• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

КАРАТЭ-ДО БОЮНЧА “OSH-OPEN” ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР БОЛУП ƟТТY

Автор:Osh Shamy

Май 19, 2025

Ош шаардык спорт комитети тарабынан Ош шаарында спорттун каратэ-до тʏрʏ боюнча “Osh-Open” аталышындагы эл аралык турнир болуп ɵттʏ. Турнирдин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КРнын Каратэ-до федерациясынын президенти Эргешов Бекмурза Аскарбаевич, Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Баетов Болотбек Талайбекович, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Маматов Мирбек Акжигитович, Ош шаарынын мэриясынын социалдык ɵнʏгʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы Закиров Нурлан Акимжанович катышышты. Турнирге Кыргызстандагы бардык аймактардан жана коңшу ɵлкɵлɵрдɵн келген 300дɵн ашуун спортчу катышты. Мелдеш жогорку деңгээлде ɵтʏп, спортчулар кʏчʏн, чеберчилигин жана ɵжɵрлʏгʏн кɵрсɵтɵ алышты.

“Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵлкɵ жетекчилиги спорттун ɵнʏгʏшʏнɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурууда. Жаш таланттарды колдоо, эл аралык деңгээлдеги мелдештерди ɵткɵрʏʏ жана спорттук инфраструктураны жакшыртуу — булардын бардыгы кʏчтʏʏ жана дени сак улутту калыптандырууга багытталган. Ош шаары спорттук турмуштун борбору катары ɵз ордун мындан ары да бекемдеп жатат” – деп белгиледи Бекмурза Эргешов.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *