20 августа, 2025

Лазердик эпиляция канчалык эффективдʏʏ?

Заманбап косметологияда денедеги тʏктɵрдʏ узак мɵɵнɵткɵ жок кылуучу процедура лазердик эпиляция деп аталат. Бул ыкма Кыргызстанга келгенине аз эле жыл болду. Ошого карабай кʏн санап кардарлары ɵсʏʏдɵ. Деген менен“табияттан чыга турчу тʏктʏн тамырын кайда жок кылат, анын да ɵз функциясы бар эмеспи” деген сɵздɵр эл арасында байма-бай айтылып келет. Айрыкча аялдар арасында актуалдуу болгон лазердик эпиляция боюнча адистердин пикирин угуп кɵрдʏк.

Наргиза Козукеева, “Азия” клиникасынын эстетик косметологу.

-Лазердик эпиляция деген эмне?

-Бул заманбап аппараттык медициналык процедура болуп, тʏктɵрдʏ узак мɵɵнɵткɵ жок кылат. Лазердин принциби теринин курамындагы меланинди кɵрɵт жана тʏктʏн фолликуласын кʏйгʏзɵт, ошонун натыйжасында узак убакытка тʏктʏн ɵсʏʏсʏ токтойт.

-Лазердик эпиляция тʏктɵрдʏ 100% жок кылабы?

-Ушул суроо менен кайрылгандар аябай кɵп болот. Баарына тʏшʏндʏргɵнгɵ аракет кылам, лазердик эпиляция тʏктɵрдʏ 100% жок кылбайт. Процедуранын белгиленген ɵлчɵмʏн алгандан кийин 90% га азайышы мʏмкʏн, бирок, эч качан толук жок болбойт. Эгер адам операция болуп же гормоналдык ɵзгɵрʏʏлɵргɵ туш болсо тʏк кайрадан чыга берет. Мында жаш-куракты да эске алуу керек. Тʏктɵр лазер жасаткандан кийин орточо эсеп менен 6-7 жыл чыкпайт. Гормондоруна, терисине жараша ɵмʏр бою чыкпай калгандары да бар. Адам организми уникалдуу, бири-бирине окшобойт. 

-Процедураны алгандан кийин тери жумшак, жылмакай бойдон калабы?

-Ооба, ушул сыяктуу бир нече артыкчылыгын белгилеп ɵтɵйʏн. Лазердик эпиляция тʏктɵрдʏ жок кылуу менен бирге теридеги ириңдеген же так болуп калган ар кандай кɵйгɵйлɵрдʏ айыктырууга жардам берет. Мындан сырткары узак мɵɵнɵттʏʏ эффективдʏʏлʏгʏ менен бааланат жана териге азырак травма берет. Процедура учурунда оору сезилбейт. Ар кимдин териси ар кандай болгондуктан, аппарат ошого жараша ылайыкташат. Кээ бир кардарларыбыздын териси аябай эле сезимтал болот, мындай терилерге этияттык менен атайы сʏртʏлʏʏчʏ кремдерди колдонуп жасайбыз.

-Тери кызарып же шишип кетʏʏсʏ мʏмкʏнбʏ?

-Негизи лазердик эпиляциядан кийин териде бир аз ɵзгɵрʏʏ болот. Мисалы, сиз айткандай кызарат, шишийт. Бул ашып  кетсе 1-2 кʏнгɵ эле созулат. Эгерде кардарлар биз айткан эрежелерди сактабаса, териге сɵзсʏз зыян алып келʏʏсʏ ыктымал. Ар бир лазердик эпиляция жасаткан адам адистин айтканын аткаруусу керек. Эң негизгиси процедурадан кийин терини кʏнгɵ кʏйʏп калуудан сактоо зарыл. Себеби бул пигментацияга, тагырагы так тʏшʏʏгɵ алып келиши мʏмкʏн.

-Кардардлар бир эмес бир нече процедурадан кийин гана жыйынтыкка жетерин айтышууда?

-Лазердик эпиляцияда бир эле процедура жетишсиз. Ар бир адамдын организмине, терисине жараша узак жана кыска мɵɵнɵткɵ созулуп 6 же 12 процедурада жыйынтык берет. Лазердик эпиляция жасоодогу алгачкы процедуранын узактыгы ɵтɵ узакка созулбайт. Мисалы мурундун ʏстʏ 5 мʏнɵт, колтук жана интимдик зонага 15-30 мʏнɵт, кол-буттарга 40-60 мʏнɵт кетет. Процедурадан кийин тʏктɵр 7-14 кʏн ичинде тʏшɵ баштайт. Толук натайжага жетʏʏ ʏчʏн орточо эсеп менен 6-10 жолку процедураны алуу талап кылынат. Аралык боюнча айтсам, лазердик эпиляцияны алгач жасаткандан кийин 4-6 жума аралыкты сактоо менен кийинкиси жасалат. Ал эми 5-6-процедурага келгенде 6 жумадан 8 жумага чейин аралык сакталуусу керек.

-Эпиляциядан кийин териге кантип кам кɵрʏʏ керек?

-Эгерде ачык зоналарга жасалса кʏндɵн коргоочу кремдерди колдонуп, кʏндʏн ультра кызгылт-кɵк нуруна кʏйгʏзʏп албоону сунуштайбыз. Ал эми башка жабык зоналарга жасалса беш кʏн ысык ванна, бассейн, баня сыяктуу жерлерге барбай турганы оң. Пилинг, скраб сыяктуу каражаттарды да 5 кʏнгɵ чейин колдонууга болбойт.

-Процедураны ʏй шартындагы лазердик аппараттар менен улантса болобу?

-ʏй шартындагы лазердик аппараттар процедура кабинетиндеги аппараттарга альтернатива боло албайт. Аппараттары медициналык текшерʏʏдɵн ɵткɵн, билими бар адистер иштеген клиникаларга барууну сунуштайм. 

-Самара Турсункулова, Ош облустар аралык тери-венерологиялык борборунун дераматолог, косметологу.

-Адисти тууура тандоо маанилʏʏбʏ же аппараттыбы?

-Лазердик эпиляция туура эмес жасалса териге сɵзсʏз зыян алып келет. Эгерде жасалган зоналар процедурадан кийин бир-эки кʏн кызарып же ооруса бул кадимки кɵрʏнʏш. Эгер бир канча кʏнгɵ уланып ооруса анда сɵзсʏз дарыгерге кайрылуу керек. Айрым учурда аппараттагы мʏчʏлʏштʏктɵдɵн улам же адистин туура эмес программалаштыруусунан улам териге зыян келʏʏсʏ мʏмкʏн. Ошондуктан билимдʏʏ, тажрыйбалуу, ɵз ишин так билген адисти тандоону сунуштайт элем.

-Кээ бир адамдардын денесинде кал, мең сыяктуу нерселер кɵп болот, ушул учурда жасатуу кооптуу эмеспи?

-Туура байкадыңыз, негизи териде калдар кɵп болуп же аллергия герпес сыяктуу инфекциялар болсо, онкологдун консультациясын алып анан жасатуу керек. Ден соолукка кайдыгер болбой, териде кɵйгɵй болсо врачка сɵзсʏз барыңыздар.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author