20 августа, 2025

“Шаардын босогосу жоогазын, роза гʏлдɵрʏ менен кооздолот”

Адистер шаарды кɵрктɵндʏрʏʏ иштерин кеч кʏздɵ эле башташат. Тагырагы, айрым гʏлдɵр кʏздɵ эгилип, жазга даяр болот. Кыш ичи кʏнɵсканадагы гʏл уруктарын ɵстʏрʏʏ иши ɵзʏнчɵ кеп кыла турчу чоң тема. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, лотокторду коюу, эски дарактарды тазалоо менен бирге кɵрктɵндʏрʏʏ иштери чогуу жʏрʏп жаткан учур. Апрелдин онуна чейин кɵчɵт отургузуу иштерин аяктоо зарыл. Шаарыбызга эгиле турчу гʏлдɵр, дарактар тууралуу Кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башкы агроному Арзыбек Бɵжɵков менен маектешкенбиз.

-Арзыбек мырза, быйылкы жылы шаарыбыздын кире бериш жолдору кандай гʏлдɵр менен кооздолот?

-Ош шаарынын кире беришиндеги Ы.Монуев кɵчɵсʏнɵ кʏз мезгилинде жоогазын гʏлдɵрʏн отургузганбыз. Апрель айында ачылары кʏтʏлʏп жатат. Ошол эле учурда “штамб розалары” жоогазындарга жанаша эгилген. Ал эми шаардын Ноокат тарыбынан кире беришине жана Андижан тараптан келгендеги айлампа жолдун жээгине учурда роза гʏлдɵрʏн эгип жатабыз. Быйыл жаз мезгили ɵз убагында келди. Айдоо, эгʏʏ иштери кечеңдеген жок. Болгону кɵрктɵндʏрʏʏчʏ обьекттер кеңейип, иштин кɵлɵмʏ ɵткɵн жылга салыштырмалуу эки эсе кɵп. Дем алыш кʏндɵрʏ да кɵрктɵндʏрʏʏ ишканасынын кызматкерлери тыным албай ишти алга жылдырышууда. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой эскилиги жеткен дарактар кыйылып, кызыл сызыктан чыгып кеткен обьекттер алынганына байланыштуу борбордук кɵчɵлɵрдʏ тазалоо иштери жʏргʏзʏлʏп жатат. Мисалы, Курманжан-Датка кɵчɵсʏ толук тазаланып бʏттʏ. Жолдор башкармалыгы тарабынан лоток коюлса, жерлерге топурак тɵшɵп, штамб дарактары отургузула баштайт. Аталган кɵчɵттɵр март айында, 10-апрелге чейин отургузулуп бʏтʏʏсʏ керек. Штамбдык дарактар деген кɵрк берʏʏчʏ дарак болуп эсептелет.

-Гʏл уруктары кайдан алынып келинет?

-Гʏлдɵрдʏн уруктары Европадан, кɵбʏнчɵ Чехиядан алынып келинет. Мындан сырткары жергиликтʏʏ, ɵзʏбʏздʏн гʏлдɵрдʏ да жашылдандыруу ишканасынын кʏнɵсканасында ɵстʏрɵбʏз. Чехиядан петуния, тагетесы, сальвия, кохия, катрантус деп аталган гʏл уруктары келтирилет. Быйылкы жылы кɵптɵн бери эгилбей калган колеус гʏлдɵрʏн да коштук.

-Гʏлдʏ оорулардан, паразиттерден сактоо ʏчʏн жасалган иш-аракеттер?

-Башка ɵсʏмдʏктɵр сыяктуу гʏлдɵрдʏн да оорулары болот. Ооруларды алдын алуу боюнча адистер менен бирге кɵзɵмɵлдɵп турабыз. Дарыларын белгилʏʏ ɵлчɵмдɵ берип, профилактика иштери жʏргʏзʏлɵт.

-Айрым урук бербеген гʏлдɵр да болсо керек?

-Туура, айрым гʏлдɵр урук бербейт, айрымдары урук бергени менен биринчи жылдагыдай сапаттуу ачылбайт. Мисалы, сальвиянын уругун кийинки жылы эксек бою ɵтɵ узарып кетет. Мына ушундай табигый жагдайларды эске алуу зарыл.

-Жашоочулар гʏлдɵргɵ аяр эле мамиле жасап калыштыбы?

-Ооба, жарандар тарабынан гʏлдɵргɵ жылдан-жылга мамиле жакшырып баратат. Эң негизгиси тебелебегиле деп айтабыз. Мисалы, жарандар жолдун каалаган жеринен кесип ɵтпɵй, жɵɵ ɵтмɵктɵрдɵн гана ɵтсɵ гʏл аянтчаларын тебелешпейт.

-Кɵрктɵндʏрʏʏчʏ дарактар кандай критерийлердин негизинде тандалып алынды?

-Быйыл мэриянын аппаратында жыйын болуп, агрономдор, окумуштуулар катышып, ɵз сунуштарын беришти. Борбордук кɵчɵгɵ дарактын заманбап тʏрлɵрʏн тандап алдык. Тандалган дарактар кɵмʏр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтек бɵлʏп чыгаруу жана кɵрк берʏʏчʏ функциянын баарын толук аткарат. Эски дарактар кɵрк бербей, астынан бутактар чыкпай калган эле. Учурда апрелдин  ондоруна чейин 1200 даракты эгебиз деп турабыз. Бул жерде жолдор башкармалыгынын аракетинен да кɵз каранды, лотокторду канчалык тез коюп кетсе, биз да ошончолук тез топурак тɵшɵп, кɵчɵт эгип кетебиз.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author