20 августа, 2025

Ынтымак тынчтык, биримдиктин данакери — бул улуу мугалим, асыл ата-эне

Адам баласы бул жарык дʏйнɵгɵ актай кагаз болуп жаралып, сырткы факторлордун негизинде инсан болуп калыптанаары илимде далилденген. Ошол факторлордун эң негизги ɵзɵгʏ — бул мугалим болуп эсептелет эмеспи. Ал мугалим мен жана сиз …

Мен бʏгʏн мугалим катары ошол актай баракты сыялоочу, бала деген эң назик аруу, таза периштенин жʏрɵгʏнɵ жол салган данакер катары  акыл эсимдеги, сезимимдеги ой толгоомду бɵлʏшʏʏнʏ чечтим. Аны кантип кабыл алып, чечим чыгаруу жана ынануу ал сиздин ɵз эркиңиз деп билем. Болгону бʏгʏн мен жʏрɵгʏмдʏн тээ тʏпкʏрʏндɵгʏ ɵйʏп чыккан ой толгоомду кенен айткым келди. Дʏйнɵ жʏзʏндɵ дарыгер менен педагогдун кесибинен ɵткɵн гумандуу, улуу, татаал кесип жок. Дарыгер адамдын ɵмʏрʏ ʏчʏн акыркы мʏнɵтʏнɵ чейин кʏрɵшɵт. Ал эми мугалимдер болсо, аруу-таза балдарга  жашоону ʏйрɵтʏп, аны инсан катары ар тараптан калыптандырып, турмуштун ак-карасын, оош-кыйышын, калпты, чындыкты дегеле адам болуунун сырларын ʏйрɵтʏп, аны «кең турмуш» деген жашоого даярдап, жʏрɵгʏнɵ, элесине, аң–сезимине, балалык кубанычына, унутулгус чыйыр жол салат.

Улуу педагог В.А.Сухомлинский айткандай: “балалык деп аталган  жомоктогу хан сарайга бир гана мугалимдин гана кирʏʏгɵ акысы бар”. Бирок ошол жомоктогу каармандын образын тандоо бул сиздин жана биздин гана колубузда …

Биз мугалимдер билим тарбияны абстрактуу ишке ашыруучу гана болбостон, балдарда улуттук баалуулуктарды калыптандырган руханий жан дʏйнɵсʏнɵ адилет, патриот инсандарды тарбиялоого тийишпиз. Ɵзгɵчɵ биз балдардын аң-сезиминде, жʏрʏм –турумунда кɵндʏм адатка айланган эң улуу коомдогу асыл сапаттар болгон ынтымак, биримдик, тынчтык тʏшʏнʏктɵрʏн  калыптандыруунун данакери катары мугалим болуп эсептелерин так даана айткым келет. Учурдагы коомдогу болуп жаткан ɵзгɵчɵ балдар арасындагы ынтымаксыздык, тартипсиздик, жоопкерчиликсиздик жана башка терс сапаттардын кескин тʏрдɵ кʏч алышын мугалим катары ɵз баамымда анын ɵзɵгʏн тапкым келди. Баланын жʏрɵгʏнɵ баруучу жол мугалимдин колдору аркылуу гана ачылат. Азыркы балдардын агрессивдʏʏ, ɵзʏмчʏл,  кара мʏртɵз болуусуна алардын руханий жан дʏйнɵсʏнʏн жакыр болушуна кɵп бɵлʏгʏнʏн  виртуалдык жашоого алмашып калганы да таасир этʏʏдɵ. Баланын адамдык касиетке сугарылып, кɵɵдɵнʏ кɵр болбой асыл сапаттарга ээ болуп, мээримге  толгон сезимдерден эч качан тартипсиз, ынтымакка чок салган адам чыкпайт. Анын себеби  эмнеде? Аны  ким берет? Кимден алат? ушул суроолорго кел замандашым жооп издеп кɵрбɵйлʏбʏ?

Биринчи таалим-тарбиянын эшиги болгон “Ата –эне эшигин” кагып кɵрсɵк кандай болот? Ооба, арийне “Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдʏʏ бол” — деген макалда да асыл ой, улуу уютку жатат эмеспи. Ой толгоомдогу сɵздɵрдʏн баарын жазсам дейм аттиң, бирок, кɵɵдɵндɵгʏ ɵрттɵнгɵн алоо жалын сɵздɵрдʏн учу кɵрʏнʏп эле тургандай. Ата асыл сɵз, акылы, жол кɵрсɵткɵн даанышмандыгы, эненин мээримдʏʏ сезими, кɵз карашы, баамчылдыгы да, мугалимге инсан тарбиялоосуна жардам берет деп таамай айта алам. Сабак ɵтʏп жаткан учурдагы ар кандай балалык кɵз караштар али да кɵз алдымда. Ата-энеси мигрант болуп жакындарына таштап кеткен балдар менен мээримге, сʏйʏʏгɵ тойгон ɵз ата-эненин кучагында чоңойгон балдардын айырмасы, кɵз караштары, ал тургай жʏрʏм-турумдары да, кандай адам болуп таасирленʏʏсʏнɵ саресеп салам …

Мээримге тойгон бала досуна да, касына да бирдей мамиле кылат. Уруш, кагуу-силкʏʏ жеп корунган бала досунан гана эмес баарынан ɵч алгансыйт. Билесизби, ал мугалимден да ɵч алууну кɵздɵйт. Ал байкуш бала ɵч эмес, билсеңиз мээрим издегени, жарык жол издегени. Ата-эненин ролу ɵтɵ асыл экенин сездиңизби окурманым? Баланын эки канаты болгон ата-эне жана мугалим ажырагыс бир бʏтʏн экенин  айткым келет.

Колумдагы калемди карап жатып ɵзʏмдʏн тээ алыста калган балалык издеримди издедим. Анда мен эч нерседен бейкапар, бул дʏйнɵнʏн ак-кара, башка сызык, кызыктары менен ишим жок дилим таза курагым эле. Секелек кезимден атам менен апамдын мээримдʏʏ эркелеткен сɵздɵрʏ али да эсимде… Атамдын “билимдʏʏ бол кызым, китеп оку, кɵɵдɵнʏң кɵр болбосун” деп айтканы, апамдын болсо, “жакшы жʏр, кызга тиешелʏʏ нарк, уят-сыйды биринчи орунга кой” дегени азыр да кулагыма жаңырат. Атамдын жомок айтканы, ээрчишип той, сейил бакка барганыбыз, апам экɵɵбʏздʏн уй саап, ʏй жыйнап, мени эмгекке ʏйрɵткɵнʏ баары-баары, сʏйʏʏлɵр мени жаман адам кылган жок деп таамай айта алам.

Терезеде карасам ай жаңырып, асманда сур булуттар жолум алдыда дегенсип жылып бара жатышат. Баламдын басып келе жаткан дабышын уктум. Негедир бурулуп карагым келбеди. Ой толгоомду, эскерʏʏмдʏ бузгум келбеди. Баламдын “жакшы жатып, жакшы тʏш кɵрʏңʏз!” дегенине башымды гана ийкедим. Баамдадыңызбы замандаш, ата -эне бала ʏчʏн тарбиянын башаты экенин. Жан дили таза, актай кагаз наристени кандай чыны кылып, тарбиялап, мугалимге алып келесиз ал сиздин, ата-эненин чоң орду бар. Тешикпи, темирби, алтынбы же жарымы сыныкпы анын баркы жок, билиңиз ата-эне, мугалим ошол чɵйчɵктɵргɵ бирдей суу куярын, бирдей асыл билим кенин тең бɵлʏп салаарын…

Кɵрдʏңʏзбʏ, улуу урматтуу кɵрɵңгɵлʏʏ кыргыз элим. Инсанды, улуу адамдык касиетти сиңирген адам тарбиялоо оор экенин, оңой эместигин. ʏй-бʏлɵдɵ ынтымак, тынчтык орногон ʏйдɵ акыл-эстʏʏ, акылы тунук, кɵрɵгɵч, даанышман, парасаттуу, толеранттуу, патриот, чыгаан инсан чыгаарына ишендиңизби?

Тогузакова Зуура Шерматовна, Ош шаарындагы №16 Кыргызстандын Кырк жылдык мектебинин башталгыч класстардын мугалими (орус класстарга кыргыз тилинен ).

ОшМПУнун  5-курсунун студенти (сырттан окуу бɵлʏмʏндɵ)

About The Author