21 августа, 2025

Баңгизатка каршы кʏрɵш кызматы: “Синтетикалык баңгизаттар дʏйнɵ жʏзʏндɵолуттуу кɵйгɵйгɵ айланды”

Баңгизатка каршы кʏрɵшʏʏнʏн бир айлыгы жарыяланды. Ош шаарында жаштардын жана жашы жете элек ɵспʏрʏм балдардын арасында баңги каражаттарын колдонуунун алдын алуу максатында бир айлыктын алкагында жогорку окуу жайлардын студенттери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда “Баңгизатсыз сергек жашоо менен мекенчилдикке карай жол” урааны астында иш-чара ɵткɵрʏлдʏ. Анда баңги каражаттарына тиешелʏʏ бир канча эксперименттер да кɵрсɵтʏлгɵн. Дегеле ɵлкɵдɵгʏ баңги каражаттарынын абалы кандай, жаштарды бул адаттан коргоо максатында кандай аракеттер жасалып жатат?  КРнын ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жʏгʏртʏʏгɵ каршы кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Азизбек Ɵскɵнбаевге кайрылганбыз.

-Азизбек Кеңешбекович, баңги кырдаалы жана бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ тенденциялар боюнча айтсаңыз?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Ош облусу жана Ош шаарынын аймагында баңгизаттарга каршы кʏрɵшʏʏ кызматы ɵз ишмердʏʏлʏгʏн активдʏʏ жʏргʏзʏп келʏʏдɵ. Акыркы мезгилдерде байкалган маанилʏʏ кɵрʏнʏш — баңги колдонуучуларынын жаш курагынын кескин жашарып кеткендиги. Мурда афган ɵндʏрʏшʏнɵн чыгарылган гашиш, героин сыяктуу табигый баңгизаттар колдонулуп келсе, учурда жаштардын арасында синтетикалык баңгизаттар жана аптекалык кʏчтʏʏ таасир берʏʏчʏ даары каражаттары (башкача айтканда, аптекалык наркомания) кеңири колдонулууда. Бул кɵрʏнʏш жаштар арасында баңгизаттарга болгон кызыгуунун жана жеткиликтʏʏлʏктʏн кɵбɵйʏшʏнɵ себеп болот. Ошондуктан негизги кʏрɵш синтетикалык баңгизаттарга жана аптекалык наркоманияны алдын алууга багытталууда.

-Баңгизаттар биздин аймакка кɵбʏнчɵ кайсы тараптан мыйзамсыз жʏгʏртʏлɵт? 

-Баңгизаттардын апийим, гашиш жана героин тʏрлɵрʏ Кыргызстандын аймагына негизинен Тажикстан Республикасы аркылуу келсе, Тажикстандын аймагына Афганистандан ташылып келет. Бирок учурда дʏйнɵ жʏзʏндɵ синтетикалык баңгизаттар олуттуу кɵйгɵйгɵ айланды. Бул заттар даяр тʏрʏндɵ ташылып келбейт. Анын ордуна кандайдыр бир компоненттери, курамдык бɵлʏктɵрʏ курулуш материалдары катары же башка турмуш-тиричилик техникасынын бɵлʏктɵрʏ катары алынып келиниши мʏмкʏн. Келтирилген соң жашыруун лабораторияларда жасалып, даяр продукцияга айланат. Ошону менен сатууга аракет кыла башташат. Синтетикалык баңгизаттардын ɵзгɵчɵлʏгʏ – лабораториялык, татаал жол менен жасалып, аз эле дозасынын таасири кʏчтʏʏ болгондуктан баасы да кымбат.

-Статистикалык маалыматтарга таянып, кʏрɵшʏʏ аракеттеринин жыйынтыгына токтолсоңуз?

-Ош облусу жана Ош шаары боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жʏгʏртʏʏгɵ каршы эки башкармалык жана эки бɵлʏм иш алып барат. 2025-жылдын биринчи чейрегинде 25 килограмм 819 грамм баңгизат алынган. Анын ичинде:

• Каннабистин чайыры — 4 кг 590 грамм

• Марихуана — 9 кг 676 грамм

• Психотроптук заттар — 11 кг 278 грамм

• Каннабис майы — 275 грамм

Бул заттардын жалпы баасы 5 млн 400 миң сомду тʏздʏ. Бул кʏчтʏʏ таасир этʏʏчʏ дарылар аптекалык наркоманияга тиешелʏʏ каражаттарды да камтыйт.

-Профилактикалык иштер жана алдын алуу чаралары?

-2025-жылдын биринчи чейрегинде биздин башкармалык тарабынан 53 алдын алуу иш-чарасы ɵткɵрʏлдʏ. Анын ичинде мектептерде лекциялар, спорттук иш-чаралар, Ɵзгɵн районунда облустук администрация жана мэрия менен биргеликте координациялык кеңештер уюштурулган. Бул иш-чараларга райондук билим берʏʏ бɵлʏмдɵрʏ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жергиликтʏʏ бийлик органдары катышты. Тʏштʏк аймак боюнча алдын алуу иштери 60 жолу жʏргʏзʏлдʏ. Ар бир райондук, шаардык ички иштер бɵлʏмдɵрʏ да ɵз алдынча профилактикалык иштерди байма-бай жʏргʏзʏп келишет.

-Синтетикалык баңгизаттарды таратуучулар кандай жолдор менен жарнамалашы мʏмкʏн?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ синтетикалык баңгизаттар кɵбʏнчɵ социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу телеграм, инстаграм баракчаларында таратылат. Интернеттин жеткиликтʏʏлʏгʏ менен колмо-кол сатуу азайып, онлайн кеңири жайылууда. Мессенджерлердин администраторлору кɵбʏнчɵ чет ɵлкɵлɵрдɵ туруп алып, биздин жаштарды жеңил акча табууга азгырып коюушууда. Мисалы, сатуучу белгилʏʏ бир жерге баңгизатты катып коюп, локациясын сатып алуучуга жɵнɵтʏшɵт. Акча болсо ар кандай электрондук капчыктар аркылуу которулат.

-Аптекалык наркомания мурда жок эмес беле, биздин ɵлкɵгɵ кантип келип калды?

-Туура айтып жатасыз, аптекалык наркомания буга чейин чет мамлекеттерден келген студенттер аркылуу жайылган. Айрыкча Индия, Пакистандан келген студенттер ушул кɵрʏнʏштʏ киргизип, жергиликтʏʏ жаштарга жеткиришти.

Ɵткɵн жылы Ош шаарында 18 жана 19 жаштагы эки студент кыз синтетикалык баңгизат менен кармалган. Алар телеграм аркылуу иштеп, чоң кɵлɵмдɵ каражаттарды алып жʏрʏшкɵн. Натыйжада соттун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылды. 2025-жылы эле Ош шаарынын мектептеринде синтетикалык баңгизатты жарнамалаган ʏч окуучу кармалып, тергɵɵ бɵлʏмʏнɵ ɵткɵрʏлгɵн соң тиешелʏʏ чаралар кɵрʏлдʏ.

-Ата-энелерге кандай кеңеш бересиз, бала синтетикалык каражатка аралашкандагы белгилерди кантип байкоого болот?

-“Ооруну жашырсаң ɵлʏм ашкере” деп айтылат эмеспи, ата-эне катары ар бир баланын жʏрʏм-турумуна кɵңʏл буруу керек. Эгер бала тʏнт болуп, сʏйлɵшʏʏдɵн качып, сабакка болгон мамилеси ɵзгɵрʏп жатса, бул кооптуу белгинин башталышы болушу мʏмкʏн. Бир жолу колдонгондон кийин эле кɵз каранды болуп калган учурлар кɵп кездешет. Эгер бала синтетикалык баңги каражаттарга аралашып калганы байкалса дароо наркология бɵлʏмʏнɵ кайрылуу керек. Дарылоону эрте баштоо трагедиянын алдын алат. Ошондой эле балдар бош, кароосуз калбоосу керек. Кызыккан нерселери менен алек болуп, аларды мекенчилдикке тарбиялаган жакшы кɵрсɵтʏʏлɵрдʏ байма-бай кɵрсɵтʏʏ зарыл деп ойлойм. Биз кичинебизде “аскердин жашоосу” сыяктуу кɵрсɵтʏʏлɵрдʏ кɵрʏп, ошолордой солдат болууну, аскерде кызмат ɵтɵɵнʏ кыялданар элек. Азыркы кырдаалда балдарды мекенчилдикке, илим-билимге тарбиялоо манилʏʏ болуп турат.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵлкɵ башчысынын, Министрлер кабинетинин тɵрагасынын жана Жогорку Кеңештин демилгеси менен баңги каражаттарына кʏрɵш жасалууда. Мурда баңгизатты жарнамалаган адамдарга административдик жоопкерчилик каралса, азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Аптекаларда сатылган кʏчтʏʏ дары-дармектерге да кɵзɵмɵл кʏчɵтʏлдʏ. Эгерде бул дарылар психотроптук зат катары колдонулса, анда алар да баңгизат деп бааланып, мыйзамсыз сатылса кылмыш болуп саналат.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы

About The Author