20 августа, 2025

Архитектура башкармалыгы: “Жʏз кʏн ичинде 61 эскиздикдолбоор даярдалды”

Ар бир шаар ɵзʏнʏн ɵзгɵчɵ дизайны, уникалдуу курулушу менен айырмаланат. Ошондуктан курулуш тармагы кесипкɵй, чыгармачыл адистерден турары талашсыз. Учурда шаар аймагында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери кызуу жʏрʏп жаткан кезде аларды кайра калыбына келтирʏʏ боюнча кандай долбоорлор даярдалып жатат, жакында Ош шаары курулуш тармагында кандай ɵзгɵрʏʏлɵргɵ багыт алат? Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылып, ишмердʏʏлʏгʏ менен таанышып чыкканбыз.

Каныбек уулу Азамат, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы.

-Азамат мырза, алгач башкармалыктын негизги ишмердʏʏлʏгʏнɵ токтолсоңуз?

— Архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2016-жылдын 29-мартындагы №160 сандуу токтому менен бекитилген башкы планына, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы №182 токтому менен бекитилген Ош шаарынын борбордук бɵлʏгʏнʏн деталдык пландоо долбооруна (ПДП), Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнɵ караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жыл 24-мартындагы №39 нпа буйругу менен бекитилген “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу жɵнʏндɵ эрежелер топтомунун” талаптарын, курулуш нормаларлын жана эрежелерине ылайык иш аракеттер жʏргʏзʏлɵт.

Белгилей кетсек, шаардын инфраструктурасын жакшыртууда мэр Жеңишбек Шермаматович келгенден бери жолдорду кеңейтʏʏ, жаңы жолдорду ачуу иштери да алдыга жыла баштады. Мэрия менен Архитектура башкармалыгынын биргеликте жасап жаткан иштеринин баары башкы пландын жана деталдык пландоо долбоорунун негизинде аткарылып жатат.

-Учурда кандай долбоорлор менен иштеп жатасыздар?

-Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой кʏн сайын калаа башчынын катышуусу менен мекеме-ишканалардын жетекчилери, тийиштʏʏ кызматкерлер шаардын кɵчɵлɵрʏн кыдырып, кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ жолдорун караштырууда. Аларды ишке ашыруу максатында жол, тротуар, сквер, аллеялардын курулуш иштери четинен жʏрʏп жатат. Мэр Жеңишбек Шермаматович биздин башкармалыкка да алдыда жасалуучу бир топ жумуштарга тапшырмаларды берген. Алардын баарын кагазга тʏшʏрʏп, кайсы жер кандай болуусу керектиги боюнча башкы планга таянып, сунуштарды бермекчибиз. Жакында калаа башчынын ишке киришкенине жʏз кʏн болот экен. Жʏз кʏн ичинде биздин башкармалык 61 эскиздик долбоор даярдады. Буга чейин сʏрдʏрʏʏ иштери жʏрʏп келсе, эми кайрадан шаарды куруу, курулуштарды калыбына келтирʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштей баштадык. Атай кетсем, мэрдин демилгеси менен Ɵзбекстандан Кыргызстандын аймагына киргендеги “Достук” айлампа жолуна эки элдин достугун чагылдырып, кол алышып турган айкелди орнотуу боюнча эскиз иштелип чыккан. Мындан сырткары Ош-Ɵзгɵн жолундагы “Т” кесилишине да арка сыяктуу курулуш эскизинин бир варианты иштелип чыгып, сунуштар берилди. Эскиздер тандалып алынгандан кийин, жумуштардын кийинки этаптары ишке ашырыла баштайт.

-Кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар боюнча сиздердин башкармалык кандай жумуштарды жасап жатат?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды тартипке келтирʏʏ боюнча бардык ишканаларга тийиштʏʏ тапшырмалар берилген. Шаарда кʏндɵн-кʏнгɵ калктын саны кɵбɵйʏп, чоң кɵчɵлɵрдɵ автоунаалардын тыгыны байкалып жаткандыктан жолдорду кеңейтʏʏ зарылдыгы келип чыгууда. Аткарылып жаткан аракеттер албетте шаар тургундарынын жакшы жашоосуна шарт тʏзʏʏнʏ кɵздɵйт. Биз жолду кеңейтʏʏдɵ веложолдорду да киргизʏʏгɵ сунуштарды берип жатабыз.

Курулуштарды бузууга келсек, курулуштарга уруксат берʏʏ иштерин алып барган орган катары курулушка тиешелʏʏ иш кагаздары биздин мекеме аркылуу такталат. Ошондой эле курулуш куруу же жер пайдалануу ʏчʏн  архитектуралык шаар куруу корутундулары, архитектуралык пландуу шарттары, долбоорлору, айтор бизден эмне иш кагаздары чыккан болсо ошолорго таянуу менен жумуш алып баруудабыз.

-Сʏрдʏрʏʏгɵ илешкен кызыл китеби бар жер ээлери башынан документ жасоосуна туура келеби?

-Жердин кызыл китеби жарандын менчик укугу болуп эсептелет. Бирок ошол жердеги ʏйʏнɵ же чарбалык курулуштарга Архитектура башкармалыгынан убагында тийиштʏʏ иш кагаздарын алуусу керек болчу. Кɵпчʏлʏк тургундарда ошол документтер жок болуп чыгууда. Мисалы, Масалиев, Навои, Озгур жолунда, дегеле шаардын бардык жеринде жарандар иш кагаздарын толук кандуу бʏтʏрʏшкɵн эмес. Баары “кызыл китебим бар, ошол тиешелʏʏ иш кагазым болуп эсептелет” деп ойлошот. Андай эмес, азыр кызыл китепти алгандан кийин кандай ʏй же ишкана курса бизге кайрылып, тийиштʏʏ документтерин бʏтʏрʏп алуулары керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кызыл сызыктан кайра ичкери кирип жаткан жер ээлерине, зарылчылыкка байланыштуу жолго берилип жаткандардын ар бирине жергиликтʏʏ бийлик кенемте тɵлɵнɵт деп жатат. Сʏрдʏрʏʏ болгондон кийинки жер ээлери  бизге кайрылып, тиешелʏʏ иш кагаздарын алып, кайра курулуш курабыз десе, биз мыйзам чегинде документтерин беребиз.

-Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ курууга уруксат алганы келген тараптарга кандай талаптарды коесуздар?

-2012-жылдан тарта кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн курулушу тездик менен ɵсʏп келʏʏдɵ. Аларга уруксат берʏʏнʏн ɵз нормалары бар. Мисалы, ɵрт коопсуздугу, автоунаа токтотуучу жайы, балдар аянтчасы болуусу шарт. Бизге кайрылган куруучулардын жери жана куруудагы талаптар башкы планга, деталдык пландоо долбооруна туура келсе, №39 ченемдик укуттук актыга жана Министрлер кабинетинин №240 токтомуна ж.б. курулуш эрежелерине ылайык тиешелʏʏ иш кагаздары берилет. Кошумча белгилеп кетсек, курулуш иштерин баштоого чейин архитектура башкармалыгы тарабынан берилʏʏчʏ иш кагаздарды алган соң, андан ары тиешелʏʏ долбоордук иш кагаздарын Курулуш Министрлигинин алдындагы мамлекеттик экспертизадан ɵткɵрʏп жана архитектуралык курулуштарды кɵзɵмɵлдɵɵчʏ кызматына каттоого туруусу шарт.

-Унаа токтотуучу жайлардын жоктугу азырга чейин кɵйгɵй болуп келет, бул боюнча алдыда кандай иш-аракеттер жасалат?

-Чынында шаарда автоунаа токтотуу жайлар жетишсиз. Бул боюнча Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте ылайыктуу жерлерди тандап, тогуз жерге долбоорлордун эскизин иштеп чыкканбыз. Анын ʏчɵɵ жердин ʏстʏндɵ, жети кабатка чейин автоунаа токтотмо. Калган бешɵɵ жер алдында. Калаа башчы ɵзʏ да белгилеп ɵткɵндɵй инвесторлор табылса бул долбоор автоунаа токтотмо кɵйгɵйлɵрʏн бир топ жеңилдетмек.

Мурда 100 батирлʏʏ кɵп кабаттуу ʏйгɵ 38-40 гана унаа талап кылынган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ теңме-тең болуусу каралат, тагырагы кɵп кабаттуу ʏй куруучулар 100 батирге 100 орунду автотоктомону долбооруна киргизип, алып келиши керек.

-Башкармалыкта канча бɵлʏм бар, анда эмгектенген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча аткарылган иштер?

-Башкармалыкта жалпы беш бɵлʏм, беш сектор бар. Башкармалыкта эмгектенген адистер жакында Бишкек башкы архитектурасынын кызматкерлери менен тажрыйба алмашып келишти. Аны менен бирге белгилʏʏ архитекторлорду чакырып, жаш адистерибизди ар тараптан ɵсʏп ɵнʏгʏʏсʏ боюнча иш чаралар уюштурулуп жатат. Кадрлардын билим деңгээлинин жогору болуусу, кесипкɵйлʏгʏ биз ʏчʏн маанилʏʏ жана бул жаатта болгон аракетибизди жумшап келебиз.

-Маегиңиз ʏчʏн рахмат, башкармалыктын ишине ийгилик!

Айжылдыз Тойчиева

About The Author