20 августа, 2025

Дʏйнɵдɵгʏ топ 10 деликатес

Дʏйнɵ жʏзʏндɵ айрым тамак-аштар ɵздɵрʏнʏн сейректиги, даярдоо татаалдыгы жана уникалдуу даамы менен айырмаланат. Ошол эле учурда ар бир элдин ɵзʏнɵ тиешелʏʏ деликатестери бар. Алдыда тамак-аштар тууралуу бир аз кеп кылмакчыбыз. Айрымдарынын баасы сизди таң калтырбай койбойт.

Белуга икрасы дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат азык. Бир килограмм белуга икрасынын баасы 5000 долларга бааланып, азыктык баалуулугу боюнча биринчи орунда турат. Аталган икра Каспийдин ойдуңунда жашаган сейрек кездешʏʏчʏ осетр балыктарынын бири. Салмагы кеминде 1 тоннага чейин жетет. Белуга икрасынын жумурткасынын кɵлɵмʏнʏн диаметри 2,5 милиметр. Икрасынын сапатын баалоо ʏчʏн тʏсʏнɵ маани беришет. Эгерде жумуртка ачык тʏстɵ болсо, баасы ошончолук жогору болот. Анын даамы аябай туздуу келип, кычкыл болгондуктан, атайы май менен берилет.

Шафран дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат татымал. Мезгилине жараша шафрандын баасы фунтуна 1500 доллардан 2500 долларга чейин кɵтɵрʏлʏп турат. Шафран татымалы колго терилген шафран гʏлдɵрʏнɵн алынат. Бир фунт шафран алуу ʏчʏн 50-70 миң гʏл керек. Бул ɵтɵ узак жана кɵп эмгекти талап кылган процесс болгондуктан шафрандын ɵтɵ кымбат баасын тʏшʏндʏрɵт. Бул татымалдын мекени  Иран, Испания ɵлкɵлɵрʏ.

Чыныгы мрамор уй этин Япониядагы Кобе провинциясындагы Хиого префектурасынан гана таба алабыз. Алар уйлардан мрамор этин алуу ʏчʏн уйларды сыра жана эң жакшы чɵптɵр менен гана азыктандырышат. Кызыгы уйларга атайы массаж жасап беришет. Ɵзгɵчɵ камкордуктун натыйжасында эти дагы ушунчалык даамдуу жана майлуу болот. Килограммы 300 доллардан туруп, кээде бир кесиминин эле баасы миң доллардан ашып кетет.

Устрица деңизде жана туздуу сууда жашаган моллюскалардын ар кандай тʏрлɵрʏнɵ карата колдонулат. Алар кɵбʏнчɵ берметтерди чыгарышат, бирок жегенге жарамдуу устрицалардан жасалган берметтер баалуу эмес болуп саналат. Устрицаны кɵбʏнчɵ чийки боюнча ɵзʏнʏн ширеси менен же лимон менен жеш салтка айланган.

Ак трюфель дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат козу карын. Алар жер астындагы токойлордо ɵсʏп, кɵбʏнчɵ бак дарактардын тамырында жайгашат. Жер астындагы жемиштʏʏ кычыткы козу карындардын бир тукуму. Алардын жыты ɵзгɵчɵ болуп, куурулган жаңгактын жытына окшош келет. Буларды табуу ʏчʏн адамдар атайын ʏйрɵтʏлгɵн иттер менен чочколорду колдонушат. Ак трюфельдер ɵзгɵчɵ баалангандыктан, эреже катары тамактарды кооздоо ʏчʏн гана колдонулат. Анын 1,2 килограммы эле 150 миң долларды тʏзɵт.

Жегенге жарактуу уяларды жасаган канаттуулар Тʏштʏк-Чыгыш Азиянын жээгиндеги ʏңкʏрлɵрдɵ жашашат. Уя куруу ʏчʏн шилекейин аба менен катытып, татаал химиялык кошулманы колдонушат. Уянын салмагы 10 граммдан ашпайт. Бул деликатести кытайлыктар ɵзгɵчɵ колдонуп, жегенге тонналап алышат. Андан шорпо да жасашып, тооктун этине да кошуп жешет. Суюктук кошулганда уянын текстурасы ɵзгɵрʏп, катып калат. Бул канаттуулардын уялары дарылык касиетке дагы ээ. Адам ооругандан кийин кʏч-кубатты калыбына келтирет жана потенцяны кʏчɵтɵт.

Фугу Жапон деңиз балыктарынын тукумуна таандык. Ал ɵтɵ кооптуу болсо да деликатес катары эсептелет. Фугу тетродотоксиндин ɵлʏмгɵ алып келе турган уусун камтыйт, ошонун себебинен бышыруу процессинде ɵлчɵмʏн азайтуу керек. Аны атайын жогорку курстарды аяктаган жана лицензия алган квалификациялуу ашпозчулар гана даярдай алышат. Эгерде аны кɵрсɵтʏлгɵн ɵлчɵмдɵн кɵбʏрɵɵк пайдаланса ɵлʏмгɵ алып барат. Анткени анын уусуна каршы дары жок. Ошонун себебинен дагы Тʏштʏк-Чыгыш Азиянын кээ бир ɵлкɵлɵрʏндɵ фугу кармоого тыюу салынган.

Икра менен катар фуа гра дагы дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат деликатестердин бири болуп келет. Ал ɵрдɵктʏн же каздын боорунан жасалат. Фуа гранын негизги ɵндʏрʏʏчʏсʏ Франция. Канаттуулардын боору чоңоюп, майлуу болушу ʏчʏн, алар атайын ыкма менен азыктандырышат. Тʏтʏк аркылуу канаттууларга кʏн сайын суюк абалдагы таза азыктарды берип турушат. Ɵзгɵчɵ азыктандыруунун натыйжасында канаттуунун боору бир нече эсе чоңоюп, абдан семиз болуп, боору сары майга окшоп калат. Ал  француз ашканасында кеңири колдонулат.

Омар рак сымалдуулар тукумундагы деңиз жаныбарларынын бири. Жылына 2 миллиард долларга чейин киреше алып келет. Анын эти бышкандан кийин кызгылт тʏскɵ айланат. Тамак-аш катары анын кабыгынын астынан алынган эт, куйругу жана буттары, ошондой эле боору жана икралары колдонулат. Мисалы, салаттар, аспик, крокет, суфле, мусс, шорпо сыяктуу муздак закускалар да Омарлардан даярдалат. Андан жасалган тамактар Европа ашканасында кеңири колдонулуп келет.

Мацутакэ  Японияда ɵсʏʏчʏ роцея тукумундагы козу карын. Алар деликатес катары эсептелинип, кант диабети, рак жана башка оорулардын алдын алуу ʏчʏн колдонулуп келет. Мацутакэ Жапон ашканаларында 1000 жылдан бери колдонулуп, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин актуалдуу. Мацутакэ козу карындары белек абдан жогору бааланат. Анткени мацутакенин килограммы 700 доллардан 2000 долларга чейин турат. Акыркы мезгилдери Японияда кескин азайып кеткендиктен, АКШдан, Тʏндʏк Кореядан жана Кытайдан экспорттолууда.

Ширин Абдылда кызы

About The Author