20 августа, 2025

МЕДИЦИНАДАГЫ РЕВОЛЮЦИЯЛАР “ЖАМАН ХОЛЕСТЕРИНДИ”  ЖАШАРТУУ  ЖОЛУ

“Кɵз алдыбызда кардиологияда чыныгы револиция жʏз берʏʏдɵ”,-дейт медицина илимдеринин доктору, Сеченовдук персондоштурулган кардиология институтунун директору  Филип Копылов. “Сыягы, “жаман холестериндин” кардиналдуу кɵйгɵйʏн чечʏʏ жолу табылды окшойт. Муну гендик терапия дейт.

Эске сала кетсек, тɵмɵнкʏ жыштыктагы холестериндин “адинен ашкан” деңгээли адамдардын мезгилинен эртерээк ɵлʏмгɵ учурашынын башкы себептеринин бири болууда. Холестериндик калдыктар кан тамырларда чогулуп калып, аларды кысып, кан айлануу бузулат. Ал эми холестериндик тогоолордун ажыроосу тромболордун жаралуусуна жана кан тамырлардын бʏтɵлʏп калуусун пайда кылат. Акыбети –инфаркт жана инсульт.

Бʏгʏн холестериндин ɵлчɵмʏн тɵмɵндɵтʏʏчʏ дарылар бар.            Аларды  ɵмʏр бою  колдонуп жʏрʏʏ керек. Бирок, кээде жогорку ɵлчɵмдɵрдʏ коркунучсуз деңгээлге дейре тʏшʏрʏʏ мʏмкʏн болбой калат”.

Гендик терапия зыяндуу холестериндин деңгээлин тʏшʏрʏʏдɵ  буга чейинки колдонулуп келген каражаттарга караганда натыйжалуу кызмат кылат деп кʏтʏлʏʏдɵ. Болгондо да бир гана иньекция! Революциялык иштелмелер окумуштуулар тарабынан буга дейре жаныбарларга ийгиликтʏʏ колдонуудан ɵткɵн. Акыркы убактарда адамдарды  катыштыруу  аркылуу клиникалык изилдɵɵлɵргɵ старт берилди. Эгерде  терапия иштеп жатканы жана анын  зыяндуу кɵрсɵтмɵлɵрʏ жоктугу аныкталса,  бул кылымдык жетишкендикке тете болот деген ʏмʏт бар. 

Карылыктын жʏгɵнʏн тарта туруу – бʏт дʏйнɵ окумуштуулары баш катыра иштеп жаткан эң маанилʏʏ милдеттеринин бири.

“2024-жылы  картаюу механизмин изилдɵɵдɵ олуттуу алдыга жылуулар болуп ɵттʏ”,-дейт  Россиянын хирургия илимий борборунун узак жашоо институтунун директору, биология илимдеринин доктору, Россия Илимдер академиясынын мʏчɵ-корреспонденти Алексей Москалев. -Картаюу процессинде жана курактык илдеттердин ɵнʏгʏʏсʏндɵ иммундук системанын IL белогу маанилʏʏ ролду ойнойт. Ал кандагы сезгенʏʏчʏлʏк реакцияларга катышат жана убакыттын ɵтʏшʏ менен организмде топтоло берет. Чычкандарга жасалган эксперимент укмуштуудай натыйжа берди. Жогоруда аталган белокту ɵндʏрʏʏгɵ жоопкер болгон генди алып таштаганда тажрыйба жʏргʏзʏлʏп жаткан жаныбарлардын ɵмʏрʏ узаргандыгы катталган. Кемирʏʏчʏлɵр картайган курктарында деле мыктыраак ден соолукта жана активдʏʏ бойдон кала берген. Ал эми баягы  белоктун таасирин блокировкалоочу препаратты картайган келемиштерге бергенде алардын организминдеги зат алмашуу процесси жана булчуңдардын абалдары жакшырган. Башкача айтканда,  окумуштуулар сʏт эмʏʏчʏлɵрдʏн картаюусун артка кайтарууга мʏмкʏн экендигин далилдешкен.

2024-жылы изилдɵɵчʏлɵр организмдин эскирʏʏсʏ жана курактык илдеттери менен байланышкан башкы табышмактарынын бирин ачышкан.

“Медицинада клеткалык картаюу деген деген тʏшʏнʏк абалтадан эле бар”,-дейт профессор Москалев. “Клеткалар бɵлʏнʏʏнʏ токтотот да, курчап турган ткандарга негативдʏʏ таасир бере башташат”. Окумуштуулар боор картаярын жана паралеллдʏ тʏрдɵ башка органдардын да  картая баштоосуна чынжырлуу реакция берерин аныкташты. Бул процесстин башкы кʏнɵɵкɵрʏ ТJFB белогу эсептелет. Ал ɵзʏнчɵ бир “карылыктын кабылдагычы” катары иштейт. Анын таасирин блокировкалаганда боордун кɵйгɵйлɵрʏ менен байланышта болгон бɵйрɵк илдеттеринен кутулууга мʏмкʏнчʏлʏк жаралган. Бул ачылыш организмдин иштɵɵсʏ жɵнʏндɵгʏ тʏшʏнʏктʏ ɵзгɵртɵт.

Окумуштуулар эластин белогуна чоң ʏмʏттɵрдʏ байлашат. Биздеги кан тамырларды, тери жана башкаларды жылмакай кармап турууга жоопкер деп ошол белок саналат. Организмдеги анын запасы орточо жʏз жылга жетет. Бирок, организмдеги сезгенʏʏ процесстеринин акыбетинде иммундук клеткалар эластинди талкалоочу затты бɵлʏп чыгарат. Ал эми  анын бузулуу процессинин фрагменттери сезгенʏʏнʏ кʏчɵтʏп,  дабаасыз айлампа жаралат.

Азыр окумуштуулар организм эластинди кантип кайра жаратып, бузулбай иштеп кете алаарынын ʏстʏндɵ иштеп жатышат. 

“Ɵткɵн жылда нейробиологиядагы башкы окуялардын бири деп мен  швейцариялык изилдɵɵчʏ Грегуар Куртиндин  жасап жаткан ишин айтаар элем”,-дейт Россиянын мээ жана нейротехнология боюнча федералдык борборунун генералдык директору, биология илимдеринин доктору Всеволод Белоусов. “Ал командасы менен омуртка мээси   жабырланган  пациенттерге кыймылдоо мʏмкʏнчʏлʏгʏн кайтаруунун ʏстʏндɵ иштеп жатат. Алардын омуртка мээсине электроддордон  куралган атайын матрицалар имплантацияланат. Аларга таасир эткенде, басуу борборлору стимулдашып, кыймылдоо пайда болот”.

2024-жылы изилдɵɵчʏлɵр жаныбарларга тажрыйба жасоо аркылуу басууну активдештирʏʏгɵ жооп берʏʏчʏ мээ  зонасын аныкташты. Бул – гипоталамустун (температураны регуляциялоодо, табитти, уйкуну, гормоналдык балансты башкарууда жетектɵɵчʏ роль ойногон баш мээнин белгилʏʏ бир  бɵлʏгʏ). Келемиштерге тажрыйба жасалгандан кийин  изилдɵɵчʏлɵр кыймылдай албай калган пациенттерди сынап кɵрʏштʏ. Нейрохирургдар гипоталамусту тереңдетип стимуляциялоо ʏчʏн аларга электроддорду орнотушту. Бул пациенттерге тʏздɵн тʏз  баш мээнин жардамы аркылуу эле басып кетʏʏгɵ  мʏмкʏнчʏлʏк берди!

2024-жылдын жайында 67 жаштагы британ Януш Рац ɵпкɵ  рагына каршы дʏйнɵдɵ алгачкы болуп биринчи “прививкадан” ɵткɵрʏлдʏ.

 Рак илдетине каршы клиникалык изилдɵɵ-тажрыйбаларга катышууну каалаган ыктыярдуулар декабрь айында Россияда  тандалып алынды. Клиникалык изилдɵɵлɵр  ʏстʏбʏздɵгʏ жылда старт алат деп кʏтʏлʏʏдɵ.

Ракка каршы вакциналарды ичʏʏ рак шишиги табылган бейтаптарга сунуш кылынат. Бирок, вакциналар бизге кɵнʏмʏш болуп калган эле принципте иштешет:  конкреттʏʏ пациенттер организминдеги рак клеткалары менен ийгиликтʏʏ кʏрɵшʏʏсʏ ʏчʏн вакциналар иммундук системаны машыктырат. Жаңы техология панацея эмес. Ал  ар дайым  эле ар кандай шишикке каршы жана ар кандай эле пациенттер ʏчʏн иштей бербейт.  Бирок, эгерде вакцинанын натыйжалуулугу далилденсе, ал онкологиялык оорулууларды, анын ичинде рактын эң кийинки стадияларындагыларды да сактап калууга опол тоодой салым кошот.

Yмʏттɵндʏрʏп турган дагы бир багыт – радиофармацептикалык препараттар. Жɵнɵкɵйлɵштʏрʏп айтканда, анын курмында  тигил же бул рактык шишиктин тканы азыктанчу белок бар. Бул “капканга” радиоактивдʏʏ булак туташтырылган. Шишикке тʏшʏп алган ал белок аны бутага так алуу менен жок кыла баштайт.

2024-жылы Россиялык окумуштуулар биринчи жолу радиофармацептикалык  Л жана 177 DOTATATE ата мекендик препаратын колдонушкан. Ал  рактын ɵтɵ кооптуу бир тʏрʏ — ɵттɵгʏ нейроэндокриндик шишикке каршы кʏрɵшɵт. Лютеций 177  А.Ф.Цыба атындагы радиологиялык  илимий борбордо синтезделип, пациенттерге колдонулган. Россия онкологиясында бул окуя жылдын чыныгы ийгилиги болуп калды.

Абдираим Мамытов

About The Author