20 августа, 2025

“Калктын басымдуу бɵлʏгʏ дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет”

Административдик аймактык реформанын алкагында шаарга ɵткɵн айыл ɵкмɵттɵрдʏн бири Кызыл-Кыштак айыл аймагы. Учурда айыл аймактын калкынын саны 46 156 адамды тʏзɵт. Аянты 5 600 гектар. Айылдын инфраструктурасы, социалдык обьекттер жана айрым кɵйгɵйлɵрʏ тууралуу айыл аймактын жетекчисинин орун басары Манноб Маккомбаев айтып берет.

Биздин аймакта Кызыл-Кыштак, Андижан, Керме-Тоо, Жаңы-Кыштак, Жаңы-Турмуш, Ишкаван, Коммунист, Кызыл-Байрак айылдары жайгашкан. Сʏрɵ-Таш участкабыздын статусу жок болгонуна байланыштуу Жаңы-Турмуш айылына карайт. Ар бир айылыбызды шаар менен байланыштырган 127-119-136-маршруттук каттамдары бар. Буга чейин жолдорубуздун кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏ асфальтталган. Социалдык обьекттер боюнча айтсам, бʏгʏнкʏ кʏндɵ 9 мектеп, 5 бала бакча балдарга билим берип келʏʏдɵ. Шаарга жакын жайгашкан айылдардан мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар балдар шаардын метептерине барып окушат болчу. Азыр эми Керме-Тоо айылына республикалык бюджеттин эсебинен жаңы мектеп курулду. Быйылкы жылы Ишкаван айылына дагы бир мектеп салуу боюнча мэрге кайрылдык.

Албетте, ар бир иште кемчилдиктер, кɵйгɵйлɵр болот эмеспи. Ошол сыяктуу айылдарыбыз газ менен толук камсыздалган эмес. Газ куурлары Ишкаван айылына чейин жеткирилген. Жаңы-Турмуш айылынын 50 пайызы камсыз болсо, калган айылдарыбызга газ куурлары тартыла элек. Азыр газ алып баруу негизги пландарыбыздын бири. 

Ал эми фельдшердик акушердик пункттарыбыз (ФАП) административдик аймактык реформанын негизинде шаардын ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборуна ɵткɵн. Айыл ɵкмɵт болуп турган учурда Кара-Суу районуна карайт элек. ФАПтардын жагдайын Кара-Суу районунун ʏй-бʏлɵлʏк медициналык борбору кɵзɵмɵлдɵп, оңдоп-тʏзɵɵ иштери айыл ɵкмɵттɵн камсыздалчу. Шаарга ɵткɵндɵн бери медицинада тармагыбызда да жакшы ɵзгɵрʏʏлɵр бар. Кызыл-Кыштак, Ишкаван, Керме-Тоо, Коммунист, Жаңы-Турмуш айылдарында 5 ФАП калкты тейлейт. Эки жыл мурда Сʏрɵ-Таш участкабызга Кореянын “KOICA” деп аталган эл аралык фонду тарабынан долбоордун негизинде жаңы ФАП курулуп, иштеп жатат.

Биздин айыл аймакта калктын басымдуу бɵлʏгʏ дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет. 15 миңденден ашуун элдин ʏлʏш жери бар. Тургундарыбыз май, июнь айларында эрте бышкан картошканы рынокко алып чыгышат. Мындан сырткары помидор, балгар калемпири жана башка жашылчалар ɵстʏрʏлɵт. Жʏгɵрʏ ɵстʏрʏʏ да жакшы жолго коюлган. Дыйкандар бир гектардан 18-22 тоннага чейин тʏшʏм алышууда. Ал эми багбандар кокон гилас ɵстʏрʏʏнʏ кирешелʏʏ тармакка айлантып баратышат. Шабдалы аянттары да кɵп. Дыйкандарыбыз эгин талааларын ʏч канал менен суугарат. Жазында дыйкандардын суроо-талабына ылайык айылдарга суу берилет. Таза суу жана сугат суулардан дээрлик кɵйгɵй жок деп айта алам. Ичʏʏчʏ сууну Ошшаарсууканал муниципалдык ишканасынын графиги, тарифтери боюнча элге жеткирип беребиз. Ошондой эле, айылда пластикалык эшик, терезе, курулуш материалдарын, тигʏʏ цехтерин иштеткен майда ишкерлер да бар. Ишкердик баштайм деп келген тургундарыбызга кантип каттоого туруу керектиги, жана башка документ иштерине жардамдарды беребиз. Мындан сырткары айрым жаштарыбыз Россия, Америка кошмо штаттарында, Корея, Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ иштеп жʏрʏшɵт.

Мэрдин протоколдук тапшырмасына ылайык шаар боюнча кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул кɵрʏнʏш бизде да бар. Курулуш ээлерине айылдык башкармалыктын адистери тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатат. Буга чейин тургундарга эскертʏʏлɵр берилген. Эл ɵзʏ да кызыл сызыктан чыгып кеткенин туура тʏшʏнʏп, тартипке келтирʏʏ иштерин башташты.

About The Author