
2025-жылдын 16-апрелиндеги Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, депутаттар жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул ирет депутаттар тарабынан “коопсуз шаар”, жолдорду кеңейтʏʏ, асфальттоо, аялдамалардын жетишсиздиги, коомдук транспорттук каттамдар маселелерине басым жасалды. Атай кетсек, Ош шаардык кеңешинин депутаты Акмарал Тентимишова коомдук унаалардагы тейлɵɵ сапатына, айдоочулардын жетишсиздиги боюнча маселелерди кɵтɵрʏп чыкты. Ал эми депутат Мелис Обозов жолдорду оңдоп-тʏзɵɵ мɵɵнɵтʏн тездетʏʏ керектигин, шаардагы чаңыган жолдор айлана-чɵйрɵгɵ таасир этип, аллергия оорулары менен жабыркагандарга кыйынчылык жаратып жатканын билдирди. Мындан сырткары 2016-жылы шаарга келген ЛИАЗ автобустары сапатсыз болуп, жоопкерчилиги азырга чейин каралбай калганын, мэрия автобустар ʏчʏн алынган кредитти дагы деле тɵлɵп жатканын эл ɵкʏлʏ Бекболот Арзибаев баса белгиледи. Ошондой эле ал Ош-Араван жолундагы Кɵкʏмбий кɵчɵсʏн кеңейтʏʏ маселесин кɵтɵрдʏ. Мындан сырткары эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан сугат суу, ичʏʏчʏ суу, газ, балдар бакчасынын курулушу, мектеп, Тɵлɵйкɵн МАБдагы талаш болгон жайыт маселелери айтылды.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Айдар Камалов кʏн тартибиндеги Ош шаарынын мэриясынын “ОшТВ — Медиа” муниципалдык ишканасын тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵгʏ маселеге токтолуп, эл ɵкʏлдɵрʏ тарабынан талкууланып, тиешелʏʏ иш-кагаздары менен толукталып сунушталгандан кийин Ош шаардык кеңешинде маселе каралып жаткандыгын айтты. “Муниципалдык макам анын туруктуу ɵнʏгʏшʏнɵ жана коомдук багыттагы ишмердʏʏлʏгʏн кеңейтʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк берет. Ошондой эле толук мыйзамдын алкагында бардык эрежелерди так сактоо менен “ОшТВ” телеканалы муниципалдык мекеме болуп тʏзʏлдʏ” деди депутат. Жетинчи сессияда жалпы 12 маселе каралып, тиешелʏʏ токтомдор кабыл алынды.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы