21 августа, 2025

Кʏнʏмдʏк жашоодон кɵркɵмдʏк жараткан блогер

Тездик менен ɵтʏп жаткан кʏндɵрдɵ кʏнʏмдʏк тиричиликтен кɵркɵмдʏк табуу кɵптɵр ʏчʏн кыйын. Бирок, жайдары маанай менен жɵнɵкɵй, карапайым жашоону кɵрсɵтсɵ социалдык тармакта кɵрʏʏчʏ да кɵп топтойт. Биздин каарман ɵзʏнʏн баракчасында тамак жасоо ыкмаларын, ʏй иштерин оңой уюштуруунун жолдорун тартып кɵрсɵткɵн блогер Нурзада айым. Анын тарткан видеолору катардагы бир кʏндʏ майрамга айландыруу менен айырмаланат. Ал бир эле учурда ʏй-бʏлɵлʏк милдеттерин аткарып, ошону менен бирге балдарын тарбиялап келет. Нурзада Темишова Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылынын тургуну. ʏй-бʏлɵлʏʏ, 1 уул 1 кыздын энеси. Учурда Москвада жашайт.

-Жолдошум экɵɵбʏз баш кошкон соң 20 кʏндɵн кийин эле Москвага келгенбиз. Анткени жолдошумдун жумушу бар эле. Ал кезде жолдошум эртеден кечке жумушунда болсо, мен ʏйдɵ олтурчумун. Ошол себептен мендеги башка жерге кɵнʏп кетʏʏ, тагыраагы, келиндик адаптация кɵбʏрɵɵк убакытка созулду. Ушул учурда бир аз стресске тʏштʏм десем да болот. Себеби биринчи балаңы эч кимдин кɵмɵгʏсʏз, жардамысыз кароо бардык эле жаш тɵрɵгɵн келинге бир аз кыйын. Сɵзсʏз тʏрдɵ жол кɵрсɵтʏп турган кайненең, апаң же эжең болуусу керек. Ошол кездерде мен мынтип стресс болуп кыйналбашым ʏчʏн бир нерсе менен алаксышым керектигин ойлондум. Анан блок баштоого ниет койдум. Бирок баса белгилеп кетчʏ нерсе, мен блогумду жɵн гана бекерчиликтен же алаксышым керек деген нерсенин гана аркасында баштаган жокмун. Ɵзʏмдʏн ички потенциалымды ачтым десем болот. Себеби кичинемден эле камераны жакшы кɵргɵн адаммын. Мектепте окуп жʏргɵн мезгилимде журналист болууну кыялданчу элем. Бирок тилекке каршы, орто мектепти аяктаган соң журналистикага эмес, филология факультетине тапшырып калганмын. Турмуш- шартыма байланыштуу ɵзʏм кыялданган, эңсеген кесипке жете алган эмесмин десем болот. Жактырган кесибиме тапшыра албай калгандыгым ʏчʏн ичимден кандайдыр бир нерсе тʏрткʏлɵй берчʏ. Бирок бул нерсеге каалоом кʏч болгон ʏчʏн колумдагы телефонум менен ɵзʏмдʏ ɵзʏм тартып, кичине болсо да эңсеген кыялга жетип келе жатам десем болот.

-Мен блок жʏргʏзʏʏдɵ кʏнʏмдʏк жашоомду кɵбʏрɵɵк тартам. Атайы блок ʏчʏн тамак жасап чыгам деп айткандан алысмын. Мен энемин, келинмин, ʏй кожойкесимин, мына ошондогу баскан- турганымдан, жасаган иштеримден эле блогумду жаратып келем. Блогумду жаңы баштап жатканымда ʏй-бʏлɵм тарабынан колдоо болгон эмес. Ошол эле учурда тоскоолдук да болгон эмес. Себеби бул нерсеге жакындарымдын эч кимиси олуттуу карабаган “тартып жʏрʏп таштап коет да” же “зеригип тартып жатат, калат да бир аз ɵткɵн соң” деген пикирде болушкан. Баштаган ишимди аягына чейин алып кетип, жыйынтык кɵрсɵтɵ алдым деп айта алам.

-Инстаграм менин кошумча жумушум болуп калды. Жолдошум 12 саат жумушта болот. Мен 2 балам менен ʏйдɵ болом. Менде бир жактарга саякатка чыгуу же болбосо кимдир бирɵɵ менен жолугуу, айлануу деген нерсе жок. Болгону ʏйʏмдʏн ичинде эле олтуруп, ʏйдɵ болуп жаткан нерселерди эле тартып инстаграмга киргизип, ошол менен алаксыйм.  Блок алып баруудан сырткары башка иш менен алектенбейм. Кылган иштеримди камерага тартып алып, балдарымды уктатып, монтаждап чыгам. Блогум аркылуу рекламаларды тартып кошумча кирешемди дагы таап алам.

-Мага окшоп декретте олтурган айымдарга айтарым, кайсы бир нерсеге кызыксаңыз, ал нерсени эч качан таштап койбоңуз. Кимдир бирɵɵдɵн колдоо кʏтпɵңʏз. “Мени колдош керек, ал мага жакшы сɵз сʏйлɵш керек, же болбосо ал колдобой койгон ʏчʏн мен жасабай койдум” деген нерсени оюңуздан алып салыңыз. Себеби эч ким, эч кимге милдеттʏʏ эмес. Бул принципти  ɵзʏм дагы карманам. Башында мени деле эч ким колдогон эмес. Бирок бул нерсе ушул деңгээлге жетишиме себеп болду деп айта алам. Балким, ʏй бʏлɵм мени колдогондо азыркы абалыма жетпейт элем. Анткени жолдошума же жакындарыма таянып калат болчумун. Алгач блок баштаганымда мени тааныгандар, жакындарым, айтор, баары кайсыл жерге барып чалынат экен, кайсыл жерден жыгылат экен деп сырттан карап сын тагышкан. ʏйдɵ отурган айымдарга айтар элем, ɵзʏңʏздʏн хоббиңизди кесип кылып алыңыз жана андан ырахат алууну билиңиз.

-Канткен менен  Мосвка бɵлɵк шаар эмеспи, бул жакта катташа турган туугандарыбыз деле жок. Анын ʏстʏнɵ кɵп кабаттуу ʏйдɵ жашагандыгыбыз ʏчʏн кʏнʏбʏз бирдей эле ɵтɵт. Бара турган тɵркʏнʏм дагы алыста дегендей. Бирɵɵ менен ушакташмай жок. Бирɵɵнʏн тоюна бармай жок. Бирɵɵнʏн кɵйнɵгʏн же дасторконун сынап келмей жок. Баары ɵзʏнʏн турмушу менен алек. Москвада жашап мен чыңалдым, такшалдым. Ɵзʏм ʏчʏн эле эмес, эки балам ʏчʏн мойнумда жоопкерчилик бар. Атам бар го, апам бар го, же болбосо кошунабыздан сурап турам деген тʏшʏнʏк жок. Ар бир нерсеге чоң болобу, кичине болобу ɵзʏбʏз аракет кылабыз. Кээде ток, кээде ачка калабыз. Мына ушул нерселер, мигранттык турмуш бизди жаш болсок да турмушка тарбиялап чыкты.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author