Айылдан чыккан жаш тɵкмɵ акын Тынарбек Бураев улуу муундун жолун улап, акындык ɵнɵрдʏ даңазалап келе жаткан таланттуу инсандардын бири. Ал бала кезинен эле акындыкка кызыгып, атайын тɵкмɵ акындардан сабак алып, айтыштарда ɵзʏнʏн чеберчилигин кɵрсɵтʏп келет. Кандай айтыш болбосун активдʏʏ катышып, ɵзʏнʏн кɵрɵгɵчтʏгʏ, чечендиги менен элге таанылып калган тɵкмɵ жигит кийинки муундарга акындык ɵнɵрдʏ жеткирʏʏгɵ болгон аракетин жумшап келе жаткан учуру. Тынарбек Бураев Кара Суу районунун Мады айылында тɵрɵлгɵн. Карапайым дыйкандын ʏй- бʏлɵсʏнɵн чыккан Тынарбек 26 жашта. Ɵнɵр жолу тууралуу бизге кызыктуу маек куруп берди.
“Жакындарымдын баары чыгармачыл адамдар”

-ʏй- бʏлɵбʏздɵн баарыбыз эле чыгармачылыкка жакын адамдарбыз. ʏйдɵн атам менен апам ырдайт, менден улуу 3 агам бар, алар да ырдашат. Тай журтум он бир тууган болсо, алардын тогузу комуз чертип ырдашат. Комузчулук ɵнɵр мага да ɵткɵн. Окуп жʏргɵн кезде эле иш- чараларга катышып ырдап калчумун. Ошондон бери чыгармачылыкка аралашып келем. Орто мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырдым. Студент мезгилимде дагы кɵптɵгɵн иш- чараларга катышчумун.
“Устатыма шакирт болууну ɵзʏм сунуштаганмын”
-Кыргызстанда 9-сентябрь комуз кʏнʏ белгиленип келет эмеспи. Окуп жʏргɵн мезгилимде мен ушул иш- чарада болуп калдым. Анан ал жактан белгилʏʏ тɵкмɵ акын Абдибали Акимбеков агайды кɵрʏп калып, дароо эле алдына барып сизге шакирт тʏшɵйʏн дедим эле деп айтканмын. Агайым да дароо макул болгон. Анан телеберʏʏлɵргɵ тартылдык. “Ак таңдай” деген телеберʏʏ бар эле, айылдан, элеттен чыкпай калган ɵнɵрпоздорду чыгарчу. Ошол берʏʏгɵ тартылып, бир кыйла ɵнɵрпоздор менен аралашып, чыгармачылыгымды дагы да кеңейттим десем болот.
“Тентектин ишин теңир колдойт”
-Жараткан бирɵɵгɵ эрте бак берсе, бирɵɵнɵ кеч берет экен. “Тентектин ишин теңир колдойт” деп да бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай кудайга шʏгʏр, мен деле тентек болуп жʏрʏп бир кыйла ийгиликтерди багындырдым. 10-15 жыл элдин алдына чыкса деле ийгилиги жок тɵкмɵ акындар болот. Аябай ыр саптары кʏчтʏʏ, ɵзʏ да, сɵзʏ да чечен акындар деле эмнегедир айтышка чыкканда жубу жакшы болбой калабы, же болбосо дагы башка себептер болуп калабы айтор, ийгиликке жетпей калган акын досторубуз, ага- инилерибиз деле бар. Бирок мен ийгиликке жеткен эле акынмын (кʏлʏп). 2021-жылы алгач акындыкты баштаган мезгилимде эле Тоголок Молдонун 120 жылдыгына арналган тандоо турга барып, ийгиликтʏʏ кайтканмын. Менин чыгармачылыктагы жолум жакшы болду. Алгач чыгып келе жаткан мезгилимде Чоң-Алай районунун 35 жылдыгына карата Буркан Акимбековду эскерʏʏ айтышы болуп, тандоо турга барган элем. Биринчи тандоодон эле ɵтʏп кеткенмин. Тандоодон барып эле финалга ɵтʏп, финалдан республикалык айтышта ʏчʏнчʏ орунду адым. Бул албетте, алгачкы чоң ийгиликтеримдин бири. Мындан кийин деле ийгиликтерим кɵп болду. Былтыр Ошто “АК ТАҢДАЙ” акындардын ордосунун тʏзулгɵнʏнɵ 30 жыл болуп, эл аралык айтыш болуп ɵтпɵдʏбʏ. Айтышта тɵрт улуттун акындары болду. Андан финалга ɵтʏп, ʏчʏнчʏ орунду ээледим. Бул да болсо кудайдан берилген бак экен.

“Акындык ɵнɵр бул — касиет”
-Кыргыздын ар бир эле экинчи, ʏчʏнчʏ адамы уйкаштырып сʏйлɵгɵн жагы бар эмеспи. Анын сыңарындай акындык да биздин дээрибизде бар. Ысмайыл Борончиев агабыз айткандай, “акындык тʏйшʏгʏ бар, алыңа ченеп дубала, башыңа кудай бербесе, баш ийбейт айткан дубаңа”. Эгерде жараткан дилиңе салып, тилиңе бербесе эч качан акын болуп чыга албайсың. Сапарбек Зулпуев устатыбыздын кайсы бир жерде берген интервьюсунан да аябай таасир алдым. “10 жылда ар кандай жɵнɵкɵй адамдан илимдин докторун, кандидатын, профессорун жада калса президентти да даярдап чыкса болот. Бирок бир ɵмʏр тɵкмɵ акын кылып даярдап чыга албайсың” деген экен. Себеби жараткан сага кандайдыр бир ɵнɵр берген болсо, ал сенин касиетиң деп билем. Ал сыңары акындык да жараткан тарабынан мага берилген касиет.
“Тарых китептерин кɵп окуйм”
-Сɵз байлыкты ɵстʏрʏʏ ʏчʏн китеп кɵп окуш керек. Кʏн алыс китеп окуп турам. Бирок бардык эле тармактагы китептерди эмес, кɵбʏнчɵ ɵзʏм кызыккан, мага жаккан китептерди гана окуйм. Анан тарых китептерин кɵбʏрɵɵк окуйм. Анткени тарых ар бирибизге керек нерсе. Санжыраны, ата-бабабыздын, деги эле кыргыздын тарыхын сɵзсʏз окуп турушубуз керек деп ойлойм.
“Илхам келгенде терме жазып турам”

-Акындыктан сырткары Ош улуттук драма театрында иштейм. Жумушумдан сырткары алектенчʏ нерселерим кɵп. Ɵзʏм айылдын жигити болгондуктан эркек кишиге тиешелʏʏ иштерди хобби катары кɵрɵм. Мисалы, улак тартам, ууга чыгам, балыкка барам. Булар албетте, айылда болгондо гана. Ал эми шаарда болсом кез-кезде бильярдга да барып турам. Булардан да ɵзгɵчɵ дагы бир ɵнɵрʏм терме жазам. Албетте, илхам келип, сɵздɵрʏм топтолгондо жазып, анан аны комуздун коштоосунда айтып социалдык баракчаларыма киргизем.
“Шакирт таптоого азырынча мага эрте”
-“Сизге окшоп акын болом, сизге шакирт тʏшɵйʏн” деп айтышка, тɵкмɵлʏккɵ кызыккан окуучулар бар. Бирок мен азырынча шакирт таптай албайм. Себеби мен ɵзʏм шакирт болуп, бир канча жылдан бери устаттарды ээрчип жʏргɵн убагым. Анын ʏстʏнɵ шакирт таптагыдай жашка да жете элекмин. Ээрчип жʏргɵн устаттарым, агайларым жеткен нерсеге мен да жетсем экен, бир нерсени ʏйрɵнʏп калсам экен деп ээрчип жʏргɵн убагым.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы