30 августа, 2025

Эл ɵкʏлдɵрʏнʏн курамын кайсы кесип ээлери тʏзɵт?

“Ар бир кесип ардактуу” деп бекеринен айтылбайт. Бардык кесип ээлери ɵз тармагынын кɵйгɵйʏн жакшы тʏшʏнʏп, аны чечʏʏ механизмдерин иштеп чыгып, мамлекеттин ишин алга жылдырууда чоң кʏч болуп саналат. Эл ɵкʏлдɵрʏнʏн да ар тармактан шайланганы ошондон болуу керек. Теманы улай, алардын айрымдарынын кесиби, ишмердик чɵйрɵсʏ тууралуу “Кесип” рубрикабызда айтып бермекчибиз. Конокто Ош шаардык Кеңешинин депутаттары.

-Абдулла Баратович, жумуштан сырткары багбанчылык менен да алектенет экенсиз, бул тармакка кантип кызыгып калдыңыз эле?

-Эр жигитке жетимиш ɵнɵр аздык кылат дейт. Мен да бош убактымда жаңы нерселерди ɵздɵштʏрʏʏгɵ аракет кылам. Алардын бири багбанчылык. Бош жаткан жерди иштетʏʏ, айрыкча мɵмɵлʏʏ бак эгʏʏ абдан сооптуу иш. Бир чети ʏй-бʏлɵлʏк бюджеттин жакшырышына да ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

-Практикаңызга таянып биздин аймакка кайсы мɵмɵ бактарын кɵп эгʏʏнʏ сунуштайсыз?

-Ɵлкɵбʏздʏн тʏштʏк аймактарынын климаттык шартында ɵрʏк, кокон гилас, жʏзʏм, анар, бадам бактары жакшы ɵстʏрʏлɵт. Анткени бактын бул тʏрлɵрʏ ысык климатты сʏйɵт. Суусу кем жерлерге ыңгайлашып, кургакчылыкка туруштук бере алат. Учурда багбандар кɵчɵт ɵстʏрʏʏнʏн заманбап ыкмаларын колдонуп, бир топ жакшы ийгиликтерге жетишʏʏдɵ.

-Кызматыңыз жɵнʏндɵ айтып берсеңиз, шаар тартипке келтирилип жаткандыктан жумушуңуздар да абдан кɵбɵйгɵн чыгар?

-Ооба, учурда “Ош тазалык” муниципалдык ишканасында жумуш кызуу жʏрʏп жатат. Ал жерде айдоочу болуп иштейм. Таңкы 4:00, 4:30дарда ишти баштайбыз. Жай мезгилинде 2:00 же 3:00дɵ чыгып, шаарда унаалардын жана жɵɵ жʏргʏнчʏлɵрдʏн кыймылы башталганга чейин жолдорду жууп ʏлгʏрɵбʏз.

-“Депутат болом” деген жаштарга кеңешиңиз, кандай сапаттарга ээ болуусу керек?

-Ар иште чындыкты сʏйлɵй билʏʏ, элге, мамлекетке ак кызмат менен эмгегиңди сиңирʏʏ, берген убадаң менен кылган ишиңдин дал келʏʏсʏ, эр эмгегин эл баалайт дейт. Сɵзсʏз эле “байдын же министрдин баласы депутат болот” деген тʏшʏнʏк туура эмес. Депутат — эл арасында эл менен чогуу аралашып жʏргɵн инсан. Мен да депутаттыка мансап ʏчʏн же чоң кызматты кɵздɵп келген жокмун. Эң чоң максатым, шаарыбыздын, мамлекетибиздин ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошуу. Адам баласы жашоого бир эле жолу жаралат, жакшы ат менен тарыхта калуусу керек, менин принцибим ушундай.

-Коомубуздагы кандай кɵйгɵйлɵр тынчыңызды алат?

-Айрым учурда адамдардын ɵзʏмчʏл болуп баратканы, бири-бирине ишенбестиги ойлондурат. Ошондой эле кичинекей балдардан баштап, чоң адамдарга чейин телефонго кɵз карандылыгы кɵйгɵй деп ойлойм. Аны максаттуу пайдаланса кеп башка, кээде жанындагы адамга эмес, интернет булактарындагы жалган маалыматка ишенип алгандар болот. Айтор  адамдардын бири-бирине болгон байланышы бир аз ʏзгʏлтʏккɵ учурап бараткандай…

-Билим алган мектебиңиз жана жогорку окуу жайыңыз жɵнʏндɵ айтып берсеңиз?

-Союз убагында жана эгемендʏʏлʏктɵн кийин жашап, эки доорду кɵрʏп калдык. 1-класстан орус мектепте билим алдым. Бала кезден эле чоң бир заводду башкаруу кыялым болчу. Ɵспʏрʏм кезде жазуучу болом деп чыктым. 9-классты бʏткɵндɵн кийин ата-энем “кыргыз тилин ʏйрɵн” деп Жалал-Абаддагы №1 кесиптик лицейинин “бухгалтердик” адистигине тапшыртышты. Бухгалтерияны окуп жʏрʏп, бул кесип мага жагып калган. Лицейди артыкчылык менен аяктадым. Андан кийин Ош технологиялык университетинин финансы кредит жана банк иши адистигине тапшырдым. Бир аз чыгармачылыкка жакын элем, студент кезде КВН командага кошулуп, кɵптɵгɵн ийгиликтерди жараттык. Тарыхта биринчи жолу Ош мамлекеттик университетинин командасын утканбыз. Кесибим боюнча университетти да артыкчылык диплому менен аяктап, 2003-жылдары иш издеп банктарга барсам “айлыгы 100 сом, андан сырткары 6 ай акысыз сыноо мɵɵнɵтʏн ɵтɵйсʏң” дешти. Ошол жылдары келинчегим менен баш кошконбуз. 100 сом айлык чынында аз, ʏй-бʏлɵмʏ бага албай калам деп банкка ишке барбадым. Апам фармацевт болуп иштечʏ, апама жардам берип дарыканада иштей баштагам. Кийинчерээк ɵзʏм дарыкана ачууну ойлондум. Албетте, ишкердик баштоо башында кыйын болот экен. Бара-бара жакшырып, ачкан кичинекей дарыканабыз ийгиликтʏʏ иштей баштады. Базар тарапта эл кɵп болгондуктан ал жакка да ачтык. Убакыт ɵткɵн сайын дʏң соода менен иштеп, 2009-жылы дарыларды дʏң сатуу боюнча “Биомир” ЖЧКсын тʏптɵгɵм. Ушул кʏнгɵ чейин элди дары менен камсыз кылуу тармагында иштеп келе жатам. Кесибим боюнча иштебей калганым менен алган билимим бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин ишкердикте ɵтɵ чоң пайдасын тийгизʏʏдɵ. Ошондой эле ар бир ийгилигимдин артында ʏй-бʏлɵмдʏн, апамдын атамын колдоосу, насааттары турат.

-Биздин эл врачка чейин эле ɵз оорусун ɵзʏ аныктап, тʏз эле дарыканага бара бермейи бар эмеспи, ушул кɵйгɵй менен кантип кʏрɵшɵсʏздɵр?

-Мисалы ɵзʏм керек учурда гана дары ичпесем, башка учурда ооруну алдын алууга аракет кылам. Башка адамдарга да ооруну дарылагандан кɵрɵ алдын алган жакшы деген тʏшʏнʏктʏ сиңиргенге аракет кылабыз. Биздин компаниянын миссиясы дары гана сатуу эмес, миссиябыз адамдардын ден соолугун сактап калуу. Анткени, мамлекеттин эң чоң байлыгы дени сак эл. Элдин дени сак болгондо гана ɵлкɵ гʏлдɵп ɵнʏгɵт. Ошондуктан ар бир адамга туура тамактанууну, спорт менен машыгууну, дени сак жашоо образын тʏзʏʏнʏ сунуштап келебиз. Азыр дʏйнɵ жʏзʏндɵ натуралдык таза тамак-ашка талап аябай кʏчтʏʏ. Кудайга шʏгʏр биздин эл да тʏшʏнʏп, ɵзʏн сыйлап, ден соолугуна кам кɵрɵ баштады.

“Жасаган ишибиз элге сɵзсʏз пайдасын тийгизʏʏсʏ зарыл”

-Адамдар кыял менен жашайт. Турмуш шартка байланыштуу убакыт ɵткɵн сайын айрым кыялдарды ɵчʏрʏп салгандар болот. Эгер кыялданбай койсок ал нерсеге эч качан жетпей калышыбыз мʏмкʏн. Ошондой эле ишти берилип, сʏйʏп жасагандан сɵзсʏз жыйынтык чыгат. Айрыкча бизнести тʏптɵп кеткенге чейин кʏнʏгɵ кыйынчылыктар болот. Албете акча маанилʏʏ, бирок, акчага чейин жасаган ишибиз элге сɵзсʏз пайдасын тийгизʏʏсʏ зарыл.

-Буга чейин эле саясатка жакын белеңиз?

-Чынын айтсам мурда саясаттан алыс болчум. Балким жашым келдиби, айтор элге пайдам тийсе экен деп ойлоно баштадым. Бир чети мурда эл арасында “депутаттар жаман” деген сɵздɵр кɵп айтылчу. Азыр ɵлкɵбʏз кʏн сайын жакшы жакка ɵзгɵрʏп баратат. Президенттин баштоосу менен бир нече жакшы демилгелер жасалууда. Шайлоодо ашыкча мыйзам бузууларга катуу тыюу салынып, таза шайлоо ɵттʏ, шайлоочулар чын ниетинен шайлашты. Ушулардын баары мага кʏч-дем берип, туура жолдо баратканыма ынандырып, шаарды ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошом деген ниетимди дагы да бекемдеди.

-Кесибиңиз боюнча канча жыл иштедиңиз?

-Биринчи кесибим мугалимдик болгон. Ош мамлекеттик университетинин Дʏйнɵлʏк тилдер факультетинде англис тили мугалими кесибин бʏтʏргɵм. Кесибим боюнча ОшМУнун анлис тили кафедрасында беш жыл мугалим болуп иштедим. Экинчи кесибимди кайра эле ОшМУнун юриспруденция бɵлʏмʏндɵ окудум. 2013-жылы иш чɵйрɵм бир аз ɵзгɵрдʏ. Тагырагы Ош эл аралык аэропотунда авиациялык коопсуздук кызматында иштеп калдым. Бирок ошол жумушумда мугалимдиктин да, юрист кесибимдин да чоң пайдасы тийди. Эл менен иштешʏʏдɵ кыйналган жокмун деп айта алам.

-Буга чейин кайрымдуулук иштерин жасап келесиз, аталган тармакка кантип аралашып калдыңыз эле?

-2020-жылдан тарта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, вице-спикери Аида Касымалиевага кеңешчи болуп жʏргɵндɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендер боюнча кайрымдуулук долбоорлору менен иштеше баштадым. Мамлекет менен биргеликте ɵлкɵ боюнча фестивальдарды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды азырга чейин ɵткɵрʏп келебиз. Максатыбыз мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдарды коомго аралаштыруу. Аларга башка адамдардай жашоого, билим алууга, иштɵɵгɵ укуктуу экенин айтып, дем-кʏч берʏʏ.

-Кайрымдуулук иштеринин кɵбʏ ачык айтылбаса да жасаган иштериңиздин айрымдарын атап ɵтсɵңʏз?

-Ооба, негизи кɵптɵгɵн кайрымдуулук иштери жасалат, кээ бирлери айтылбайт. Мисалы жетим-жесирлерге, медреселерге берилген жардамдар, орозодогу кайрымдуулуктарды жарыя кылбайбыз. Бирок, кээ бирлери мисал катары мамлекет менен биргеликте иштеген фонддорубуздун иштери айтылат. Пандемия учурунда “Датка Айымдар бирикмеси” кайрымдуулук фондун ачканбыз. Ал жерде координатормун. Ковидде 7 дубанга дем алдыруу аппараттарды, дары-дармектерди тараттык. Ошондой эле Баткен окуясында фонд бир топ алгылыктуу иштерди жасай алды.

-Мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдар менен иштешʏʏ оңой болбосо керек?

-Ооба, кɵпчʏлʏгʏ ʏйдɵ отургандыктан, элге аралаша албай чɵгʏп кетишет. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ зордук-зомбулукка кабылгандары да бар. Айрым мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ балдардын жашы ɵткɵн сайын биз менен иштешʏʏнʏ каалашпайт. Ошого карабай аларды жакшы жашоого умтултууга, ʏмʏт бергенге аракет кылабыз.

-Депутаттык ишмердигиңизде кандай адам болууга аракет кыласыз?

-Жаран депутат болуусу ʏчʏн эң ириде патриот, кɵз карандысыз, адилеттʏʏ болуусу керек. Эл дагы ɵздɵрʏ шайлаган адамдын ушундай сапаттарга эгедер болуусун каалайт. Муну турмуштук тажрыйба кɵрсɵтʏʏдɵ. Жеке кызыкчылыгы жогору, кайсы бир топко же башкаларга кызмат кылам деген адам депутаттыкка келбей эле койгону оң. Карапайым эл сага добуш берип, мандат алганыңда, бир эле милдетиң — элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер. Жеке мен депутаттык ишмердикти ушундай кабыл алам. Ушунча адам ишенич артып, добушун берди. Алар бизден кʏткɵнʏ- элдин ʏнʏн бийликке жеткирип, кɵпʏрɵ болуп беришибиз керек.

-Мугалим болуу бала кездеги кыялыңыз беле?

-Кичинемде эле коңшулардын балдарын чогултуп, жыйылып турган кышка же дубалга тунукени жɵлɵп, доска кылып, сабак ɵткɵн кʏндɵн тартып эле ɵзʏмдʏ мугалимдик кесипке даярдап баштаган белем, учурда кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенʏʏдɵмʏн. “Кесибиң — ырыс кешигиң” деген маңыздуу кепке кошулам. Мугалимдик кесиптин ырыскысын ыдыратпай, баркын басаңдатпай, кадырын кетирбей, сыймыгын салкындатпай, чырагын чачыратпай, билимин булгабай келе жатканыма быйыл 16 жыл болуптур. Алгач мектепте, андан кийин ЖОЖдо иштедим. Сʏйгɵн кесибиң болсо, жашооңду бʏтʏндɵй арнайт экенсиң. Билим, тарбия берʏʏ улуу иш экендигине, ал аркылуу адамдын тагдыры чечилерине ар бир пенде ынанса керек деген ойдомун.

-Адистигиңиз боюнча сиздердин тармактагы кандай кɵйгɵйлɵр чечʏʏгɵ муктаж?

-Учурда ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасында эмгектенем, башкача айтканда, окуу жайдагы бардык факультет институттарга кыргыз тилинен сабак ɵтɵбʏз. Ааламдашуу доорунда кыргыз тилин окутуунун кʏнгɵйʏ кɵрʏнʏʏ менен тескейи термелип турат. Окутуудагы оркойгон кɵйгɵйлɵр кɵрʏнбɵй койбойт экен. Алгач жалпы эле мугалимдердин кадыр-баркына токтолоюн: ооба, мугалимдер кɵп, агартуучулар аз, кеп ошол мугалимдердин “кɵптʏгʏндɵ” болуп жатат. “Кɵпчʏлʏккɵ” кошулууга социалдык факторлор да себеп болууда. Учурда ɵлкɵбʏздɵ билим берʏʏ тармагына ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулуп жаткандыгы жакшы жɵрɵлгɵ деп эсептейм. Бирок мугалим болуп иштебеген “жетекчи” тамыры кайда жатарын билбейт сыягы. Тʏмɵн тʏйшʏктʏ (жоопкерчиликти) кɵɵмп, керт башына казык кылып кагып койгон жердин “мɵмɵсʏ” супсак бойдон калууда. Айлык акынын аздыгы, жеңилдиктердин жоктугу, татыктуу бааланбагандык мугалимдин ындынын улам-улам басаңдата берери ачык кеп.

“Кыргыз тилин деңгээлдик негизде окутуу уламалуу жʏрсɵ натыйжалуу болмок”

Кесиптик ɵнʏгʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн жогорулатуу. Катардагы курстардан эмес, сапаттуу курстардан, тажрыйба алмашуу программаларынан ɵтʏʏ. Бул багытта биздин “Милдет” фракциясы “Мугалимдерди колдоо боюнча программа” сунуштап, натыйжада Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгы ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору менен келишим тʏзʏп, Ош шаарындагы мектеп мугалимдери жапырт кесиптик ɵнʏгʏʏ боюнча курстардан ɵтʏшʏʏдɵ. Негизи курстарды эс алуу менен бирге айкалыштыруу андан да жакшы болмок.

Кыргыз тилин деңгээлдик (А1, А2, В1, В2, С1…) негизде окутуу уламалуу жʏрсɵ натыйжалуу болот. Учурда 11-классты бʏткɵндɵ гана тил билʏʏ деңгээли формалдуу аныкталууда. Республикада жалгыз гана “Кыргызтест” мекемеси тил билʏʏ деңгээлин аныктай алат. Демек, жогоруда айткан уламалуулук башталгыч, орто, жогорку класстарда, андан кийин ЖОЖдо тил билʏʏ деңгээлине ылайык окутулушу жана аныкталышы керек. Кɵрсɵтʏлгɵн деңгээлге жеткирʏʏ талабы болсо, сапаттуу билим берилмек.

Билимдин булагы китеп эмеспи. Китеп окуу менен бирге тʏшʏнʏʏ, колдонуу маанилʏʏ. Кɵрɵңгɵлʏʏ кеби, салмактуу сɵзʏ жок муун кɵбɵйгɵнʏ мени тынчсыздандырат. Кебибиз кыскарып жатып жоголуп кетпегей эле…

ЖОЖдордогу рейтинг “сырты жылтырак, ичи калтырак” системадай. Табигыйлуулукту кɵрбɵй жатам. Шагыраган цифралар гана сʏйлɵп калган. Чыныгы турмуштук билимдин, баалуулуктардын, китепкɵйлɵрдʏн ж.б. рейтинги маанилʏʏ.

-6-чакырылышка келгениңиздерге аз эле болду, кандай тʏйшʏгʏн сезип жатасыздар?

-Элдин ɵкʏлʏ — элдин жакыны. Элдин ʏнʏн жеткирʏʏ, кɵйгɵйдʏ чечʏʏ мойнуңа таш менен байлап койгондой эле экен. Кыйынчылыгы эле эмес, жоопкерчилиги мени тоодой тʏйшɵлттʏ. Жаза тайып жаңылбасам экен дейм. Жеңил кабыл алсаң, ишиң жеңил бʏтɵрʏнɵ ынандым. Жараткандын назары тʏшкɵн экен, депутаттык насип кылды. Эл ишин элпек кылчу курактабыз, кызматыбыздан кадыр, ишибизден ийгилик жарала берсин!

-Кайрадан кесип тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилсе кайсы кесипти тандамаксыз?

-Кайра эле тергɵɵчʏлʏктʏ тандамакмын. Атам да Ички иштер башкармалыгында иштеген. Атамын жолун жолдоюн деп, бир чети бала кездеги кыялым болчу, эл-журтка, мамлекетке кызмат кылуу ар дайым эң негизги максаттарымдын бири болгон. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына тапшырып, 2014-жылы юриспруденция адистигине ээ болдум. Дипломдук ишимди тергɵɵ багыты боюнча коргоп, ошол эле жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бɵлʏмʏнɵ тергɵɵчʏ катары жумушка кабыл алындым. Тɵрт жылдык иш тажрыйбамдан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ɵзгɵчɵ маанилʏʏ иштер боюнча тергɵɵ кызматына ага тергɵɵчʏ болуп дайындалдым. 2018-жылдары кайрадан Ак-Буура милиция бɵлʏмʏнɵ кайтып, эки жылдай тергɵɵ кызматынын жетекчиси болуп иштедим. 2021-жылы атам ооруп калганына байланыштуу кызматымды тапшырып, жеке ишкердик менен алектенʏʏгɵ туура келген.

“Тергɵɵчʏ бардык тараптарга мыйзам чегинде мамиле жасоосу керек”

-Ички иштер органдарындагы тергɵɵ кызматы эң тʏйшʏктʏʏ тармактардын бири болуп саналат. Бул кызматта иштеген адам мыйзамдарды терең билип, жарандардын укугун тебелебей, бардык тараптарга мыйзам чегинде, калыс мамиле жасоосу керек. Ар кандай кырдаалдарда тез жана туура чечим кабыл ала билʏʏ, кабыл алынган бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде болушу зарыл. Жабырлануучуга да, айыпкерге да бирдей мамиле кылуу негизги талаптардын бири, анткени, экɵɵ тең Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет.

-Экинчи чакырылышта депутат болуп шайландыңыз, буга чейин кандай маселелерди чече алдыңыздар?

-Ишими тапшырган соң, атамы карап бир жылдай ʏй-бʏлɵлʏк иштер менен алектенип жʏрдʏм. Ошол убакта айылдагы жергиликтʏʏ тургундар мага “депутаттыкка бар, биздин ʏнʏбʏздʏ бийликке жеткирип, кɵйгɵйлɵрʏбʏздʏ чечʏʏгɵ жардам бер” деп сунушташты. Элдин талабы боюнча депутаттык шайлоого катышып, “Биздин Кыргызстан” партиясы менен шайлоого баргам. ʏч жыл бою жолдорду асфальттоо, таза суу тартуу, бала бакчаларды кайрадан ишке киргизʏʏ боюнча бир топ иштерди аткардык. Ошол эле учурда, шаардык Кеңеште мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитеттин тɵрагасы болуп иштедим. Айрыкча “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында шаар кɵчɵлɵрʏн заман талабына ылайык келтирʏʏ иштерине жетекчилик кылдык. Мындан сырткары бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаар тургундарынын балдарынын болгону 30-40%ы гана бала бакча менен камсыз болгон. 1990-жылдан кийин 44 бала бакча жеке жана мамлекеттик менчикке ɵтʏп кеткен экен. Биз ошолордун бешɵɵсʏн кайтарып алдык, калган бала бакчалар боюнча соттук териштирʏʏлɵр уланууда. Ушул чакырылышта да жеке менчикке ɵтʏп кеткен мамлекеттик бала бакчаларды кайра эл ʏчʏн иштетʏʏ боюнча аракеттерди кɵрɵбʏз. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын Указы чыккан, анда социалдык обьекттер — бала бакчалар, мектептер ɵз багытында иштеши керек деп кɵрсɵтʏлгɵн. Биз ошол укуктук негизге таянып, мэрия аркылуу мурда менчикке ɵтʏп кеткен бала бакчаларды кайтаруу боюнча иштерди жʏргʏзʏп жатабыз.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author