Шаардын тазалыгы баарынан маанилʏʏ. Тартип менен тазалык сырттан келген коноктордун кɵңʏлʏн сɵзсʏз ɵзʏнɵ бурат. Ошондуктан шаарды таза кармоо жергиликтʏʏ бийликке же тиешелʏʏ ишканга гана таандык эмес, бул жалпы коомго таандык. Теманы улай шаардын тазалыгын камсыздап, кɵркʏнɵ кɵрк кошуп келе жаткан маанилʏʏ ишкана жɵнʏндɵ маалымат алмакчыбыз.
Нурбек Исмаилов, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси.

-Нурбек мырза, учурда техникалык базанын абалы кандай, быйылкы жылы атайы жаңы техникалар алындыбы?
-Быйылкы жылы Ош шаарынын мэриясы тарабынан 6 жаңы атайы техника берилди. Иштин сапатын мындан да жакшыртуу ʏчʏн алдыда дагы 40 техника алуу пландалууда.
-Буга чейин тамаш-аш калдыктарын, пластиктерди жана катуу заттарды иргеп таштоочу урналар орнотулган эле жыйынтыктары жɵнʏндɵ айтсаңыз?
-ʏч жыл мурда пилоттук негизде таштанды кɵбʏрɵɵк чыккан жерлерге иргɵɵчʏ урналарды коюп чыкканбыз. Чынында жаңы орнотулган убакта тургундар анча тʏшʏнбɵй, таштандыларды чогуу таштап алган учурлары болгон. Барган сайын иргеп таштоого ʏйрɵнʏштʏ. Мурда кʏнʏнɵ орточо эсеп менен 10 тонна кубга чейин таштанды чыгарсак, бɵлʏп таштала баштагандан кийин 1 же 2 тонна куб таштанды чыгарылат. Азыр ондой жерге иргɵɵчʏ урналар орнотулган, жакшы жыйынтыктарды берʏʏдɵ. Шаардын борборунда жайгашкан кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн алдында, жолдун бойлорунда 2-3 объектти бириктирип, бир иргɵɵчʏ пункттарды жайгаштырып жатабыз. Белгилей кетсем, жакында Курманжан датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарында атайын пункттар ачылды.

-Шаарда жер ʏйлɵр да бар эмеспи, мештин кʏлʏнɵн бери таштанды урналарына ыргыткан учурлары болот, аларга кандай эрежелер иштелип чыкты?
-Туура маселени айтып жатасыз, азыр Тазалык ишканасынын тийиштʏʏ унааларын чакыртып гана жʏктɵп беришет. Эгер кɵлɵмдʏʏ таштандыларды эрежеге баш ийбей ыргытса административдик жоопкерчиликке тартылат.
-Мекеме учурда кандай жаңы долбоорлор менен иштеп жатат?
-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Туран кичи районуна 5 миң даана контейнер буюртма кылганбыз. Жер ʏйлɵрдɵн чыккан кʏнʏмдʏк таштандылар боюнча жаңы системага ɵтʏʏнʏ чечтик. Учурда биздин унаалар сигнал менен кирип барып таштандыларды алып чыгып кетишет. Айрым жашы ɵткɵн тургундар сигналды укпай калган учурлары болот. Пландалып жаткан долбоор боюнча контейнерлер ар бир ʏйдʏн астына коюлуп, мекеме унаалары жумасына белгиленген график боюнча таштандыны алып кетишет. Контейнердин чыгымын тɵрт айга бɵлʏп тɵлɵɵ боюнча пилоттук долбоорду сунуштап, МАБ жетекчилери жана биздин кызматкерлер биргеликте жергиликтʏʏ тургундарга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатабыз.

-Таштандыны туш келди жерге ыргыткандарга кандай чаралар кɵрʏлɵт?
-Жумасына бир жолу сɵзсʏз рейддик чаралар уюштурулат. Жашоочулар тарабынан даттануу тʏшкɵн жрелердин кɵпчʏлʏгʏнɵ онлайн камераларды орнотконбуз. Портерлеп ташатанды алып келип ыргыткан жарандарды МАИ кызматкерлерине ɵткɵрʏп беребиз. Алар тийиштʏʏ чараларды кɵрʏшɵт. Туш келди ыргытып кеткен жарандардын видеолорун ишкананын социалдык баракчалары аркылуу чыгарууга аргасыз болобуз. Кɵпчʏлʏгʏ ɵз кʏнɵɵсʏн сезип, кечирим сурап келип видеону ɵчʏртʏп кетишет.
-Шаар тургундары, мекеме-ишканалар тɵлɵɵ мɵɵнɵтʏн так эле сакташабы?
-Ооба. Азыр эл кыйла тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып, ɵз убагында тɵлɵгɵнгɵ аракет кылышат. Дебитордук карыздар кыйла азайды. Тɵлɵм багытын дагы да жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын коммуналдык кызматтарына болгон тɵлɵм системаларын бизде да колдонуу боюнча сунуштарды берип жатабыз.
-Чоң кɵчɵлɵрдʏн боюнда кɵлɵмдʏʏ контейнерлер жолго кɵрʏнɵ орнотулган эмеспи, алар канчалык деңгээлде маанилʏʏ?
-Кɵпчʏлʏк жерлерден чоң контейнерлерди жок кылдык. Азыр шаар чоңоюп жатат, курулуштар да кɵп жʏрʏʏдɵ. Советтер доорундагыда 30-40 батир эмес бир ʏйдɵ 150-200гɵ чейин батир бар. Дислокациясын аныктабай туруп, эксплуатацияга берип коюшат. Анан тургундар таштанды кɵйгɵйʏндɵ мэрияны, тазалык ишканасын кʏнɵɵлɵшɵт. ʏй куруучулар мына ушундай маселелерге да кɵңʏл буруусу керек. Азыр кɵйгɵйдʏ чечʏʏ максатында жогоруда айтылгандай кɵп ɵлчɵмдɵ таштанды чыга турган жерлерге таштанды ылгоочу пункттарды орнотуп жатабыз.


-Учурда “Ош-Тазалыкта” канча кызматкер эмгектенет?
-Мекемеде 400 жумушчу бар. Таң эртеден чыгып шаарда кыймыл башталганга чейин кɵчɵлɵрдʏ тазалап, элге ыңгайлуу шарт тʏзʏшɵт. Мындан сырткары башкы инженер, бɵлʏм башчылар, абоненттик бɵлʏм ыкчам иш алып барат. Ишкананын негизги ишмердʏʏлʏгʏ шаар аймагын тазалоо, жолдорду жууп тазалоо, кышында кадрлардан тазалоо болуп эсептелет.
-Шаар тургундары таштанды таштоодо кандай эрежелерди сактоосу керек?
-Таштандыны белгиленген жерге туура таштоо зарыл. Бул тарбия ʏйдɵн башталат. Балдарга ата-энелер тарабынан, мектеп тарабынан айтылуусу керек деп ойлойм. Биздин макеме да мектептер менен биргеликте ар тʏрдʏʏ сынактарды уюштуруп турат. Мындан ары да иш-чараларыбыз уланат. Ошондой эле таштандыларды иргеп таштоо менен тазалык кызматкерлеринин таштандыны кайра иштеп чыгаруу жумушун жеңилдетесиздер. Мындан ары тамак-аш калдыгы ташталган урнага айнек, желим, кагаз жана башка акыр-чикир аралашып ташталбайт. Калдыктар ɵз-ɵзʏнчɵ бɵлʏнʏп, тиешелʏʏ урналарга салынат.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы