Рамазан – кечиримдʏʏлʏккɵ, ыйманга, кайрымдуулукка жана кең пейилдʏʏлʏккɵ чакырган, элдин биримдигин бекемдеген 12 айдын султаны. Ушул кʏндɵрʏ бардык мусулмандар сооптуу иштерди жасап, парздарын аткарууга аракеттенишет. Орозо кармоодо кандай эрежелерди сактоо керектиги тууралуу Ош шаардык Казыятынын кызматкери Асан ажы Сатаров айтып берет.

“Орозо балакатка жеткен мусулман эркек жана аял ʏчʏн парз”
-Мээримдʏʏ жана ырайымдуу болгон Алла Тааланын аты менен баштайын. Баарыңыздарга кирип келген рамазан айы куттуу жана берекелʏʏ болсун! Исламда 5 парз бар. Алар: келме келтирʏʏ, намаз окуу, орозо тутуу, зекет берʏʏ жана ажылыкка баруу. Ушул 5 парздын бири болгон рамазан айындагы 30 кʏндʏк орозо ар бир балакатка жеткен мусулман эркек жана аял ʏчʏн милдет болуп эсептелинет.
“Оозду убагында бекитʏʏ зарыл”
-Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бир хадисинде “силер айга карап ооз ачкыла, айга карап ооз бекиткиле” деп айтылат. Азыркы кʏнгɵ чейин ооз ачуу жана бекитʏʏ ʏчʏн ай каралат. Албетте, замандын ɵнʏгʏшʏ менен календарга, саатка каралат. Бирок, биз колдонгон григориан календарында ар бир ай 30-31 кʏн болсо, мусулман жыл санагында 29-30 кʏн болот. Ошондуктан айрым жылдары 30 кʏн кармалса айрым учурда 29 кʏн орозо кармалууда. Бул эч кандай кɵйгɵй жаралуусуна себеп боло албайт. Тагыраагы, 29 кʏн орозо кармоо нормалдуу эле кɵрʏнʏш. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) дагы бир хадисинде “Кʏндʏн батуусу менен ооз ачканга шашылгыла, себеби яхудий жана христиандар жылдыз кɵрʏнгɵндɵ ооз ачышат”деп айтылат. Ошол себептʏʏ азан айтылган убакта ооз ачылышы зарыл. Эрте менен азан айтылганга чейин ооз бекитилет. Мисалы, кечинде кɵп жеп алып же кечинде ооз жаап алам деп эрте менен жебей коюу туура эмес. Бир курма же бир ууртам суу ичип болсо да ооз бекитʏʏ абзел. Себеби эрте мененки ооз бекитʏʏдɵ жеген тамактын ɵзʏнʏн берекеси бар.

Ооз ачтыруунун сообу
-Орозо учурунда кылынган ибадаттардын сообу 700 эсеге чейин кɵп болот. Рамазан айында намазга кошуп, нафиль-намаздарын окуу, куран хатымга баруу, куран окуу, ооз ачтыруу, жетим жесирлерге жардам берʏʏ сооп болуп эсептелет. Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистеринде “бир курма менен болсо да ооз ачтырганга себепчи болгула” деп айтылат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кудайга шʏгʏр, элдин жашоосу жакшы, мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ кенен. Ошентсе да ооз ачтырууда ысырапкерчиликке жол берʏʏдɵн алыс болуубуз зарыл.
“Ар бир адам ɵзʏн Рамазанга даярдоосу керек”
-Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде: “Рамазан келе жатат, ɵзʏңɵрдʏ даярдагыла”,- дейт. Ошонун негизинде руханий жактан да, психологиялык жактан да рамазан айына даяр болушубуз керек. Эгерде психологиялык жактан даярданбай турган болсок, бул нерсе дагы кɵп зыян алып келʏʏсʏ мʏмкʏн. Орозо кʏнʏндɵ “13 саат оозум жабык болот” деп алдын-ала мээге сиңирип, психологиябызга таасир беришибиз зарыл.

“Рамазан айында кадыр тʏндʏ издɵɵ керек”
-7 кʏндʏн султаны жума болсо, 12 айдын султаны болгон Рамазан айынын алгачкы он кʏндʏгʏ мээрим, экинчи он кʏндʏгʏ кечирим жана акыркы он кʏндʏгʏ тозок отунан кутулуу болуп саналат. 1000 айдан да артык болгон бул кадыр тʏн кечеси дал ушул рамазан айында. Пайгамбарыбыздын (САВ) айткан хадиси бар: “кадыр тʏндʏ акыркы 10 кʏндʏн так кʏндɵрʏн карагыла” деген. Кɵбʏнчɵ 26 сынан 27сине ɵткɵн тʏнгɵ болжол кылынат. Мʏмкʏн болгон болсо акыркы 10 кʏндʏн так кʏндɵрʏндɵ, бʏгʏн кадыр кечеси болот деп кадыр кечесинин ибадаттары кɵбʏрɵɵк кылышыбыз керек.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

Окшош макалалар
ШНОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНА ƟТКƟН ЖЫЛЫ КИМДЕР ТАТЫДЫ?
УЙКУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Легендага айланган Mercedes-Benz