20 августа, 2025

Бир граммдан башталган трагедия

Баңгизатка кɵз карандылык адамдын ден соолугун гана эмес, психикасын талкалап, ʏй-бʏлɵсʏнɵн, жакындарынан алыстатып, акыры ɵмʏрʏн алып тынат. Эң ɵкʏнʏчтʏʏсʏ синтетикалык дары каражаттарынын ɵспʏрʏмдɵр арасында жайылып жатканы. Маңзаттын кандай гана тʏрʏ болбосун алдын алууга коом жапырт киришʏʏсʏ керек. Медицина кызматкерлерине жана Ички иштер башкармалыгына кайрылып абал тууралуу маалымат алганбыз.

Атабаев Бакытбек, Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун наркология бɵлʏмʏнʏн башчысы.

Синтетикалык химиялык маңзаттар кадимки баңгизаттардан жаратылышта кездешпегени менен айырмалант. Лабораториялык шарттарда жасалган психоактивдʏʏ уулуу заттардан турган наркотикалык каражат. Анын жасалуу жолу оңой жана арзан болгондуктан мыйзамсыз жасаган лабароториялар сатып, пайда табуу аракетин кɵздɵшɵт. 20-25 жыл мурда Кыргызстанда синтетикалык химиялык маңзаттар дээрлик жок болгондуктан маңзатка кɵз карандылар апийимден жасалуучу героин, кара куурайдын гашиши, марихуана сыяктуу баңгизаттарды колдонушчу. Азыр бул баңгизаттардын ордун синтетикалык маңзат дарылары ээлеп алды. Ɵлкɵбʏзгɵ дээрлик 10 жыл мурда келип, 12 жаштан 30 жашка чейинки жаштардын арасында активдʏʏ тарап жатат. Кɵрсɵткʏч боюнча чоң шаар эсептелген Бишкек жана Ошто кɵп катталат. Ага карата быйылкы жылы Ош шаарында Президенттин Указы жана мэриянын демилгеси менен 20-февралдан акция баштаганбыз. Ар бир мектепке барып баңгизат каражаттардын зыяндуулугу жɵнʏндɵ тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатабыз.

Синтетикалык химиялык маңзаттар уулуу химикаттардан жасалганы ʏчʏн ички жана сырткы денеге зыяны абдан кɵп. Себеби аны чеккенде биринчи орунда ɵпкɵнʏн дем алуу жолдору талкаланып, кʏтʏлбɵгɵн ооруларга алып келет. Канга сиңип, кан аркылуу бʏт денеге тарап, адамдын жʏрɵгʏнʏн согушу тездеп, кан басымы кɵтɵрʏлɵт. Денени оорукчан кылып, муундарды, сɵɵктɵрдʏ сындырат. Бирок муну жаш балдар билбегендиктен 2-3 жолу чеккенден кийин эле ага кɵз каранды болуп калышат. Бʏт кыймылы, кʏч-аракети маңзатты кайдан болсо да тапканга аргасыз кыла баштайт. Кɵз карандылык пайда болгон соң ансыз жашоону элестете албайт. Мисалы биздин жашообузду кɵрккɵ бɵлɵгɵн нерселер деп жакындарды, бир туугандарды, балдарыбызды, тамак-аш, уйку, спорт жана башка нерселерди эсептесек маңзатка байлангандан кийин булардын баарын унутат. Бул деген адам катарынан чыгып калуу. Бир гана баңгизаттан ырахат алып, баңгизатты чегип алгандан кийин маанайы жакшы болуп, жашоо кооз кɵрʏнʏп, маңзат саткандар, маңзатты колдогондор менен мамиле тʏзʏп, аларды жоготуудан коркуп калат. 

Синтетикалык химиялык маңзаттардын тʏрʏ кɵп болгондуктан химиялык курамына карата ар кандай аталат. Бирок биз жалпы тил менен синтетикалык маңзат деп коебуз. Ал эми аны колдонгондор маңзатты кадимки тамак-ашка кошулуучу «туз» деп атап алышкан. Себеби анын кɵрʏнʏшʏ тузга окшош, болгону тʏсʏ бир аз саргычыраак келет. Кɵрʏнбɵгɵн соодада жʏгʏртʏʏдɵ жаштар эс алуучу тʏнкʏ клубдарды пайдаланышат. Андай жерлерде кɵбʏнчɵ тез алданган ɵспʏрʏмдɵрдʏ азгырууга аракет кылышат. Башында 1-2 дозасын акысыз берип, балдарды кɵндʏрʏп алгандан кийин акча сурай башташат. Баңгизатка кɵз каранды болуп калган балдар акча табу ʏчʏн ар кандай кылмыштарга бара башташат. Психикалык жактан жабыркаганы аз келгенсип, муздак жана ысык тер басып тамак ɵтпɵй калат. Дозасынан ашыкча чегип алса ɵлʏмгɵ чейин алып барат. Ата-энелердин кɵбʏ ушул нерседен коркуп, балдарын дарылатууга алып келишет. Биз дарылоо учурунда маңзаттан  арылтып эле эмес, мээни психологиялык жактан, денени физиологиялык жактан да дарылайбыз. Дарылоо узак убакытты талап кылгандыктан, жылдап дарылангандар да бар. Эгерде биз айткан, сунуштаган эрежелердин баарын так аткарса, албетте жакшы жыйынтыкка жетсе болот.

Ош ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жʏгʏртʏʏгɵ каршы кʏрɵшʏʏ кызматы.

Кʏчтʏʏ таасир берʏʏчʏ дарылар — бул адам организминдеги оор ооруларды же симптомдорду басаңдатуу ʏчʏн колдонулган дары-дармектер. Алар врачтын кɵзɵмɵлʏндɵ гана колдонулушу керек, анткени туура эмес колдонулганда терс таасирлерге алып келиши мʏмкʏн. Мисалы, лирика (прегабалин) невропатиялык ооруну дарылоо ʏчʏн колдонулса, тропикамид кɵздʏн дʏʏлʏгʏʏсʏн басаңдатуу ʏчʏн колдонулат. Ал эми мидазолам уйку таблеткасы же операциялардан мурун тынчтандыруу ʏчʏн сомнол болсо уйкуну жакшыртуу ʏчʏн колдонулат. Кыргызстанда мындан башка дагы эң кɵп колдонулган кʏчтʏʏ таасир берʏʏчʏ дарыларга трамадол жана диазепам кирет.

Баңгизаттар психикалык жана физикалык кɵз карандылыкты пайда кылуучу заттар. Ал эми кʏчтʏʏ таасир берʏʏчʏ дарылар медициналык максатта колдонулат. Баңгизаттар мыйзам менен тыюу салынган, ал эми кʏчтʏʏ таасир берʏʏчʏ дарылар врачтын рецеби боюнча сатылат. Бирок кээ бир дарылар (лирика, тропикамид) баңгизат сыяктуу эле эйфория пайда кылып, кɵз карандылыкты жарата алат. Кыргызстанда мындай дарыларды кɵзɵмɵлдɵɵ “Дары-дармектер жɵнʏндɵ” мыйзамдар менен жɵнгɵ салынган. Дарыларды врачтын рецебисиз сатууга болбойт. Дарыларды каттоо жана сатуу ʏчʏн лицензия талап кылынат. Кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мамлекеттик органдарга жʏктɵлгɵн.

Жасалма же сапатсыз дарыларды базардан чететʏʏ ʏчʏн дарылардын сапатын кɵзɵмɵлдɵɵчʏ мамлекеттик органдарга кайрылуу керек. Дарылардын сертификаттарын жана сапатын текшерʏʏ, жасалма дарыларды табуу жана аларды четтетʏʏ боюнча иш-аракеттерди ишке ашыруу, калктын билимин кɵтɵрʏʏ жана сапатсыз дарылардын коркунучтары жɵнʏндɵ маалымат таратууну колго алуу учурдун талабы. Ошондой эле Кыргызстанда кʏчтʏʏ таасир берʏʏчʏ дарылар менен кʏрɵшʏʏ боюнча программалар: дарылардын рецепсиз сатылышын кɵзɵмɵлдɵɵ, жаштардын арасында дарыларды туура колдонуу жɵнʏндɵ билим берʏʏ, дарылардын кɵз карандылыгын дарылоо боюнча медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ, дарылардын контрабандасына жана жасалма дарыларга каршы кылмыш-жаза иш-аракеттери.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы

About The Author