Муфтияттын маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча чыгарган жаңы фатвасы коомчулуктун оозунан тʏшɵ элек. Ага ылайык, ʏчʏлʏк, бейшембилик, жетилик, кыркылык жана ашта мал союп, элге тамак-аш берʏʏгɵ болбойт. Жаш муундан улуу муунга чейин талкууга алынып, кайчы пикирлерди жараткан фатва тууралуу тɵмɵндɵ токтолобуз.
Мирислам Абдиев, Ош шаарынын мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бɵлʏмʏнʏн адиси:
“ФАТВА БИЗДИН КААДА-САЛТКА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ”

Жалпы Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстандагы элдер шариятты бекем карманышат. Албетте, ар бир элдин каада-салты бар. Маркумду шариятка ылайык акыркы сапарга узатуу боюнча аалымдар кеңешинин фатвасы деле биздин каада-салтка каршы келбейт. Бир-эки маселелер бар, аны оңдоп-тʏзɵп койсо болот. Айрымдар аны туура эмес тʏшʏнʏп, мыйзам сыяктуу кабыл алышууда. Андай эмес, шарияттагы фатваны бизге аалымдар чыгарып берет эмеспи. Тʏшʏнʏктʏʏ болуусу ʏчʏн кененирээк айта кетейин, адам бул дʏйнɵдɵн ɵткɵндɵ жалпыга кабар берилип, акыркы сапарга узатуу даярдыгы башталат. Алыс-жакындагы туугандары эртерээк жаназасына жетишип келип калуусу зарыл. Себеби пайгамбарыбыздын хадисинде дʏйнɵдɵн ɵткɵн адамдын денеси муздаганга чейин жерге берилʏʏсʏ керектиги айтылат. Айрым аймактарда маркумду ʏч кʏнгɵ чейин кармап туруу адаты бар. Бул шариятка каршы. Адам ɵлгɵндɵн ʏч кʏн ɵткɵн соң денесинен жагымсыз жыттар, айыккыс ооруга алып келʏʏчʏ вирус, инфекциялар чыга баштайт. Мындайды болтурбоо максатында маркумду кечиктирбей жерге берʏʏ боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп келет. Бирок, кɵпчʏлʏк аймактарда бир кʏндʏн ичинде эле коюлуп келе жатат.
“АЗА КYТКƟН YЙДƟН ДААМ ТАТУУ ТУУРА ЭМЕС”
Адамдын кɵзʏ ɵткɵндɵ анын артында калган мурасы тɵрткɵ бɵлʏнɵт. Биринчи бɵлʏгʏ маркумдун кепинине арналат. Андан сырткары кээ бир жерлерде кабырды сатып алуу керек, ага берилет. Ошондой эле кабырды казгандардын акысына да жумшалат. Экинчиси, карыз. Биринчиде аталып кеткендерден мурасы ашса, анда карыздарын тɵлɵɵгɵ бɵлʏнɵт. Карызын бергенден кийин да акчасы ашса, тирʏʏ кезинде айткан кандайдыр бир осуяты болсо, ошол адамга берилет. Бирок, бул жерде дагы эки шарт бар. Шарият боюнча ɵзʏнʏн балдарына осуят ɵтпɵйт, башка бирɵɵлɵргɵ, бир тууганына же алысыраак тууганына берʏʏгɵ болот. Тɵртʏнчʏ бɵлʏгʏ гана артында калган мураскорлоруна бɵлʏнʏп берилет.
Эгерде маркумдун мал-мʏлкʏ бɵлʏнɵ элек жатып, элге таратылса анда бул арамга жакын болуп калат. Себеби мураскерлердин акысына кирʏʏгɵ жатат. Артында жаш балдары калган маркумдун мурасы бɵлʏнɵ электе барып даам татып койгон адамга эртең кыямат азабы катуу болот. Ошондуктан маркум ɵткɵн алгачкы ʏч кʏндɵ анын ʏйʏнɵн даам татуу туура эмес. Эмнеге ʏч кʏн? Анткени ушул ʏч кʏндɵ мурастар бɵлʏнʏп бʏтɵт дешкен, эгерде бул ʏч кʏндɵ да бʏтпɵсɵ андан кийин деле даам сызганы болбойт. Мурасы бɵлʏнгɵндɵн соң балдары атасына арнап ихсан кылгысы келсе, берсе болот. Андан маселе жок. Албетте, маркумду акыркы сапарга узатууда алыс-жакындан келген тууган-туушкандар бар. Аларга ошол аза кʏткɵн ʏйдɵ эмес, кошуналары тарабынан тамак-аш ырасталып, даам таттырышып, бир же эки кой союп узатып коюшса болот. Ал эми 1-2 жылкы союп узатам дегени ысырапкорчулук. Бул боюнча мечиттин имамдарына жума намаздарда калкка тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ боюнча тапшырмалар берилген.
“КАБЫР ЧЫГАША КЫЛБАЙ ТУРГАН ЖЕР”
Маркумдун кɵрʏстɵнʏнɵ мрамор таштарды эмес, жыгачка жаздырылган белги коюу кажет. Кабырды кооздоо, мрамор таштарды коюу, орундуктарды орнотуу сыяктуу кɵрʏнʏштɵр болуп келет. Негизи кабыр чыгаша кылбай турган жер, ал эми адамдар чыгаша кылбай турган жерге каражат жумшап, ысырапкорчулукка жол беришʏʏдɵ. Кабырды ит, куш, айбанаттардан коргоо ʏчʏн гана кɵп каражат талап кылбаган тосмолор менен тоссо болот.
Балтагул Нурунбетов, коомдук ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор, “Манас” орденинин ээси:
“КААДА-САЛТСЫЗ ЭЛ БОЛБОЙТ”

Ар улуттун ɵзʏнɵ таандык каада-салты, ʏрп-адаты бар. Биз кыргыздар да тээ ата-бабаларыбыздан бери, айталы Манас доорунан бери келе жаткан каада-салтыбыз бар. Бирок каада-салтыбыздын кадырын кетирип, беделин тʏшʏрʏп бараткандайбыз. Той-аштарда, маркумду узатуу жана башка мааракелерде элибиз тутунган ʏрп-адат, нарк-насилибизди эске албай, ойго-тʏшкɵ кирбеген жол-жосундарга жол берип, эл кɵрсʏнгɵ тɵгʏп-чачып, бири-бири менен атаандашып, элибиз айткандай, “кедей байга жетем, бай кудайга жетем” деп ɵз билемдикке, текеберликке берилип ашыкча ысырапкорчулукка барып жаткандыгыбызды моюнга алышыбыз керек. Ошол терс кɵрʏнʏштɵрдʏ жолго салуу ʏчʏн атайын мыйзам кабыл алынып, президентибиздин жарлыгы чыгып, анан калса муфтияттын фатвасы жарыяланып жатканы бекер эместир. Аталган маселелер узактан бери кɵтɵрʏлʏп, бирок чечилбей келет. Бул боюнча 2024-жылы президентибиздин ысырапкорчулукту жоюу боюнча Жарлыгы чыгып, элде талкуу жʏрбɵдʏбʏ. Быйыл ошону ишке ашыруу боюнча муфтияттын фатвасы чыкты. Фатва десе эле баарыбыз мыйзам катары кабыл алып жатабыз. Бул милдеттʏʏ тʏрдɵ жасатуу эмес, тʏшʏндʏрʏʏ, элге жеткирʏʏ. Анткен менен элибизде “бɵрк ал десе, баш алгандар” да кɵп. “Болду, токтот!” деп тыюу салуу менен бул маселени чечʏʏ мʏмкʏн эмес. Баары жол-жобосу менен болгону жакшы. Мына ɵзбек туугандарды айталы, ɵлʏк чыккан жерде ʏч кʏн тамак асылбай мал союлбай коңшу-колоңдору тамак-ашын жасап келет. Алар илгертен эле чектɵɵ коюп келишкен. Бул кабыл алып, ʏйрɵнɵ турган каада. Бирок биздин эл ага ынана албай жатабыз. Анткени кыргыздарда тээ Манастан бери Кɵкɵтɵйдʏн ашын айтып мисал кылабыз. Ушул жерде бир нерсеге маани бербей келебиз. Анда ашка келген эл ɵзʏнʏн чыгымын кɵтɵрɵ, боз ʏйʏн артынып, сойчу малын айдай келген. Кыргызда сɵɵк чыкканда алыс-жакындан келген туугандарына колунда барын союп жɵнɵтʏп келет. Акыркы кезде биз аны да тɵгʏп-чачып тойго айлантып жибердик. Ɵзʏмдʏн башымдан ɵткɵргɵн адам катары айтайын, сɵɵк чыккан кʏнʏ кимди кандай тостуң, кимге кандай жилик бердиң, кудаа-сɵɵк кандай узады деген менен алек болуп калганыбыз да чын. Андай кылбасаң дагы болбойт экен. Азыр эми “тоок дагы сойбойсуң” дегенге барып жатпайбызбы. Муну менен ысырапкорчулукту токтотуу кыйын. Ысырапкорчулукту жоюу карапайым эл тарабынан жакшы эле колдоого алынууда, аны кайра эле кызматтагы бийлик адамдары, депутаттар бузуп жатпайбы. Анан ага теңелем деп карапайым эл кыйналууда. Албетте, ысырапкорчулукту жоюу жакшы, бирок каада-салтты туура сактоо менен чечилиши керек. Ошондуктан ысырапкорчулукка жол бербей той-аштарды сарамжалдуу ɵткɵрʏʏ боюнча жʏргʏзʏлʏп жаткан иштерди колдоп, аны турмушка ашыруунун бир эффективдʏʏ усулун табышыбыз керек.Тыюу салуу жолу менен бул иш алдыга жылбайт. “Бɵрк ал десе баш алган, тоок да сойбойсуң” деген принцип менен бул ишти алдыга жылдыра албайбыз. Массалык маалымат каражаттарын пайдаланып, эл-журт арасында тʏшʏндʏрʏʏ ишин кеңири алып барып, коомдун ой-пикирин тʏзʏʏ зарыл. Жергиликтʏʏ бийлик органдары пландуу тынымсыз тʏшʏндʏрʏʏ иштерин алып барып, коомдук уюмдарды, жаштарды, аялдар кеңештерин, аксакалдарды бул ишке тартуу зарыл. Мында аксакалдардын орду чоң. Жʏрʏм-турумубуздан баштап, кийген кийимибиз, сʏйлɵгɵн сɵзʏбʏз менен жаштарга ʏлгʏ болушубуз керек.
Куламназар Эргешов, Отуз-Адыр айыл аймагынын аксакалы:
“СƟƟК ЧЫККАН YЙДƟ СƟЗСYЗ ТYРДƟ МАЛ СОЮЛУУСУ КЕРЕК”

Ысырапкорчулукту жоюу боюнча эл талкуулап, туура келген сунуштарды берип, бир иретке келтирип алса болот. Ал эми муфтияттын фатвасында айтылгандай, маркумду акыркы сапарга узатууда ʏч кʏнгɵ чейин жыт чыгарбай, кошуналары багуусу керек деп жазылыптыр. Мындай башка элдерде болушу мʏмкʏн, бирок кыргыздын ɵзʏнʏн каада-салты, маданияты бар да. Аны унутта калтырып же чекеге сʏрʏп кеткенибиз болбойт. Шарият деп эле башка элдердин маданиятын, каада-салтын кыргызга алып келип таңуулай бербеш керек. Менимче, сɵɵк чыккан ʏйдɵ сɵзсʏз тʏрдɵ чакан мал союлушу шарт. 60-70 жашка чыккан аксакал же байбиче кɵз жумса анын ошончо катышы, алты баласы болсо, алты куда-сɵɵктɵрʏ бар дегендей. Алар ар жактан, алыс-жакындан келет. Маркумду узатууда кошуналары багып турушат деген менен кошунаңда да болсо багат, болбосо кантет? Бул улуттук каада-салтка каршы иш.
“ЖЫЛДЫК АШЫН ƟТКƟРYY ДИНГЕ КАРШЫ КЕЛБЕЙТ ДЕП ОЙЛОЙМ”
ʏчʏлʏк, жетилик, бейшембилик дегендерди кыскартып койсо болот, анткени ашыкча чыгым. Бирок, жылдык ашы ɵтʏп, союш союлушу керек. Албетте, дʏркʏрɵтʏп той кылып эмес, чеги менен ɵткɵрʏʏ. Жылдык ашын ɵткɵрʏʏдɵ аза кийимдери чечилип, жакындары, балдары “ак кийди” кылышат. Башкалар мындан ары жакшылык болуусун каалап, тилек айтышат. Мунун динге каршы келе турган эч нерсеси жок. Андыктан каада-салтты кадырлап, туура колдонолу. Болбойт деп эле чектɵɵ киргизип, тыя берсек, эртең элибиздин каада-салтын, ʏрп-адаттарын жок кылабыз. Акыры барып тарыхыбызды унутуп, ɵздʏгʏбʏздʏ жоготобуз. Бир мал сойгондон анчейин чыгым деле болбойт.
Биздин айылда маркум чыккан ʏйдʏн кара ашына, кырк ашына кирбейбиз. Себет берʏʏнʏ да аксакалдар кеңешип, качан эле токтотконбуз. Ал эми кошок кошууга келсек, ɵлʏктʏн дагы урмат-сыйы болушу керек. Кыргызда бекеринен “Тирʏʏнʏн кɵркʏ сый, ɵлгɵндʏн кɵркʏ ый” деп айтылбайт. Ɵлгɵн жерде жоктошуп, кошок кошуп турса, бул да маркумга карата сый.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы