21 августа, 2025

Кудайберди Кожобеков:  “Атамын жолун жолдоп математик мугалим болдум”

Билим, мыкты тарбия жана талыкпаган мээнет гана адамды ɵз максатына жеткирет. Буга агайдын басып ɵткɵн жолу дагы бир мисал боло алат. Ордолуу Оштон орун алып, жыл сайын миңдеген студенттерди ардактуу кесип ээсине айланткан Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич “Бейне” рубрикабыздын кезектеги коногу болмокчу. 

-Агай, бала кезиңизде кɵбʏрɵɵк кимден таасир алып, кимге окшошууну кыялданар элеңиз?

-Кичинебизде кɵбʏрɵɵк ата-энебизден таасир алып, атамдай, апамдай мыкты инсан болсом деп ниет кылчумун. Ошондой эле биздин убакта тоолуу аймактагы эң популярдуу кызматтардын бири мектептин мугалими эле. Ата-энем да мугалимдик кесипти аркалашты. Ошол ʏчʏн мен да башынан эле мугалим болууну кыялданып, ушул кесипти тандадым.

-Демек ата-энеңиздин жолун жолдоптурсуз да?

-Ооба, Атам Кожобеков Гапарали математика мугалими болгон. Окууну ушул Ош мамлекеттик университетинен бʏтʏрʏп, айылыбыздагы мектепте ɵмʏр бою иштеди. Директорлук кызматка чейин аркалап, пенсияга чыкты. Атамын жолун жолдоп мен да математика мугалими болдум. Апам башталгыч класстардын мугалими. Азыр ата-энем ардактуу эс алууда.

-Айылыңыз, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

-Ɵзʏм Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында тɵрɵлʏп чоңойдум. Табияты ɵзгɵчɵ кооз, тоолуу, облустагы эң алыскы, Тажикстан менен чектешкен айылдардын бири. Студент кезде тамашалап “жер бʏткɵн жер” деп коюшчу. Ал эми ʏй-бʏлɵдɵ 8 бир тууганбыз. 2 уул, 6 кыз. Эки эжем, карындаштарым, анан бир иним бар. Эжелерим, карындаштарымдын баары мугалимдик кесипти тандашты. Иним айылда чарба менен алектенет.

-Айылымы, мектепти ɵзгɵчɵ сезимдер менен эстейм. ʏч ай каникулда жайлоого чыгар элек. Айылыбызды суунун башы деп коёт. Таза суу аккан дарыялар биздин айыл аркылуу тʏшʏп, башка айылдарга кетет. Кышында тоңгон дарыянын ʏстʏндɵ муз тээп, хоккей ойночубуз. Жазында футбол, волейболду калтырбайт элек. Бирок, оюнду да убагы менен ойноп, башка жумуштарды кылганга ʏлгʏрчʏбʏз. Ал эми мектебибиз мурда 8 жылдык болгондуктан, агаларыбыз, эжелерибиз андан жогорку классты Карамык айылына келип окушкан. Биз 9-классты бʏтɵрдɵ мектеп 11 жылдык болуп тʏзʏлдʏ. Абдан мыкты эже-агайлардан билим алдык. Ал жакка комиссия дегендер оңой-олтоң жете албаганы менен, мугалимдер ɵз ишине абдан жопкерчиликтʏʏ караган экен. 1992-жылы жогорку окуу жайга ɵтʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жеттик. Ал мезгилде окууга ɵтʏʏ оңой болгон эмес. Азыр айыл кыйла ɵнʏгʏп калган учуру. Эски мектептин ордуна эки кабаттуу заманбап мектеп салынган.

-Мугалимдик кесипти тандаганга ɵкʏнгɵн учурлар болду беле?

-Негизи ар бир иште кыйынчылык болот эмеспи. Албетте, менде да кыйынчылыктар болгон. Кɵпкɵ чейин студент сыяктуу ата-энебизден жардам алып, ʏйдɵн азык-тʏлʏк ташып иштеп жʏрдʏк. Бир чети мен жаңы мугалим болгон кезде мамлекет кɵз карандысыздыкка ɵтʏп, бир топ кыйынчылыкты башынан ɵткɵрʏп жаткан жылдар эле. Ошого карабастан талыкпай иштеп, агайларымы, ата-энемди уят кылбашым керек деген ойдо ишими эч качан калтырбадым.

-Сиздин оюңузча азыркы жаштар кɵбʏрɵɵк эмнени ойлонушат, алар билим алууда, ɵзʏн ɵнʏктʏрʏʏдɵ эмнеге басым жасашууда?

-Азыркы жаштарды биздин мезгилдеги жаштар менен салыштырууга болбойт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мʏмкʏнчʏлʏктɵр аябай кɵп. Материал чогултууда булактардын кɵптʏгʏ, дʏйнɵлʏк интернеттин жеткиликтʏʏлʏгʏ чоң жардам бере алат. Ошого карабай айрым жаштар бул мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ убагында пайдалана албай, убактысын пайдасыз жакка коротуп алууда. Мисалы, ошол эле интернет аркылуу керектʏʏ булактардан маалымат алып, ɵзʏн ɵнʏктʏрсɵ болот. Ошол эле убакта тʏрдʏʏ оюндар менен да убакытты ɵткɵрʏп жиберʏʏ мʏмкʏн. Баарыбыз эле жаш болгонбуз. Убакыттын ɵтɵ кымбат экенине маани бербейт экенбиз. Кийин акылың жетип, “мен мынаны окуй калайын, чет тилдерин ʏйрɵнɵ коеюн” дегенде убактың жетпей калат экен. Ошондуктан жаштарга, студенттерге дайыма негизги кʏчʏңɵрдʏ сабакка жумшап, андан кийин тил ʏйрɵнʏп пайдалуу нерселерди тɵрт жылдын ичинде ишке ашырып калгыла деп айтам. Кийин ишке ашырайын десең турмуштун башка мыйзамдары пайда болуп, убакыт тартыш болот.

-Ɵнʏккɵн азыркы доордо жасалма интеллект студенттердин билим алуусуна кай жагынан кɵмɵктɵшʏп, кай жагынан бут тосушу мʏмкʏн?

-Бул бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵп талкууланып жаткан тема. Чынын айтканда ChatGPT сыяктуу тиркемелер, нейросеттер адамды толук эле алмаштырып койгон учурлар болуп жатат. Бирок, жаштарга жасалма интеллекти колдондурбай коюп же артка кайтаруу мʏмкʏн эмес. Бʏгʏнкʏ тенденция ошого бараткандан кийин ал нерсе улана берет. Болгону ар бир окуу жай ɵзʏнʏн ичинде тиешелʏʏ чечимдерди кабыл алыш керек. Эгер студент бир материалды жасалма интеллект аркылуу жасап келген болсо, анын жʏрʏм-турумуна, сабагына кʏн сайын кʏбɵ болгон ар бир эле жетекчи байкайт. Мейли маалыматты ошол жактан алса деле мазмунун андан ары кандай ɵнʏктʏрɵ алгандыгына маани берилет. Демек, жасалма интеллектти пайдалуу жакка жумшаганга аракет кылуу учурдун талабы.

-Илимден сырткары эмнелер менен алектенесиз?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жетекчи катары англис тили мен ʏчʏн абдан актуалдуу болуп жатат. Кʏнʏмдʏк жасаган илимий иштерден сырткары англис тилин ʏйрɵнгɵнгɵ аракет кылуудамын. Андан сырткары жалпы билим берʏʏ системасы боюнча маселелерди кароодо талкууларга тынбай чакырышат. “Сунуш бер, кайсы бир маселени карап, оюңузду айтсаңыз” дешет. Ɵзгɵчɵ жогорку билимди ɵнʏктʏрʏʏ боюнча маселелерде кɵбʏрɵɵк алектенем.

-ОшМУнун ɵткɵн жылдагы жетишкендиктери тууралуу да сурабасак болбостур, жана жаңы жылга кандай пландар менен кирдиңиздер?

-Ɵзгɵчɵ статус алган университет катары бизге мамлекет тарабынан дʏйнɵлʏк рейтингге кирсин деген талап болгон. “QS” деп аталган уюм университеттердин рейтингин изилдеген дʏйнɵдɵгʏ эң кадыр-барктуу ʏч уюмдун бири болуп саналат. Уюм аркылуу ОшМУну Азиядагы мамлекеттер арасынан жок дегенде беш жʏздʏккɵ кирʏʏ талабы коюлуп, ɵткɵн жылы QS эл аралык рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду багындырып, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулдук. Бул рейтингге кирген республикадагы 6 университеттин ичинен биздин окуу жай эң алдыңкы орунда калды. Жаңы жылга карата Азиянын эле эмес, дʏйнɵлʏк университеттердин рейтингинде жакшы жыйынтык кɵрсɵтʏʏнʏ максат кылганбыз.

-Маегиңизге рахмат, ишиңизде ийгиликтер боло берсин.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author