20 августа, 2025

Дʏйнɵдɵгʏ булганыч дарыялар

Дʏйнɵдɵгʏ эң булганыч дарыялар экологиялык кɵйгɵйлɵрдʏ жаратып, адам жашоосу ʏчʏн чоң коркунучтарды алып келʏʏдɵ. Арасында белгилʏʏ ɵзгɵчɵлʏктɵргɵ ээ болгондору да бар.  Алардын суусу жогорку деңгээлде булганган жана экологиялык кырдаалга чоң таасир тийгизет.

Индиянын Ганг дарыясы дʏйнɵдɵгʏ эң булганган дарыялардын бири, булганычтыгы боюнча 3-орунда. Индиянын миңдеген тургундары ʏчʏн суунун негизги булагы болсо да, дарыяга ар тʏрдʏʏ таштандылар, чарбалык калдыктар жана ɵлгɵн жаныбарлар ташталат. Ганг дарыясынын булганышы, албетте, экологиялык жана адамдардын ден соолугу ʏчʏн чоң коркунуч жаратып келет. Дарыяга кʏн сайын химикаттар, ɵнɵр жай калдыктары, чириген таштандылар тɵгʏлɵт. Жыйынтыгында суусу ичʏʏ, жуунуу, тамак даярдоо ʏчʏн пайдаланууга таптакыр жараксыз болуп калат. Бул маселени чечʏʏ ʏчʏн Индия ɵкмɵтʏ жана эл аралык уюмдар бир нече долбоорлорду ишке киргизишкен. Дарыяны тазалоо жана сактоо ʏчʏн кɵп кʏч-аракет жасалганы менен натыйжасы жакшы жыйынтык бербей келет.

Хуанхэ же “Сары дарыя” деп аталган Кытайдагы эң белгилʏʏ жана маанилʏʏ дарыялардын бири. Кытайдын тʏштʏк-батышынан тʏндʏк-чыгышына чейин агып ɵтʏп, 140 миллиондон ашык адамга ичʏʏчʏ суу жана айыл чарба иштери ʏчʏн пайдаланылып келет. Бирок акыркы жылдары дарыянын экологиялык абалы ɵтɵ начарлап, ал дʏйнɵдɵгʏ эң булганган дарыялардын тизмесинде 2-орунга кирген. Хуанхэ дарыясын ɵндʏрʏштʏк калдыктар аябай кɵп каптаган. 1996-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, дарыяга 4,29 миллиард тонна таштандылар тɵгʏлгɵн. Натыйжада суунун сапаты ɵтɵ тɵмɵндɵп, ал ичʏʏ жана башка керектɵɵлɵргɵ колдонууга жараксыз болуп калды. Кытай ɵкмɵтʏ бул кɵйгɵйдʏ чечʏʏ ʏчʏн бир катар чараларды кɵрɵ баштаган. Мисалы, жаңы ишканалардын курулушу ʏчʏн Хуанхэден алыстатуу талаптары киргизилген жана ɵнɵр жай калдыктарын тɵгʏʏгɵ тыюу салынып, чоң айып пул коюлган.

Сарно Италиянын тʏштʏгʏндɵ жайгашкан эң булганган дарыя. Дʏйнɵдɵ булганычтыгы боюнча сап башында турат. Мунун себеби, сууда кɵптɵгɵн уулуу заттардын болушу. Сарно дарыясына агып тʏшкɵн химикаттар, пестициддер, ɵндʏрʏштʏк калдыктар жана канализациялык таштандылар суунун сапатын кескин тɵмɵндɵтɵт. Ал суунун экологиялык абалы кɵп жылдан бери ɵтɵ катуу начарлап жатат жана бул аймактагы экосистема ʏчʏн олуттуу коркунуч туудурууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ дарыянын кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏ ɵнɵр жай жана айыл чарба калдыктары менен булганган. Ар жыл сайын бул калдыктар суунун сапатын дагы да жаман кылып, экологиялык абалды бузууда. Сарно дарыясынын экологиялык абалы регион ʏчʏн чоң кɵйгɵйгɵ айланып, Италия бийлиги тарабынан тазалоо иштерин кʏчɵтʏʏ жана таза суу ресурстарын сактоо ʏчʏн чаралар кɵрʏлʏʏдɵ, бирок натыйжа берʏʏ ʏчʏн дагы кɵп иштер жасалышы керек.

Анара Мамаева

About The Author