Аялдардын эл аралык майрамына карата Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы бардык аял затын, мекеме-ишканаларда эмгектенген айымдарды куттуктап, “Боорукердик” ʏйʏндɵ жашаган апалардан да кабар алды. Ошондой эле мэр “Боорукердик” ʏйʏнʏн имараты менен таанышып чыгып, жеке ɵзʏ тараптан да колдоо кɵрсɵтʏлɵрʏн билдирди. Аны менен бирге бул жерде тарбияланып жаткан балдар ʏчʏн спорт аянтча, боз ʏй куруу, компьютерлер жана мектеп автобус менен камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды