“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому 2015-жылы тʏптɵлʏп, турак жай менен камсыздоо багытында алгылыктуу иштерди жасап келʏʏдɵ. Шарттары кандай, кимдер катыша алат? Маектин жʏрʏшʏндɵ кенен маалымат алыңыз.
Рахат Батырбекова, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын басма сɵз катчысы.

-Рахат айым, алгач жарандар тарабынан кɵп берилʏʏчʏ суроого токтолсок, жарандын банкта кредиттери бар болсо, турак жайга кезекке туруусуна тоскоолдук жаратпайбы?
-Эгерде жаран буга чейин банктан насыя алып, аны убагында тɵлɵп турган болсо тосколдук жаратпайт. Насыялар тарыхы таза болуусу керек.
-Кимдер, кандай шартта турак жай алуу ʏчʏн кезекке тура алышат?
-Программанын катышуучулары ʏчʏн тɵмɵнкʏдɵй талаптар каралган:
• Жаш курагы программага катышууга арыз берген учурда 18 (он сегиз) жаштан баштап андан жогору болуусу;
• Жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес же ошол уюмда 1 жылдан кем эмес иштеген иш тажрыйбасы;
• Катышуучунун жана катышуучунун жубайынын, катышуучунун жашы жете элек балдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында ɵзʏнʏн турак жайынын жоктугу;
• Программага катышууга арыз берген кʏнгɵ чейин акыркы 3 жылдын ичинде катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын бʏткʏл аймагында турак жайга менчик укугунун ɵтʏшʏнɵ байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бʏтʏмдɵрдʏн жоктугу.
-Турак жай менен каржылоо багыттарынын бири болгон ʏлʏштʏк курулуш жɵнʏндɵ айтсаңыз?
-ʏлʏштʏк курулуш Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, анын ичинде чет ɵлкɵдɵ эмгектенген жарандар ʏчʏн иш алып барат. Жылдык пайыздык чени 8%. Мɵɵнɵтʏ 15 жылга чейин. Ал эми пайыздык чен жана турак жайдын наркы турак жай куруу сметасына ылайык аныкталат. Смета бекитилгенден кийин наркы жана пайыздык чени МИКтин сайтына жарыяланат.

-Майыптыгы бар балдарды баккан ата-энелер ʏчʏн да кандайдыр программалар каралганбы?
-Албетте, каралган. Мисалы, социалдык ипотека (жылдык 4%, 25 жылга чейинки мɵɵнɵттɵ, баштапкы тɵлɵмʏ жок берилет). Белгилей кетʏʏчʏ нерсе бул программага катышуучулар да белгилʏʏ бир жерде иштеп, социалдык фондго тɵлɵмдɵрдʏ жасашы зарыл. Социалдык ипотекага катышуу талаптарын атай кетсем:
• Бештен кем эмес, жашы жете элек балдары барлар;
• “Баатыр эне” ордени менен сыйлангандар;
• Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адам;
• Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ балдарды багып жаткан адамдар же ʏй-бʏлɵсʏнʏн курамында ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдар барлар;
• Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдардын ɵмʏр бою расмий камкорчулары;
• Туулгандыгы тууралуу кʏбɵлʏктɵ ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган);
• Жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер (никеде турбаган);
• Иштеген чɵйрɵсʏнɵ карабастан айыл жергесинде иштеген жана экономикалык/ишкердик ишти жʏргʏзгɵн 35 (отуз беш) жашка чейинки жаш адистер.
-Мамлекеттик, муниципалдык кызматтагылар кайсы программанын негизинде кезекке турушат?
-Жеңилдетилген ипотека шартында (жылдык 4%, мɵɵнɵтʏ 25 жылга чейин, баштапкы тɵлɵмʏ жок) тɵмɵнкʏлɵр катыша алат:
• Аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийликтеринин мамлекеттик органдары;
• Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар;
• Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары;
• Мамлекеттик органдардын жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдардын ведомстволук уюмдары жана ишканалары;
• Мамлекеттик жана муниципалдык билим берʏʏ уюмдары;
• Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;
• Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кʏчтɵрʏ жана мамлекеттик органдарынын аскердик тʏзʏлʏштɵрʏ;
• Мамлекеттик программаларын ишке ашыруу иш предметтеринин бири болгон ыйгарым укуктуу орган;
• Мамлекеттик телерадио уюмдары.
Мындан сырткары Арзан ипотека (жылдык 8%, мɵɵнɵтʏ 25 жылга чейин, баштапкы тɵлɵмʏ жок) — жеке чɵйрɵдɵ эмгектенген жарандар ʏчʏн. Жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн багыттар боюнча турак жайды кийин сатып алуу менен ижара механизми боюнча мамлекеттик органдар тарабынан курулган даяр турак жай берилет. Мындан тышкары, ɵлкɵнʏн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иш алып барган бардык категориядагы жарандар ʏчʏн KFW программасы боюнча ипотекалык кредиттер жеткиликтʏʏ.

-Ɵлкɵнʏн кайсы аймактарында курулуш иштери жʏрʏʏдɵ?
-Буга чейин президентибиз да айткан, мен да белгилеп ɵтɵйʏн бʏгʏнкʏ кʏндɵ 7 облуста жана Бишкек, Ош шаарларыбызда курулуштар жʏрʏп жатат.
-Компаниянын буга чейинки аткарган иштери, жетишкендиктери?
-1 жыл 8 айдагы жетишкендиктерибиз, 2024-жылы МИК 2 турак жай комплексинин курулушун ийгиликтʏʏ аяктап, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 1 059 батир берилишин камсыз кылды. Бишкек шаары, Скрябин кɵчɵсʏ 45-45А — 549 батир, Бишкек шаары, Маликов кɵчɵсʏ 91- 510 батир. Ал эми 2021-жылдан бери 5647 ʏй-бʏлɵ турак жай менен камсыз болду.
“Экономиканын туруктуу ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошууну кɵздɵйт”
-“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК ипотекалык кредиттɵɵ чɵйрɵсʏндɵгʏ бирден-бир ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мɵɵнɵттʏʏ туруктуу механизмдерин ишке ашыруу максатын кɵздɵйт. Миссиябыз — ипотека рыногун ɵнʏктʏрʏʏ, калктын турак жай алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн жогорулатуу, коомдун ɵркʏндɵшʏ жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы ʏчʏн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди чечʏʏ аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошуу.
МИКтин электрондук порталы
-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жарандар ʏйлɵрʏнɵн чыкпай эле, уюлдук телефон аркылуу да, ипотекалык насыя алуу ʏчʏн арыз бере алышат. Электрондук порталдын жардамы менен МИК 24 саат, жумасына 7 кʏн, кардарлардын жанында туура кол астында болот.
-Маегиңиз ʏчʏн рахмат!
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы