20 августа, 2025

Биз байкабаган адаттар

Акырындык менен ден соолугубузга жана жашообузга терс таасирин тийгизген тымызын, бирок зыяндуу адаттар бар. Биз кɵп учурда аларды этибарга ала бербейбиз. Натыйжада улам жасообуз кɵбɵйгɵн сайын бизге адат болуп калыптанып калат. Эгерде китеп окуу, эрте менен чуркоо сыяктуу адат болсо бул албетте, сонун, а эгерде одоно адат болсо, ал ыңгайсыздык жаратат. Анда эмесе биз байкабаган жана кɵп учурда бизге билинбеген адаттар тууралуу сɵз кылалы…

Дарыгерлер уйкунун системалуу тʏрдɵ жетишсиздигин ден соолук жаатында олуттуу кɵйгɵйлɵрдʏн бири деп эсептешет, ошону менен бирге ал калктын басымдуу бɵлʏгʏн жабыркатат. Жашоонун заманбап ритми адамдарды уйку убактысын кыскартууга мажбурлайт. Эгерде 1960-жылдары адам орто эсеп менен 8 саат уктаган болсо, бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул кɵрсɵткʏч 6,5 саатка чейин тɵмɵндɵдʏ. Кɵптɵгɵн адамдар дем алыш кʏндɵрʏ уйкунун жетишсиздигин толтурууга аракет кылышат. Бирок, Иллинойс университетинин окумуштуулары бул ыкма натыйжасыз экенин аныкташкан. Организм уйкунун жетишсиздигин кийинки кʏнʏ гана толуктай алат. Уйкунун жетишсиздигинин ʏзгʏлтʏксʏз топтолушу кыжырданууну, депрессияны жана ашыкча салмак кошууга алып келет.

Кийинки деструктивдʏʏ адат бул – ар кандай диеталар аркылуу арыктоо ʏчʏн дайыма аракет кылуу. Диета кармануучулар ʏч топко бɵлʏнɵт. Биринчи топтогуларга каалаган салмагына жеткенден кийин кайра нормалдуу тамактанып баштап, кайра эле салмагын арттырып, стресске кабылгандар кирет. Экинчи топ чектɵɵлɵргɵ туруштук бере албайт жана кадимки диетага кайтып келип, алгачкыдан да кɵбʏрɵɵк салмакка ээ болот. ʏчʏнчʏ топ  эң туруктуу, дайыма жаңы диеталар менен эксперимент жасашат же ошол эле диетаны циклдик тʏрдɵ кайталап турушат. Бул адамдар ɵзгɵчɵ максаттарына жетпегендиги ʏчʏн ɵз сезимдеринен жабыркайт, ɵздɵрʏн дагы катуу чектɵɵлɵр менен жазалашат, дайыма ачка болушат жана кɵп учурда керектʏʏ азыктардын жетишсиздигинен жапа чегишет.

Кофе ичʏʏ адаты, аны ашыкча колдонуу ден соолукка олуттуу коркунуч алып келет. Дарыгерлер кʏнʏнɵ эки чɵйчɵккɵ чейин чектɵɵнʏ сунушташат, бирок кɵптɵрʏ бул нормадан ашык ичет. Кофе энергияны жаратпай турганын, бирок аны организмден гана “карызга алаарын” тʏшʏнʏʏ керек. Адаттан тыш кɵп кофе ичʏʏ организмге олуттуу кесепеттерди алып келет. Мисалы, уйкунун бузулушу, депрессиянын ɵнʏгʏшʏ ж.б. болушу мʏмкʏн. Ал эми кан басымы жогоруларга, кээ бир ɵнɵкɵт оорусу барларга кофе каршы кɵрсɵтмɵсʏ бар экенин эстен чыгарбоо кажет.

Кыймылдын жетишсиздиги менен кычкылтектин жетишсиздиги организмге терс таасир берет. Кычкылтектин жетишсиздиги организмди жарактан чыгарган дагы бир фактор. Кɵпчʏлʏк адамдар сыртта аз убакыт ɵткɵрʏшɵт. Кычкылтек зат алмашууну жайлатып, чарчоону пайда кылат. Кыймылсыз жашоо образы ооруларды пайда кылат. ʏзгʏлтʏксʏз физикалык кɵнʏгʏʏ жʏрɵк-кан тамыр ооруларынын жана депрессиянын пайда болуу коркунучун гана азайтпастан, жашоонун узактыгына да олуттуу таасирин тийгизери илимий жактан далилденген. Бул Тʏштʏк Каролина университетинин 12 жыл бою 2,600 улгайган кишилердин тобун ээрчиген узак мɵɵнɵттʏʏ изилдɵɵ менен тастыкталган. Натыйжалар физикалык активдʏʏлʏктʏн узак жашоого тийгизген таасири нормалдуу дене массасынын индексинен да ашып турганын кɵрсɵткɵн. Андыктан кыймылда болуп, “чээнден” чыгып, узак жашаңыз.

Расулова Мехрибон

About The Author