21 августа, 2025

Санариптик коопсуздук жана кибер коркунучтар

Санариптик технологиялар дʏйнɵ жʏзʏндɵ, анын ичинде Кыргызстанда да тездик менен ɵнʏгʏп жатат. Ɵнʏгʏʏ менен бирге коркунучтары да кɵбɵйʏʏдɵ. Алдамчылык схемаларын жаратуучулардын улам жаңы жʏздɵрʏ ачылып, эки адамдын бирин алдап коюу деле оңой болуп калды. Кыргызстанда да акыркы жылдары санариптик коопсуздукка байланышкан проблемалар жана алдамчылыктар кɵбɵйʏп, кɵпчʏлʏк адамдар бул коркунучтардын курмандыгына айланып жатышат. Биз мындай кырдаалдарга кандай учурда кабылабыз? Адамдар алдамчылыктын кандай тʏрлɵрʏнɵ кабылат? Ушул суроолордун жообун тɵмɵндɵн окуңуз.

Акыркы жылдары Кыргызстанда мобилдик банк аркылуу адамдардын акчасын алдап алуу кɵрʏнʏшʏ кеңири тарады. Мисалы, банк картасын колдонуп акча которуу же эсеп ачуу учурунда кылмышкерлер фишинг чабуулу аркылуу колдонуучунун маалыматтарына кирип, алардын акчаларын алып коюшууда. Бул схема боюнча кɵпчʏлʏк адамдар ɵздɵрʏнʏн телефон номери аркылуу банктык эсептеринен акчаларын жоготуп жатышат. Ошол эле алдамчылар жасалма телефон чалуулар аркылуу банк кызматкери болуп кɵрʏнʏп, колдонуучулардан алардын банк картасынын номерин же сыр сɵзʏн алып, андан кийин эсептерден каражаттарды чыгарып кетишет. Бул алдамчылык Кыргызстанда эле эмес, дʏйнɵнʏн башка ɵлкɵлɵрʏндɵ да кеңири таралган.

Кɵптɵгɵн кыргызстандыктар, айрыкча кичи шаарлардагы жана айылдардагы тургундар ар кандай компанияларга, тʏрдʏʏ пирамидалык схемаларга ири суммадагы акчаларын инвестициялап, анан кайра акчасын ала албай калган учурлары кɵп кездешет. Мындай компаниялар кɵбʏнчɵ пирамидалык схеманы колдонуп, адамдарды чоң киреше табуу убадасы менен азгырышат. Натыйжада кɵп адамдар орто эсеп менен 60-70 миң сомдон ашык акчаларын берип, андан кийин кирешесиз калышат. Мындай шылуундардын торуна ишенип, алданып калгандар кɵп.

Телефон аркылуу келген SMS билдирʏʏлɵр жана алдамчы чалуулар да Кыргызстандагы кибер кылмыштуулуктун кеңири тараган тʏрлɵрʏнʏн бири. Кɵпчʏлʏк адамдарга банк же башка кызмат кɵрсɵтʏʏчʏ уюмдардан келгендей кɵрʏнгɵн билдирʏʏлɵр келет, анда алардан маалыматтарды киргизʏʏ же акча которуу талап кылынат. Адамдар бул билдирʏʏлɵргɵ ишенип, жеке маалыматтарын бɵлʏшʏп, акча которуп, алдамчылардын тузагына тʏшʏп калышат.

Дагы бир кеңири жайылган ыкма «жеңʏʏчʏ болуп тандалдыңыз» деген билдирʏʏлɵр. Мындай учурларда адамдар уюлдук оператордон же башка компаниядан белек алды деп ойлоп, акчалай бонустарды алуу ʏчʏн ɵздɵрʏнʏн банк маалыматтарын же карталарын киргизип коюшат. Бул да чоң финансылык жоготууларга алып келет.

Кыргызстанда да, дʏйнɵ жʏзʏндɵ да кеңири жайылган онлайн алдамчылыктын дагы бир тʏрʏ жасалма онлайн дʏкɵндɵр. Колдонуучулар ишенимдʏʏ кɵрʏнɵ турган сайттардан товар сатып алып, акчаны тɵлɵгɵндɵн кийин товар келбей калат же сапатсыз нерсе жɵнɵтʏлɵт. Кээ бир учурларда “акчасын алдын ала тɵлɵңʏз, анан сиздин товарыңызды салабыз” деп да алдашат. Мындай учурда сɵзсʏз ал дʏкɵндʏн ɵздʏгʏн такташ керек. Ал дʏкɵн менен кимдер иштешет, чын эле бул дʏкɵн барбы, болсо кайсыл жерде жайгашкан, аны да тактаңыз. Болбосо мындай алдамчылар товарды башка сайттардан кɵчʏрʏп алып, ɵздɵрʏнɵ жайгаштырып алдоону уланта беришет.

Шылуундар финансылык пирамидаларды тʏзʏп, чоң киреше убадасы менен элден акча чогултуп, кийин ал адамдарды алдап качып кетишет. Криптовалюталар менен байланышкан алдамчылыктар дагы бул кɵйгɵйдʏн бɵлʏгʏ. Акыркы жылдары кɵп адамдар жалган криптовалюта долбоорлоруна акча салып, ири каражаттарын жоготушууда. Бул схемаларга кɵбʏнчɵ жетиштʏʏ тажрыйбасы жана маалыматы жок адамдар тартылат.

Дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ эң кооптуу алдамчылыктардын бири — бул «бизнес электрондук почта чабуулдары» (BEC). Бул ыкмада кылмышкерлер компаниялардын ички почтасына чабуул жасашып, компаниянын директору же финансы бɵлʏмʏнʏн башчысы болуп, бухгалтерден чоң суммадагы акчаны башка эсепке которууну суранат. Мындай алдамчылыктар чоң компанияларга миллиондогон жоготууларды алып келет.

Алдамчылыктын романтикалык тʏрʏ да дʏйнɵдɵгʏ эң кɵп кездешкен алдамчылыктын бир бɵлʏгʏ. Бул схема аркылуу кылмышкерлер социалдык тармактарда же таанышуу сайттарында адамдар менен романтикалык мамиле тʏзʏп, кийинчерээк алардан акча сурап башташат. Бул ɵзгɵчɵ чет ɵлкɵлɵрдɵ кɵп кездешет, бирок Кыргызстанда дагы акыркы жылдары кабылгандар бар. Мындай тузакка 90% эркек балдар алданып калышат.

 Санариптик коопсуздук жана кибер коркунучтар ар бирибизге тиешелʏʏ чоң кɵйгɵй болуп калды. Кыргызстандагы жана дʏйнɵдɵгʏ бул алдамчылыктан коргонуу ʏчʏн ар бир адам жеке жоопкерчиликти алып, коопсуздук чараларын колдонушу керек. Алдамчылыктын тʏрлɵрʏ кɵп жана ар бирине каршы коргонуу жолдору бар. Эң негизгиси ар бир адам сергек жана сак болуусу зарыл. Кибер алдамчылыктардан жана коркунучтардан сактануу ʏчʏн тɵмɵнкʏ чараларды кɵрʏʏ абдан маанилʏʏ.

•      Банктык маалыматтарды коргоо: банктык маалыматтарды эч качан электрондук почта аркылуу бɵлʏшпɵңʏз. Эгер банк кызматкери болуп чалган адам шектʏʏ болсо, дароо банкка байланышып, маалыматты тактаңыз.

•      Онлайн соодага сак болуу: товардын сапатын жана сайттын ишенимдʏʏлʏгʏн текшерип кɵргɵндɵн кийин гана онлайн сатып алууга киришиңиз. Ишенимсиз дʏкɵндɵрдɵн алысыраак болуңуз.

•      Социалдык медиа коопсуздугу: жеке маалыматыңызды социалдык тармактарда бɵлʏшпɵңʏз жана жалган аккаунттарга ишенбеңиз. Романтикалык же достук мамиле тʏзʏʏдɵ сак болуңуз, айрыкча акча сурап кайрылышса.

•      Сактоо жана жаңыртуу: Компьютерлер жана мобилдик тʏзʏлʏштɵрʏңʏздʏн коопсуздук программаларын жаңыртып туруңуз. Антивирус программасын орнотуу да кошумча коопсуздукка жардам берет.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author