды кɵрсɵтʏʏдɵ калк менен жʏзɵгɵ ашырылуучу эсептешʏʏ ККМ аппаратын милдеттʏʏ тʏрдɵ колдонуу жана контролдук-кассалык чекти берʏʏ-жɵнɵтʏʏ менен жʏргʏзʏлɵт. Калк менен эсептешʏʏлɵр – жеке жак менен анын жеке ɵзʏнʏн жана ʏй-бʏлɵлʏк керектɵɵлɵрʏ ʏчʏн сатып алган товарлар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр ʏчʏн эсептешʏʏлɵр.
Кыргыз Республикасынын аймагында ККМге карата техникалык талаптарга шайкештик жол-жоболорунан ɵткɵн жана ККМ реестрине киргизилген ККМ моделдерин колдонууга уруксат берилген.
ККМди жеткирʏʏ жана сатуу Салык кызматы менен макулдашуу тʏзгɵн жана техникалык тейлɵɵ борборлорунун реестрине кирген уюмдар тарабынан ишке ашырылат.
ККМди колдонуу боюнча мыйзамдардын ченемдерин милдеттʏʏ аткаруу максатында, субъект ишмердʏʏлʏгʏн баштаганга чейин ККМди каттоого жана анын типтʏʏ эрежелерине ылайык колдонууга милдеттʏʏ.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы токтому менен Ɵзʏнʏн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ жараша ККМди колдонбостон акчалай эсептешʏʏлɵрдʏ жʏргʏзɵ алган субъекттердин тизмеси бекитилген. Ошентип, эгерде салык тɵлɵɵчʏнʏн иши жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн тизмеге туура келсе, анда ал ККМди колдонбоого укуктуу.
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ишкердик субъекттери ʏчʏн жагымдуу салык чɵйрɵсʏн тʏзʏʏ жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жɵнʏндɵ” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чɵйрɵсʏндɵгʏ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ” Мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты. Бул мыйзам долбоору камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏнʏн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин тɵмɵндɵтʏʏнʏ карайт, мында:
– 2,25% — иш берʏʏчʏ тарабынан тɵлɵнɵт;
– 10% — кызматкер тарабынан тɵлɵнɵт.
Бирок мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏнʏн тарифтерин тɵмɵндɵтʏʏ тɵмɵнкʏ категорияларга жайылтылбайт:
– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;
–мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетʏʏчʏ жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казып алуу ишканалары;
– электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу (камсыздоо) боюнча ишти жʏзɵгɵ ашыруучу уюмдар;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул ишти жʏзɵгɵ ашырууга лицензиясы бар мунайзаттарын ɵндʏрʏʏ жана кайра иштетʏʏчʏ субъекттерди кошпогондо, алкоголду, тамеки буюмдарын жана кʏйʏʏчʏ-майлоочу материалдарды ɵндʏрʏʏ жана импорттоо боюнча ишкердиктин субъекттери; Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берʏʏ тутуму чɵйрɵсʏндɵ (ɵсʏмдʏк чийки затынан биоэтанолду ɵнɵр жайлык ɵндʏрʏʏнʏ жана аны сатууну кошпогондо, мунай жана жаратылыш газын кайра иштетʏʏ);
– уюлдук байланыш чɵйрɵсʏндɵ иш жʏргʏзгɵн субъекттер;
– интернет провайдерлери;
– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер.
Ал эми кварталдык отчеттулук — бул ар бир компаниянын же ишкананын финансылык отчеттунун тʏрлɵрʏ. Кварталдык отчет 4 бɵлʏктɵн турат, 1-квартал (январь, февраль, март); 2-квартал да жарым жыл деп аталат — (апрель, май, июнь); 3-квартал 9-ай деп да аталат — (июль, август, сентябрь); 4-квартал 1-жыл деп да аталат (октябрь, ноябрь, декабрь).

-Ɵткɵн жылы Салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы кандай иштерди жасай алды?
-Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына 2024-жылдын январь-декабрь айларына мамлекеттик бюджет боюнча 5919140,6 миң сом ɵлчɵмʏндɵ план-тапшырма жеткирилген болсо, аткарылганы 6278077,8 миң сомду же болбосо 106,1%ды тʏзʏп, планга карата 358937,2 миң сомго кɵп жыйналды. Ал эми жалпы бюджетке тʏшкɵн салыктар жана жыйымдардын кɵлɵмʏ 2023-жылдын тийиштʏʏ мезгилине салыштырмалуу 1203848,2 миң сомго кɵп болуп, ɵсʏʏ ыргагы 123,7%ды тʏздʏ.
Ош шаарынын курамына Кызыл-кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏ жана Нариман, Папан, Шарк айыл ɵкмɵттɵрʏнʏн бир катар айылдары да кошулган эле. АТР аркылуу салык салынуучу турак жайлардын саны 803, ʏй жанындагы, короо жай багбанчылык-чарбак жер участокторунан 13103 ɵттʏ.
2026-жылдын башынан мʏлк салыгын эсептɵɵгɵ жергиликтʏʏ ɵзʏн-ɵзʏ башкаруу кызматтарынан коэффиценттерин бекиттирип, андан ары салыктарды жыйноону жакшыртабыз. ККМ онлайн колдонуу боюнча шаарыбыздын борбор кɵчɵлɵрʏндɵгʏ соода тʏйʏндɵр жана кызмат кɵрсɵтʏʏ пункттарында салык тɵлɵɵчʏ тууралуу салыктык маалыматтардын болуусун камсыз кылууну, жергиликтʏʏ ММКлар аркылуу салык тууралуу бардык керектʏʏ маалыматтарды ишкерлерге жана жарандарга чагылдыруу иштерин дагы да жакшыртуу аракеттерин кɵрʏʏдɵбʏз.
-Жыл башынан бери салык мыйзамына кирген ɵзгɵрʏʏлɵргɵ токтолсоңуз?
2025-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 Жарлыгы менен салык мыйзамдарына тɵмɵнкʏдɵй толуктоолор кирди.
-Салыктык тʏйшʏгʏн азайтуу жолу менен калкка жана ишкердик субъекттерине колдоо кɵрсɵтʏʏ жана кыйла натыйжалуу салыктык администрациялоого ɵтʏʏ максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган токтом:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) эки айлык мɵɵнɵттɵ:
а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна тɵмɵнкʏлɵрдʏ караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин:
— транспорт каражаттарына мʏлк салыгын жоюуну;
— 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата ɵндʏрʏʏ жɵнʏндɵ сот актысы жок транспорт каражаттарына мʏлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан бошотууну;
— 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мʏлк салыгынын 0 пайыз ɵлчɵмʏндɵгʏ ставкасын белгилɵɵнʏ;
— уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерʏʏлɵрдʏ кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏгɵ тыюу салууну;
— 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык тɵлɵɵчʏ тарабынан таанылган салык карыздарын эсептен чыгарууну;
б) жʏгʏртʏʏдɵ электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулуучу товарлардын тизмесин аныктоо боюнча бир айлык мɵɵнɵттɵ сунуш киргизсин;
2) Андан ары ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо максатында жергиликтʏʏ салыктарды жоюуга байланыштуу жергиликтʏʏ бюджеттердин кирешелеринин тʏшпɵй калууларын компенсациялоо боюнча альтернативдʏʏ чараларды иштеп чыксын.
2. Салык жол-жоболорун санариптештирʏʏ маселелерин ыкчам чечʏʏ максатында “Альфа Телеком” жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин санариптик долбоорлору ʏчʏн сим-карталарды жана интернет-кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрдʏ берʏʏчʏ болуп аныкталсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жʏктɵлсʏн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган кʏндɵн тартып кʏчʏнɵ кирет.
Жогорудагы президенттин указы кʏчʏнɵ кирген учурдан тартып, бардык пункттарынын ишке ашуусун тиешелʏʏ мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар камсыз кылат.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы