20 августа, 2025

АКЫР ЗАМАН МЕГАКОМЕТА МЕНЕН КЕЛЕБИ?

Кʏн  тутулуп, бир нече секундга ɵчʏп калса, табият токтоп калат. Ал эми кʏндʏн бозоруп туруп бериши бир канча жылдарга созулсачы? Андайды кɵз алдыңа келтиргиң да келбейт.

Летопистерде биздин “кʏндʏзгʏ жарыгыбыз” жылдар бою ɵчʏп калганы жагдайында жазуулар сакталып калган. Кеп мында кадимки эле кʏндʏн тутулушу жɵнʏндɵ эмес, адамдар бир нече жылдарга кʏндʏн кɵзʏн кɵрбɵй жашашкандыгында болуп жатат. Биздин заманга чейинки 535-жылы кʏндʏн кɵзʏ бир жылдан ашыгыраак кɵрʏнбɵй калган. Адамзаттын коллективдик эстутумунда бул окуя “кудайлар кʏʏгʏмʏ” деген ат менен калган. Адамдардын эсебинде, кудайлар бирин-бири жок кылып, пенделерин тагдырга тапшырып коюшкан.

“Караңгылык каптады. Кʏн жыл бою ай сыяктуу эле ʏрʏл-барал тийип турду. Бул кʏн тутулганга окшош эле, анткени кʏндʏн нуру адаттагыдай таза эмес болчу. Ошол учурдан баштап адамдар согуштан, чумадан, пендеге белгилʏʏ жана белгисиз болгон башка ажалдардан кутула алышкан жок”

Прокопий Кесарийский.

Ошентип кʏн чыгып жана батып жатты, бирок жарыкты кандайдыр бир каалабагандай берип турду. Шооласы айдыкынан жарык эмес. Суук башталды. Жазында талаа жашылданганы менен тʏшʏмсʏз бойдон кала берди. Жайында кар жаап, ал эми Тʏндʏк Европада коркунучтуу кургакчылык болуп, андан улам эгин талааларын, токой, шаарларды жалмаган ɵрттɵр ɵкʏм сʏрдʏ. Ачарчылык артынан элди чума басты. Мындай байланыш тарыхта бир ирет эле болгон жок. Ал замандагы адамдардын иммунитети деле жыргап кетпеген (илгерки адамдардын дени-карды бизге салыштырмалуу соо болгон деп бекер эле айтышат, кир-коктун арасында, медицинасыз жана жарыбаган тамак-аш), демек ансыз деле бир жактуу болуп турган тамак-аштан калдың дегиче, ооруу шып жармашат. Бʏтʏндɵй шаарлар ээнсиреп-эңгиреп турду. Каза тапкандардын ʏй-жайына уурулукка киргендер ɵздɵрʏ ɵлʏп тынган заман болду.

Бирок, ошол жыл жалгыз болдубу? Библияда ошого окшош окуялардын жазмалары бар. Египет караңгылыгы. Сюжет боюнча Моисей фараондон элин мекенине коео берʏʏсʏн ɵтʏнɵт, антпесе ɵлкɵнʏ он жаза кʏтɵт. Фараон макул болбойт. Жазалар аткарыла баштайт. Караңгылык – ошолордун бири.

“Моисей кɵккɵ алакан жайды жана Египеттин бардык жеринде ʏч кʏн бою коюу  караңгылык каптап турду. Бирин-бири кɵрбɵй, ʏч кʏн бою эч ким ордунан турбады. Израилдин бардык уулдарынын ʏйлɵрʏндɵ жарык бар эле”

Библия. Бʏтʏʏ.

Сыягы, караңгылык калган тогуз кырсыктын себепкери окшойт. Атап айтканда тʏшʏмсʏздʏк башталды. Саздан бакалар, талаадан саранча жана чегирткелер чыкты. Пенделер ооруп, ɵлʏп жатты. Дарыялар балыксыз калып, ал эми алардын суулары канга айланды. Бʏтʏндɵй алганда 536-жылкы окуядан кɵчʏрʏлгɵндɵй.

Окумуштуулар окуянын тарыхыйлыгынан кʏмɵн санашкан, бирок ошол эле окуя жазылган папирус табылган. Андан белгилʏʏ болгондой, бул коркунучтуу окуялар биздин заманга чейинки он ʏчʏнчʏ кылымда, фараон Рамзес Экинчинин заманында болуп  ɵткɵн. Айтмакчы, караңгылыктын капташы кээде локалдык мʏнɵзгɵ ээ болуп, кɵпкɵ созулган эмес. Алсак, 1930-жылы гезиттер жазгандай, Якутиянын бир нече айылдары жарыксыз калып, таң аткан эмес. Асман кɵк-кызыл тартып тура берген. Кечке жуук караңгылык таркаган. Бул аймактарда кыштактар бири-биринен алда канча окчун жайгашканын эсепке алганда окуянын масштабы бир нече миң чарчы чакырым менен бааланат.

Мындайларга тʏшʏндʏрмɵ бергенге аракеттенген окумуштуулар адатта вулкандарды эске тʏшʏрʏшɵт. Кʏндʏн жарыгын балким вулкан чаңы тосуп калат. Гренландиянын муздарынан вулкандын жарылуусунун издерин да табышкандай болгон. Исландиядагы вулкан жарылган деп чечишкен.

Вулкан жɵнʏндɵгʏ версиянын алсызыраак экенин 1816-жылдагы жай саратансыз жылдын мисалынан кɵрʏʏгɵ болот. Бул жыл байкоолор тарыхындагы эң суук жыл болгон. Анткен менен адамзат велосипедди ойлоп тапкан (аттар чɵпсʏз жана жер семирткичсиз калышкан) кʏн адаттагыдай эле калбында тийип турганы маалым болсо да, баары бир тиешелʏʏ вулканды издешкен жана табышкан. Бирок вулкандар жерде дайыма эле ойгонуп турат. Бɵйрɵктɵн шыйрак чыгара берʏʏгɵ дайыма эле мʏмкʏн да.

Алыс-алыста, жерден 3600 жарык жыл аралыкта кʏндʏн бир эгизи катары эсептелген бир жылдыз бар. 2014-жылы ал капыстан эле бозоруп жатып калды. Эми-эми кайра калыбына келʏʏдɵ. Окумуштуулар болгон бардык мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ карап чыккандан кийин иликтɵɵчʏлɵрдʏн эл аралык командасы жогорудагыдай процесстердин сыягы чыныгы себебин аныкташты. Кыска айтканда, бул мегакомета.

Жылдыздар гравитациянын кʏчʏ менен бир чекитке бириктирилген  чаң, таштардан конденсацияланышат. Топтолгон кошулманын чок ортосуна дал ушул гравитация ядролук реакция “отун тамызат”. Жылдыз туулду! Бирок “курулуш таштандылары” калды. Алардан планеталар чогултулат. Арийне, “таштанды” баары бир кɵп жана алар алыста.

Оорта булуту — кʏндɵн жʏз миң  жер орбитасындагы аралыктагы  бул чɵлкɵм ушинтип аталат. Мына дал ошол  жактан маал-маалы менен жаңы кометалар учуп келишет. Ушундай эле булут  жылдыздарда да бар. Астрономдор тɵмɵнкʏдɵй пикирге келишти: “Курулуш таштандыларынын” дал ушул жылдыздардагы “ʏймɵгʏнɵн” чыккан таштандылар ага жакын жайгашкан биздин планетада муз доорун жараткан. Муну кометалар уюгунун чабуулу деп атагандар жаңылышпайт. Кометалар — кʏн системасынын баштапкы буюм-тайымдары дал ушундайча аталышат. Муз доорундагы мегакометалар, балким жалгыз комета ушулардын курамына кириши мʏмкʏнбʏ? Жок деп айта албайсың. Тунгус метеорити да ушулардын бири. Вавилондук жазууларда Нибиру планетасы, башка планеталарга идентификациялоого мʏмкʏн болбой жаткан планета жɵнʏндɵ кɵп маалыматтар бар. Нибиру пайда болгондо дʏйнɵлʏк катаклизм болуп ɵтɵт. Библиядан бизге маалым болгон Полынь жылдызы кыямат кайымдын, акыр заман алааматынын кабарчысы болуп калаары айтылат.

Абдираим МАМЫТОВ. 

About The Author