ДОЛЛАР КЫМБАТТАЙТ

“Трамптын билдирʏʏсʏ боюнча, АКШда долларга карата базалык пайыздык ставка тɵмɵндɵтʏлɵт. -Бирок, экинчи жактан алганда, жаңы шайланган президент импорттук товарларга карата пошлинаны кɵбɵйтʏʏнʏ кɵздɵйт. Бул доллардын азыр деле бекем кунунун кɵтɵрʏлʏʏсʏнɵ оңтойлуу ролду ойнойт. Инфляциянын кɵрсɵткʏчтɵрʏн салыштыруу эле жетиштʏʏ”,-дейт орусиялык каржылык кеңешчи жана профессионалдык инвестор Алексей Герасимов. -АКШда инфляция Россияныкына караганда ʏч эсе тɵмɵн. Эгерде 2025-жыл ичинде рублдун курсу 95-96 катышында туруп берсе, дагы эки-ʏч жыл аралыгында рублдун курсу 120-130га чыгып калат. Доллар кымбаттаса, бюджетке экспорттун, ириде мунай менен газ сатуунун эсебинен, рубль арбын тʏшɵт.
МУНАЙ АРЗАНДАЙТ
“Трамптын” “Бури, детка, бури!” деген чакырыгы эсиңердеби? Бул мунай ɵндʏрʏʏнʏ кɵбɵйтʏʏнʏ билдирет”,-дейт экономиканын Жогорку мектебинин коньюктуралык изилдɵɵлɵр Борборунун директору Георгий Остапкович. -Ал АКШнын “бургулоо станогун” эле ишке салууну кɵздɵп жаткан жок, аны менен кошо канадалык мунайга жол берʏʏнʏ ишке ашыруу максатында Венесуэла жана Гаяна менен сʏйлɵшʏʏ жʏргʏзʏʏ жагын ойлонуштурууда. Аталган эки мамлекетте мунайдын жаңы кендери ачылганы жана алар мунай ɵндʏрʏшʏндɵ дʏйнɵлʏк лидерлердин катарына кошулганы маалым. Мындан улам рынокко арбын мунайдын куюлуп тʏшʏʏсʏн кʏтсɵ болот. Трампка бул эмне берет деп сурагың келип жатабы, бизде эгерде мунай арзандаса, бензиндин баасы кɵкɵлɵп кетет, ал эми Америкада мунай арзандаса, бензин да арзандайт. А эгерде ар кимдин автоунаасы болгон себептʏʏ, бензин галлонунун наркы жашоо деңгээлиндеги маанилʏʏ кɵрсɵткʏчтɵрдʏн катарына кирет. Андыктан, бензин арзандаганда америкалыктар: “Мына эми Американы жыргалга бɵлɵɵчʏ жаңы Рузвельт келди!” деп айттышаарында шек жок.
Бирок, эксперттин пикиринде мунайга болгон баанын тʏшʏп кетʏʏсʏ кыйынчылыктарды жаратып коюусу мʏмкʏн. Анткени, Россия сатып жаткан мунайдын маркасы ʏстʏбʏздɵгʏ жылда да ылдый жылмышуусун улантып, баррели 77 доллардан 65 долларга дейре тʏшʏп кетет деген болжол бар. Анда Осиповичтин эсеби боюнча, бюджетти балансташтыруу ʏчʏн рубль курсу долларга карата 130дун айланасында болушу талап кылынат. Мындан чыкты, мунай кырдаалы рублдун алсыздануусуна кошумча тʏрткʏ берʏʏсʏ ыктымал. Бюджет кошумча кирешеге ээ болот, бул жакшы. Бирок, доллардын курсунун кɵтɵрʏлʏʏсʏ — бул жаман. Кантсе да Россия импорттук товардан кɵз карандылыгын бара-бара жоготуп баратат, андыктан, баалардын олуттуу ɵсʏп кетʏʏ кооптулугун кʏтпɵй эле койсо болот.

САНКЦИЯЛАР ЖАНА УКРАИНА МАСЕЛЕСИ
“Трамп бийликке келгенден кийин санкциялар бара-бара жоюлат деген кʏтʏʏлɵр бар”,-дейт Герасимов. -Бул логистикалык чынжырларды жɵнɵкɵйлɵштʏрɵт жана арзандатат. Ата мекендик акциялардын баасы ɵсɵ баштайт.
“Санкцияны кийирʏʏ оңой, алып салуу кыйын”,-дейт Осипович. Санкцияларды алып салуу аракети, Америкага пайда алып келээрдей болгондо гана жʏргʏзʏлɵт. Анан калса, кɵптɵгɵн санкциялар Евросоюз тарабынан киргизилген жана аларды алып салууга азырынча ɵбɵлгɵлɵр жок. Ошондой эле кɵптɵгɵн эксперттер Трамптын бийликке келиши менен орус-украин жаңжалы чечилет деп ишенип турушат. Албетте, бул жаңжалды ал мурда убадалагандай 24 саатта чечʏʏ кыйын. Муну Трамп ɵзʏ да моюнга алып олтурат. Трамптын буга чейинки берген убадаларын жана ага байланышкан аруу ʏмʏттɵрдʏ 360ка бɵлʏʏ керек. Трамп ар кандай фейктерди ойлоп таба коюуга уста, бирок ɵз позициясын такай ɵзгɵртʏп да турат. Трамптын бекем ишенсе боло турган бир позициясы бар, ал Кытайга соода согушун таңуулап, кытай товарына пошлинаны жогорулаткысы келет. Бул Кытайга оңтойлуу болорунда шек жок, анткени жакпаса Америкага жɵнɵтʏлʏʏчʏ товарларды кыскартат да коет. Доллар агымы азаят да, юандын курсу тɵмɵндɵйт. Юандын курсу тɵмɵндɵгɵн сайын орустарга товар арзан келе баштайт.
Абдираим Мамытов
Китеп жазып, киного да тартылган Трамп
Дональд Трамп Нью-Йорктун Квинс конушунда миллионер-ишкер, инвестор жана иштеп чыгуучу Фред Трамптын ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулган. Атасы тарабында Трамп немис тектʏʏ, ал эми апасы жагынан шотландиялыктар. Болочок президент билимин Квинстеги Кью Форест жеке мектебинде алып, ал жерге беш жашында кабыл алынган, андан кийин Нью-Йорктун Аскердик академиясына кабыл алынган. Ал Нью-Йорктогу жеке Фордхэм университетинде бизнести башкаруу боюнча билим алган, андан кийин Пенсильвания штатынын университетинин Финансы жана коммерция мектебинде окуп, экономика боюнча бакалавр даражасын алган.

Бизнес империясын куруу
Окууну аяктагандан кийин ал атасынын компаниясында иштей баштаган жана Нью-Йорктун бир нече аймактарында турак-жай кыймылсыз мʏлктʏ модернизациялоо, ижарага алуу боюнча долбоорлорду ишке ашырган. 1971-жылы атасынын компаниясын алып, акциялардын кɵзɵмɵл пакетин алып, анын атын Trump Organization деп ɵзгɵрткɵн. Трамптын жетекчилиги астында бизнес кеңейип, компаниянын жаңы жетекчиси мейманканаларды, пансионаттарды, казинолорду жана гольф аянтчаларын тʏзʏʏ долбоорлору менен алектене баштады.
Турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мʏлк дагы Трамп уюмунун иш багыттарынын тизмесинде. 1970-жылдардын орто ченинде Трамптын компаниясы 60 бɵлʏмдɵ 1000дей кишини иштетип, кыймылсыз мʏлккɵ жана жерге укуктарга ээ болгон, анын ичинде Колумбия округу, Мэриленд, Вирджиния, Калифорния жана Лас-Вегаста. Компания 1980-жылдары Нью-Йоркто 26 кабаттуу Grand Hyatt мейманканасын, ошондой эле атактуу «Trump Towers» (58 кабаттуу Трамп мунарасы жана 72 кабаттуу Трамп World Tower) курган.
Трамптын компаниясы чет ɵлкɵлɵрдɵ, атап айтканда Сеул, Торонто жана Дубайда да курулуш иштерин жʏргʏзгɵн. 1970-жылдардын аягында Трамп ɵзʏ ʏч резиденцияга ээ болгон: кышкысы Аспенде, жайкысы Лонг-Айлендде жана экинчиси Манхэттенде. Трамп кыймылсыз мʏлктʏ жана жер тилкелерин сатып алууну уланткан. Ал бир нече казинолорду сатып алып, алардын негизинде 2004-жылы Trump Entertainment Resorts Holdings деп ɵзгɵртʏлгɵн Trump Hotels and Casino Resorts компаниясын тʏзгɵн. Казинолордон тышкары компания ар кайсы ɵлкɵлɵрдɵ люкс гольф курортторуна, гольф аянтчаларына жана туристтик комплекстерге ээ.
Трамп Флорида штатынын Палм-Бич курорттук шаарчасында 118 бɵлмɵсʏ, 33 жуунучу бɵлмɵсʏ, 27 кыз-келиндер бɵлмɵсʏ, кинотеатр жана ашканасы бар Мар-а-Лаго мʏлкʏн 8 миллион долларга сатып алган. Ал ʏйдʏ оңдоп, ʏйдʏн жанына гольф аянтчасын жана теннис кортун курган.
1980-жылдары Трамп соода белгисин колдонуудан акча тапкан жана фамилияны компаниялардын жана бренддердин атында колдонгон. 1996-жылдан 2015-жылга чейин Трамп NBC менен бирге “АКШ сулуучу” жана “Аалам периси” сулуулар сынактарына укуктарга ээ болгон. 2015-жылдын сентябрында ал NBCнин ʏлʏшʏн сатып алып, IMG Голливуд агенттигине конкурстук укуктарды саткан.
Саясий карьера
1990-жылдардын аягында Трамп ɵлкɵнʏн саясий турмушуна активдʏʏ катыша баштаган. Ал республикалык партиядан чыгып, 2000-жылдагы президенттик шайлоодо ɵзʏн Реформалар партиясынын талапкери катары кɵрсɵткɵн Трамп президенттик жарыштан баш тарткан.
2016-жылга чейин Трамп бизнести, анын ичинде чет элде ɵнʏктʏрʏʏнʏ уланткан. 2015-жылы саясатка кайтып келип, 2016-жылдагы президенттик шайлоо ɵнɵктʏгʏнɵ республикачы катары да катышарын жарыялаган. Ал ɵзʏнʏн шайлоо алдындагы ураанын «Американы кайрадан улуу кыл» деп атаган. Ал праймеризде жеңип, 2016-жылдын июль айында атаандашы демократ Хиллари Клинтондон Трамп кɵбʏрɵɵк шайлоочулардын добушун чогултуп, президенттик кызматка киришине шарт тʏздʏ.
Ал президенттин жылына 400 миң доллар айлык акысынан баш тарта турганын айткан. Кызматка киришкен биринчи кʏнʏндɵ Трамп шайлоо алдындагы убадаларын аткарган.
Трамптын президенттиги учурунда иммиграция мыйзамдары катаалдашып, салык мыйзамдары реформаланган. АКШ администрациясы ɵлкɵнʏн айрым эл аралык уюмдардын ишине катышуудан баш тарта баштады, АКШ ЮНЕСКОдон, Париж климаттык келишиминен жана Ирандын ɵзɵктʏк келишиминен чыкты.
Ошондой эле Орто алыстыкка атуучу ядролук кʏчтɵр жɵнʏндɵгʏ келишимден жана Ачык асман жɵнʏндɵгʏ келишимден Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону токтотту.
Кытай менен соода келишимине кол коюлду, АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныды, Трамп Тʏндʏк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен байланыш тʏздʏ.
2024-жылы 5-ноябрда ɵткɵн шайлоодо Трамп 2-жолу жеңди.
1997-жылдан 2016-жылга чейин Трамп Forbes 400 рейтингинин биринчи жарымында ээлеген ордун президент болуп шайлангандан кийин жогото баштады. 2021-жылы ал пандемия учурунда байлыгы азайып кеткендиктен биринчи жолу Кошмо Штаттардагы эң бай адамдардын тизмесине кирбей калган. Рейтингди тʏзʏʏдɵ журнал анын байлыгын 2,5 миллиард доллар деп баалаган, ал тизмеге кирʏʏ ʏчʏн 400 миллион доллар жетишпей калган.
2024-жылдын февралында Forbes Трамптын байлыгын 2,6 миллиард доллар деп баалаган. Трамп негизинен ишкердик жана ɵзʏнʏн ийгилиги тууралуу ондогон китептерди жазган. Кийинки басылмаларда ал саясат жана экономика боюнча ɵзʏнʏн кɵз карашын баяндап, АКШ туш болгон кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏнʏн жолдорун сунуштаган.
Дональд Трамп “ʏйдɵ жалгыз-2” сыяктуу белгилʏʏ фильмдерге да тартылган.
ʏч ирет ʏйлɵнгɵн. Биринчи жубайы чехословакиялык лыжачы жана модель Ивана Зелничкова болгон, андан ʏч балалуу болгон: Дональд, Иванка жана Эрик. 2022-жылдын июль айында 73 жашында Ивана каза болгон.
1993-жылы Трамп актриса жана продюсер Марла Мэплзге ʏйлɵнʏп, тʏгɵйлɵр Тиффани аттуу кыздуу болушкан. Алар 1999-жылы ажырашып кетишкен.
2005-жылы Трамп ɵзʏнɵн 24 жаш кичʏʏ, словениялык модель Мелания Кнаусска ʏйлɵнгɵн. Жубайлардын Бэррон аттуу уулу бар.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы