Жеке ɵнɵктɵштʏк программасынын негизинде июль айында Ош шаарында “Булак” деп аталган ири спорт комлексинин ачылышы кʏтʏлʏʏдɵ. 2025-жылдын 12-майында курулуш иштеринин жʏрʏшʏ менен тааныштыруу иш-чарасы болуп ɵттʏ. Иш-чарага белгилʏʏ альпинист Эдуард Кубатов башатаган активисттер, Кыргыз футбол союзунун калыстар комитетинин тɵрагасы Бахадыр Кочкаров, жергиликтʏʏ бийлик ɵкʏлдɵрʏ, ишкерлер жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ катышты. Спорт комплекстин жалпы аянты 4 миң чарчы метрди ээлейт. Буга чейин курулуштун ордунда “Дельфин” бассейни болгон. Анын имараты эскиргендиктен жергиликтʏʏ бийлик эл аралык стандарттарга ылайык келген спорт комплекс курууну чечкен эле. Жаңы спорт комплекс социалдык демилгелерди да колдоого алган ири долбоорду иш жʏзʏнɵ ашырмакчы. “Булак” спорт комлекси жɵнʏндɵ кененирээк маалымат алуу ʏчʏн негиздɵɵчʏсʏ Эльдар Тɵрɵбаевди кепке тартканбыз.

-Эльдар мырза айтсаңыз, бизде машыктыруучулар жетиштʏʏ элеби же сырттан дагы алып келесиздерби?
-Спорт комплексинде негизинен спорттун сууда сʏзʏʏ тʏрʏнɵ басым жасалат. Андан сырткары триатлон — сууда сʏзʏʏ, чуркоо жана велоспортту камтыйт. Жергиликтʏʏ кесипкɵй машыктыруучулар буга чейин кабыл алынган. Бир этап менен бʏгʏнкʏ кʏндɵ Россиядан сууда сʏзʏʏ бюнча машыктыруучу алып келе жатабыз.
-Спорт комплексинде тʏзʏлгɵн шарттар менен тааныштырып ɵтсɵңʏз?
-Олимпиадалык бассейндин узун-туурасы 50 метрге 20 метр болуп, 8 паласадан турат. Стандарттык ɵлчɵмдɵ курулду. Бул эл аралык мелдештерди ɵткɵрʏʏгɵ да мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт. Бассейндин суу тазалоочу системасы, сууну филтирлɵɵ, нормасына ылайык жылытып берʏʏ жана башка бардык системалары кылдаттык менен ар бир деталы эске алынып жасалууда. Комплекстин ар бир бɵлмɵсʏнɵ толугу менен аба тазалагычтар жана вентиляция орнотулат. Спортчулардын ден соолугун сактоо максатында керектʏʏ талаптардын баары жасалып жатат.
Заманбап жабдуулар менен жабдылмакчы. Абонемент алган ар бир адам “Face ID” менен кирет. Спорт дарыгери ʏчʏн атайы бɵлмɵ, массаж жасоо жана башка процедураларга шарт тʏзʏлгɵн. Экинчи кабат бʏт тренажердик зал болуп эсептелет. Машыгуучу зал, аэробика, йога жана башка спорттун тʏрлɵрʏ да болот. Эркек балдардын кийим алмаштыруучу жайы 200 адамга ылайыкташкан. Кыздарга да ушундай кенен тʏзʏлдʏ. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдарды эске алып, алар ʏчʏн да атайы шарт тʏзʏп жатабыз. Буюрса, июль айына толук бʏткɵрʏлʏп спорт сʏйʏʏчʏлɵрʏнɵ эшик ачууну пландап жатабыз.
-Долбоор кайсы жылы ишке ашырыла баштады?
-2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор мамлекеттик жеке ɵнɵктɵштʏктʏн негизинде даярдалган. Жер муниципалдык мʏлккɵ таандык. Биз тараптан инвестиция кылынып, спорт комплекси салынып жатат. Жерди пайдалануучу катары ижара тɵлɵйбʏз, андан сырткары шаардын курама командасы ʏчʏн 25 спортчуну сууда сʏзʏʏ боюнча даярдап, эл аралык деңгээлдерге алып чыгабыз. Ошондой эле башка спорттун тʏрлɵрʏ боюнча, мисалы, кʏрɵш, бокс, дзюдодо машыккан 25 спортчуга физикалык жактан даярданганы мʏмкʏнчʏлʏк беребиз.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы