С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында дʏйнɵлʏк бестселлер, балдардын сʏймɵнчʏгʏнɵ ээ болгон “Гарри Поттер” чыгармасынын негизинде спектакль даярдала баштады.
Англиялык жазуучу Джоан К.Роулингдин 67 тилге которулуп, жалпы 500 миллион нускада жарык кɵрʏп, кɵптɵгɵн кɵркɵм тасмалар тартылган фантастикалык курч окуялуу китебинин каарманы жаш сыйкырчы Гарри Поттер менен эми оштук жаш кɵрʏʏчʏлɵр да сахнадан тааныша алышат.

Спектаклди коюу ʏчʏн Казак Эл артисти, дʏйнɵгɵ белгилʏʏ режиссер Бекпулат Парманов чакырылган. Джоан К.Роулингдин фэнтези жанрында жазылган сыйкырчы бала Гарри Поттердин окуялары жɵнʏндɵ 7 томдук “Гарри Поттер” китебинин негизинде спектаклдин инсценировкасын да ɵзʏ даярдаган.
Режиссер Б.Парманов Ош улуттук драма театрында коюла турган драмалык чыгарма буга чейин Гарри Поттер жɵнʏндɵ тартылган кɵркɵм тасмаларды жана дʏйнɵ театрларында коюлган спектаклдерди туурабаган оригиналдуу вариантта болорун белгилейт.
Б.Парманов: “Гарри Поттерди” Ош театрында коюу максаты менен келгенимде алгач мектеп окуучуларынын арасында мониторинг жʏргʏзʏп, балдар сахнадан Гарри Поттерди кɵрʏʏнʏ каалашарын билдим.
Эмне ʏчʏн жаш жеткинчектер сыйкырчы баланы жакшы кɵрʏшɵт? Бул чыгармада Гарри жамандык, кара ниет сыйкырчылык, кыянаттык менен кʏрɵшʏп жеңип чыгат. Ал жаш кɵрʏʏчʏнʏ адилеттиктен тайбоого, коркунучту жеңʏʏгɵ жана туура тандоо жʏргʏзʏʏгɵ шыктандырат.
Бул эксперименталдык иш болот. Фэнтези жанры фантазияны кеңири иштетʏʏгɵ толук мʏмкʏндʏк берет. Ошондой эле спектакль ɵтɵ кыймылдуу: бий, кʏрɵш элементтери, курч окуялар жана фантастикалык кɵрʏнʏштɵр балдарды сыйкырдуу дʏйнɵгɵ жетелейт. Жаш кɵрʏʏчʏлɵр ыраазы болот деген ишеничтемин ”.


Ош улуттук драма театрында балдар ʏчʏн “Гарри Поттер” спектаклин коюунун демилгечиси, театрдын кɵркɵм жетекчиси, КРдин эмгек сиңирген артисти Топчубай Досбаев:
– Кыргыз театр чɵйрɵсʏндɵ балдар ʏчʏн спектаклдер дээрлик жок. Жаш жеткинчектер театрдан ɵзʏнʏн жашына ылайык жакшы спектакль кɵрʏшсɵ ɵмʏр бою эсинен чыккыс таасир алышат. Сахнадан кɵзмɵ-кɵз жакшылык менен кыянаттык, достук менен чыккынчылык, кайрымдуулук менен таш боордук сыяктуу адамдык баалуулуктарды тааныйт. Театрдын сыйкырдуу дʏйнɵсʏ балдардын фантазиясын ɵнʏктʏрɵт жана чыгармачылыкка тʏрткʏ берет.

Мына ушундай муктаждыкты эске алуу менен жаш кɵрʏʏчʏлɵрдʏ театрга тартуу жана алардын талабына жооп бере турган заманбап, кызыктуу спектакль коюуну чечтик. Жаштар арасында иликтɵɵ жʏргʏзʏп кɵрсɵм дʏйнɵ балдарынын сʏймɵнчʏгʏнɵ ээ болгон жана азыркы жаш муунга ɵтɵ популярдуу чыгарма “Гарри Поттер” экен. Бул чыгарма балдарга 7 томдук китеби жана 9 сериялуу кɵркɵм тасмасы менен белгилʏʏ эмеспи. Ал эми Англиянын атактуу театрынан башка дʏйнɵлʏк театрларда спектакль катары коюла элек.
Чыгармачылык жаңычылдыкка даяр, ɵсʏʏ жолунда келаткан театр ишмерлерибиз ушул спектаклди коюуга бел байлап, режиссерлукка дʏйнɵлʏк атак-даңкка ээ, белгилʏʏ режиссер, Казак Эл артисти Бекпулат Пармановду чакырдык. Бекпулат Саттарович биздин сунушту кабыл алганына ɵтɵ кубанычтабыз. Бул чыгаан профессионал режиссер менен иштешʏʏ биздин актерлор ʏчʏн да чоң тажрыйба жана мастер-класс болду. Азыркы убакта спектаклди даярдоо аягына чыгайын деп калды. Буюрса, 17-мартта премьера! – деди толкундана.
Режиссер Б.Парманов спектаклдин актерлор тобун тʏзɵɵрдɵ башкы кейипкерлер Гарри Поттер менен Кара Лорддун ролун аткаруучуларды кɵпкɵ чейин тандап, ойлонуп жʏрдʏ. Бир топ сыноолордон кийин жаш актер Нурилим Нурлан уулуна Гарри Поттердин, ал эми Акбарали уулу Саматка Кара Лорддун ролу ишенип тапшырылды.
Нурилим Нурлан уулу: Жакында биздин театрда чоң жаңылык болот деп айта алам. Анткени биз дʏйнɵлʏк классикага айланган «Гарри Поттер» чыгармасын даярдап жатабыз. Адегенде бул спектаклди коёбуз дегенде баарыбыз чочулаганбыз. Кандай болор экен, колубуздан келеби деген кʏдʏк ойлор жаралбай койгон жок. Анын ʏстʏнɵ «Гарри Поттер» жɵнʏндɵ спектакль буга чейин бир гана Кыргызстанда эмес, КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн атактуу театрларында да коюла элек экен. Биринчи жолу биздин театрда коюла турганы кыргыз театр чɵйрɵсʏндɵ да чоң жаңылык.
Спектаклди коюу ʏчʏн Казакстандан атактуу режиссер Бекпулат Парманов келди. Алгач биз менен жолуккан спектаклди коюу боюнча ɵзʏнʏн идея-ойлорун бɵлʏштʏ. Ал ɵз ишин ɵтɵ жакшы билген ɵтɵ кесипкɵй, кʏчтʏу режиссер экен. Биз ынандык жана Пармановдун режиссердук дараметине ишендик.
Мен ʏчʏн башкы ролду даярдоо ɵтɵ татаал жана кызыктуу болуп жатат. Актердук чеберчилик боюнча жаңы тажрыйбага ээ болдум. Кесибиме болгон кызыгуум жана жоопкерчилигим артты. Буга чейин балдардын сʏйʏктʏʏ каарманы болгон Гарри Поттерди жаш кɵрʏʏчʏлɵргɵ жаккандай кылып аткаруу ʏчʏн бардык кʏч-аракетимди жумшап жатам.


Спектаклде жаш сыйкырчы Гаррини колдоого алып, ɵз ɵмʏрʏн тобокелдикке салган жана душмандарынын колунан каза тапкан ак ниет жана боорукер мектеп директору Дамблдордун ролун аткарган белгилʏʏ актер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Солтобай Кулбаев ой бɵлʏштʏ:
–Режиссер Бекпулат Саттарович мени чыгармадагы Хогвартс кɵз боёчулук жана сыйкырчылык мектебинин директору Дамблдордун ролуна дайындаганы бекеринен болбосо керек. Гриммденип, ролума кире баштаганымда сырткы кейпимден тартып жʏрʏм-турумума чейин “Гарри Поттер” кɵркɵм тасмадагы кейипкер Дамблдордун ɵзʏнɵ оппокшош болуп чыктым. Дамблдор ак ниет сыйкырчы Гаррини колдоого алып, ɵлɵрʏндɵ ɵзʏнʏн сыйкырдуу таякчасын ага тапшырып кетет. Албетте, бул ролдо режиссердун жардамы менен ɵз алдымча образ тʏзʏʏгɵ аракеттенип жатам. Ар бир роль биринчи жолу сахнада ойноп жаткандай катуу изденʏʏ жана жоопкерчилик менен жаралат эмеспи. Бул спектаклде пластика, бий, кʏрɵш кыймылына, сʏйлɵɵ чеберчилигине машыгуу катуу жʏрʏʏдɵ. Буюрса, 17-мартта премьерага келгендер баа беришет. Бирок “Гарри Поттер” балдарга да, чоңдорго да бирдей жага турган спектакль болот деп кɵрʏʏчʏлɵрдʏ чакырып кетем.
Ак ниет сыйкырчылардын династиясын улантуучу Гарринин бакма энеси Минерванын ролун аткаруучу актриса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Насияткан Шамшиева бул спектаклдин актердук тобунда иштеп жатканына кубанычын билдирди:
– Жыл башында биздин театрдын кɵркɵм кеңешинин отурумунда “Гарри Поттер” спетаклин коюу жана ал ʏчʏн Казакстандан режиссер чакыруу сунушталганда адегенде бир тобубуз бушайман болгонубуз чын. Андан кɵрɵ эл аралык фестивалдарга катыша турган олуттуу спектакль даярдабайлыбы деп ойлогонбуз. Режиссер келип, биз менен бетме-бет сʏйлɵшʏʏдɵ театрыбызда “Гарри Поттерди” коюу чоң ийгилик жаратарына ишене баштадык. Казакстандан келген атактуу режиссердон чыгармачылык кɵп баалуу тажрыйба алдык. Албетте, Бекпулат Саттарович талапты катуу коюп жатат. Тер тɵккɵн эмгегибиз жакшы ийгиликтерди жаратат деп ишенем. Биздин спектаклди кɵрʏп кетʏʏго бардыгыңыздарды чакырам!
“Ошентип чоң жамаат менен даярдалып жаткан “Гарри Поттер” спектаклди даярдоо аяктап калды. Биздин кɵрʏʏчʏлɵрʏбʏз бул чыгарманы сахнадан кɵрʏʏнʏ чыдамсыздык менен кʏтʏп жаткан учур. Алардын кʏтʏʏсʏ акталат деген ойдобуз. Театр жетекчилиги спектаклдин жаралышына керектʏʏ шартты камсыздап берʏʏгɵ аракеттенип жатабыз. Учурда театрдын жамааты бардык кʏч-аракетин “Гарри Поттердин” ийгиликтʏʏ чыгышына жумшап жатат.
Мен театр сʏйʏʏчʏлɵрʏн 17-18-март кʏндɵрʏ Гарри Поттердин сыйкырдуу дʏйнɵсʏнɵ, эсти оодарар курч окуялуу спектаклинин премьерасына чакырып кетем. Гарри Поттер менен Кара Лорддун финалдык кармашы: кимиси жеңет?! Спектаклге келип, сʏйʏктʏʏ каарманыңыздын улуу жеңишине кʏбɵ болуңуз!
“Гарри Поттер” – бул балдар сʏйгɵн жана кʏткɵн спектакль! – деп билдирди Ош улуттук драма театрынын директору Керимбек Калыкулов.
Зинакан Пасанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы