21 августа, 2025

“Ош шамы” гезитинин кабарчысы адабий сыйлыктын лауреаты болду

Баткен облусунун Лейлек жергесинен чыккан акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган “Ɵрʏкзар поэзиясы” эл аралык фестивалынын расмий бɵлʏгʏ 17-апрель кʏнʏ Лейлек райондук маданият ʏйʏндɵ уюштурулду. Иш чарага  КРнын Министрлер кабинетинин  тɵрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн орун басары Жаныбек Исаков, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбековдор баштаган жетекчилер, акын-жазуучулар жана адабият сʏйʏʏчʏлɵрʏ катышты.

“Ɵрʏкзар поэзиясы” эл аралык фестивалына 40 жашка чейинки акындар катышкан. Алардын ичинен калыстар тобунун жогорку баасына татыганы ʏчʏн акын Максат Жангазиев баш байгеге ээ болду. 1-орунга Гʏлʏмкан Исаева, 2-орунга Махабат Касейинова, ал эми ʏчʏнчʏ орунга “Ош шамы” гезитинин кабарчысы, акын Бʏкалча Маматали кызы менен Жибек Сапар кызы татыды. Бешɵɵ тең Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту.

Бул ирет адабият майрамы эл аралык деңгээлде уюштурулгандыгы менен ɵзгɵчɵлɵнʏп, ага коңшу мамлекеттерден да акын-жазуучулар келип катышты. Иш чарада акындын чыгармалары окулуп, обондуу ырлары жаңырды. Фестиваль эки кʏн бою акындардын, поэзия сʏйʏʏчʏлɵрдʏн башын бириктирген аянтчага айланып, тектʏʏ, тарыхы бир кошуна элдердин ынтымагын бекемдеген жана адабиятты даңазалаган саамалык болду. Белгилей кетсек, “Ɵрʏкзар” поэзия фестивалы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун Баткен облустук бɵлʏмʏнʏн тɵрагасы, акын, журналист Абдилаат Дооров тарабынан негизделип, жыл сайын уюштурулуп келет. Быйыл бул фестивалдын ɵтʏп жатканына 35 жыл толду.

Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты,  акын Бʏкалча Маматали кызы: “Ɵрʏкзар поэзиясы” фестивалына ырларымды  жибергенде финалга ɵтɵм деген ʏмʏтʏм жок болчу. “Ош шаарынын атынан катыш” деп сунушташкан ʏчʏн ырларды жɵнɵткɵн элем. Насип кылган экен ɵрʏкзарга барып ыр окуп, адабий сыйлыкка лауреат болуп кадимкидей канат бʏтʏп турган кез. Ɵмʏрдɵ башкаларга  жарыгын чачкан жакшы кишилер болгон ʏчʏн дʏйнɵ алигиче сакталып турса керек. Айтайын дегеним, К. Сабыровго  арналган “Ɵрʏкзар поэзиясы” фестивалын  уюштуруп, Кыргызстандагы улуу-кичʏʏ акын-жазуучуларды, коңшу казак, ɵзбек калемгерлерин чогултуп,  адабий аянтча тʏзʏп берген акын Абдилаат Дооровго ыраазычылык билдирем. Бул иш чаранын уюштурулуп  келатканына  быйыл  35 жыл болуптур. Бул чыныгы баткендиктердин  туруктуулугу,  ɵжɵрлʏгʏ, эмгекчилдиги  эмеспи! Ылайым “Ɵрʏкзар поэзиясы” улана берсин. Ал эми калемдештеримди чын дилден ыр майрамы менен, сыйлыктары  менен куттуктайм! Поэзияда 1-2- орун деген жеңиш жок, поэзияда ыр деген, поэзия деген, жан дʏйнɵ майрамы деген жеңиш бар. Кыргыз поэзиясы ɵнʏгɵ берсин!

About The Author