Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025- жылдардагы кʏз-кыш мезгилине даярдоо жɵнʏндɵ” токтомун аткаруу максатында, Ош шаарынын мэриясы тарабынан келе жаткан жылытуу сезонуна ɵз убагында даярдык кɵрʏʏ ʏчʏн иш-чараларды бекитʏʏ боюнча 2024-жылдын 12-июнундагы № 635 токтому кабыл алынган.
Жылытуу ɵнɵктʏгʏнɵ карата даярдык кɵрʏʏ иштери бекитилген иш- чаралардын негизинде аткарылып, Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 28-октябрындагы № 588-б буйругунун негизинде 2024-жылдын 30-октябрынан баштап керектɵɵчʏлɵргɵ жылуулук берʏʏ башталып, 2025-жылдын 17-мартындагы № 126-б буйругуна ылайык жылуулук берʏʏ токтотулду.
2024-2025-жылдардагы кʏз-кыш ɵнɵктʏгʏн жогорку деңгээлде ɵткɵрʏʏ максатында тʏзʏлгɵн иш-чаралардын негизинде, «Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан бардык иштер толугу менен аткарылып, буу казандары (3 даана) толугу менен иштеп, 39 билим берʏʏ, 14 саламаттыкты сактоо, 7 жогорку окуу жай, 4 ɵнɵр жай мекемеси жана 352 кɵп кабаттуу ʏй, 195 жеке менчик ʏй, 396 субъект жылуулук менен камсыздалды.
Аталган борбор 4,7 млн. м3 жаратылыш газын, 20556,3 тонна мазут иштетип, 181874 Гкал жылуулук энергиясын ɵндʏрдʏ. Мазут отунунун калдыгы 2025-жылдын 1-апрелине карата 3951,3 тоннаны тʏздʏ. 2025-жылдын 1-апрелине карата жалпы дебитордук карыз 208,7 млн. сомду тʏзʏп, 2024-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 49,2 млн. сомго кɵбɵйгɵн.
Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы 2024-2025-жылдардагы кʏз-кыш ɵнɵктʏгʏн ɵз деңгээлинде ɵткɵрʏʏ максатында тʏзʏлгɵн иш-чаралардагы тапшырмаларды толугу менен аткарууга алып, ишкананын 111 отканасы иштеп, жалпысынан 309 кɵп кабаттуу ʏйдʏ, 45 мектепти, 43 балдар бакчасын, 7 дарылоо мекемесин, 9 жогорку окуу жайын, жалпы 118 мекемени жана 224 жеке менчик ʏйдʏ жылуулук менен камсыздады.
2024-2025-жылдардагы жылуулук берʏʏ мезгилинде Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы тарабынан 84,0 млн. кВт электр энергиясы жана 13 906,9 тонна кɵмʏр отуну иштетилип, 105 138,7 Гкал жылуулук энергиясы ɵндʏрʏлдʏ. Кɵмʏр отунунун калдыгы 2025-жылдын 1-апрелине карата 909,1 тоннаны тʏздʏ. 2025-жылдын 1-апрелине карата жалпы дебитордук карыз 131,1 млн. сомду тʏзʏп, 2024-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 25,6 млн. сомго кɵбɵйгɵн.
Ош, Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканаларынын энергетикалык обьекттерди 2024-2025-жылдардын кʏз-кыш мезгилине жеткиликтʏʏ даярдоо ʏчʏн иш-чараларда кɵрсɵтʏлгɵн кубаттуулугу 6-10-0,4 кВ ТП, КТП болгон 168 даана трансформатор оңдоодон, 913 трансформатор техникалык тейлɵɵдɵн ɵткɵрʏлдʏ.
Кубаттуулугу 6-10 кВ болгон 71,06 аба чубалгысы оңдоодон жана кубаттуулугу 0,4 кВ болгон 731,4 км жана кубаттуулугу 6-10 кВ болгон 400,4 км аба чубалгылары техникалык тейлɵɵдɵн ɵткɵрʏлдʏ.
Ал эми энергообьектилерди капиталдык куруу жана реконструкциялоо боюнча кошумча 11 даана 6-10/0,4 кВ ТП, КТП коюлуп, иштеп жаткан 14 даана трансформатор алмаштырылды. Андан сырткары 257,9 км СИП ɵткɵргʏчтɵрʏнɵ керектɵɵчʏлɵр туташтырылып, 7,33 км 0,4 кВ жана 8,08 км 6-10 кВ аба чубалгылары тартылды 6,89 км кабелдик чубалгылары курулуп, реконструкцияланды.
Ош шаардык электр энергия сатуу мекемеси берген маалыматка ылайык 2025-жылдын биринчи кварталында 423430,1 миң кВт.саат электр энергиясы колдонулуп, 2024-жылга салыштырмалуу 50 375,3 миң кВт.саат электр энергиясы кɵп колдонулган. Ал эми товардык ɵндʏрʏм 876 053,4 миң сомду тʏзʏп, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 246 360,3 миң сомго кɵп болгон.
Жалпы жоготуулар 10,5 % тʏзʏп, 2024-жылга салыштырмалуу жоготуулар 2,1 % азайган. Ошондой эле 2024-жылдын биринчи кварталында 499546,5 миң сом жыйналган болсо, 2025-жылы 721435,8 миң сом акча каражаты жыйналып, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 221889,3 миң сомго кɵп болду. Жалпы дебитордук карыз 2025-жылдын 1-апрелине 360,5 млн. сомду тʏзʏп, 2024-жылдын 1-апрелине салыштырмалуу 30,9 млн. сомго кɵбɵйгɵн.
«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» филиалы 72 240 сандагы жеке сектордогу турак ʏйлɵрдʏ жана батирлерди газ менен камсыздайт. Анын ичинде: жеке сектордон 39151 абонент, мамлекеттик сектордон 33089 абонент, коммерциялык ишканалар — 1146, бюджеттик уюмдар — 112, ɵнɵр-жай ишканалары — 7. 873,11 км газ тʏтʏктɵрʏ пайдаланылып, анын ичинен 280,78 км орто, 602,33 км тɵмɵнкʏ басымдагы газ тʏтʏктɵрʏн тʏзɵт. Мындан сырткары 613 газды жɵнгɵ салуу пункттары (ГРП, ШГРП), 121 газ кудуктары пайдаланылып келет. «Ошгаз» филиалы тарабынан 2025-жылы апрель айына карата 10782977м3 жаратылыш газы калкка жеткирилип берилди.
2025-жылдын апрель айына карата газ тармактарын техникалык кароо сектору тарабынан прибордук жол менен 40,0 миң метр орто жана тɵмɵнкʏ басымдагы газ тʏтʏктɵрʏнʏн бʏтʏндʏгʏн (герметичность) текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп, газ чыгуу коркунучу болгон жерлер калыбына келтирилди. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн 1398 даана крандарына оңдоо иштери жʏргʏзʏлʏп, анын ичинен 145 даана крандын резьбалык бирикмесинен газ чыгуу коркунучу жоюлган. 108 даана газ эсептегичтери жаңыдан курулган ʏйлɵргɵ коюлуп, 1102 даана газ эсептегичтери мамлекеттик кароодон ɵткɵрʏлдʏ.
Жалпы дебитордук карыз 57,5 млн. сомду тʏзʏп, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 39,5 млн. сомго азайган.
«Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы» муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын ичинде каралган техникалык тейлɵɵ планы боюнча кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын кʏзгʏ-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулуп, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ жылытуу системаларын оңдоп-тʏзɵɵ иштери боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлдʏ жана 2024-жылдын ичинде 11 кɵп кабаттуу ʏйдʏн жылуулук системасы капиталдык оңдоодон, 32 кɵп кабаттуу ʏйдʏн фасаддарын актап-сырдоо жана 74 кɵп кабаттуу ʏйдʏн подъезддерин актап-сырдоо, чатырын оңдоп тʏзɵɵ, суу, канализация, электр щиттерин жана домофон, чип менен кирʏʏчʏ темир эшиктерди орнотуу иштери аткарылып, жалпысынан 2024-жылы аталган муниципалдык ишкана тарабынан 22 269 829 сомдук жумуштар аткарылып, анын ичинен 11 691 228,5 сом акча каражаты жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен каржыланды.
2024-2025-жылдардагы кыш мезгилинде жолдорду ɵз убагында кар-муздан тазалоо максатында, ишканалар тарабынан 12 кар-муздан тазалоочу атайын техника даярдалып, иш алып барды. Жол тайгактарына жол бербɵɵ максатында 433,2 тонна туз жана 307,2 тонна инерттик материалдар себилип, сарпталды.
Элге кɵмʏр даярдоо боюнча тапшырма муниципалдык аймактык башкармалыктарга жеткирилип, шаарда 21 жерде кɵмʏр сатуучу пункттар уюштурулуп, калк тарабынан 77460,0 тонна кɵмʏр даярдалышы керек болсо, иш жʏзʏндɵ 78407,0 тонна кɵмʏр даярдалып, тапшырманы аткаруу 101,2 % тʏздʏ.
Ош шаарында 2024-2025-жылдардагы жылытуу сезону негизинен тийиштʏʏ деңгээлде ɵткɵрʏлʏп, жылуулук жана электр энергиялары менен камсыз кылууда ɵзгɵчɵ ʏзгʏлтʏккɵ учуроолор болгон жок.
Жогорудагылардын негизинде Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардагы кʏз-кыш мезгилине ɵз убагында даярдык кɵрʏʏ максатында, Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы токтом кылат:
1. Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын кʏзгʏ-кышкы мезгилиндеги жылытуу ɵнɵктʏгʏн ɵткɵрʏʏдɵгʏ иш-чараларынын аткарылышы жɵнʏндɵ Ош шаарынын мэринин орун басары С.К. Джунусбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. «Ош шаардык жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасына (Ф.А. Адиев), Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасына (Ж.К. Аттокуров), Ош райондук электр тармактары ишканасына (А.К. Самидинов), Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканасына (Д.М. Кадырбердиев), Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесине (М.Т. Тертеев), “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасына (Ж.Абдилаким уулу), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Ошгаз” филиалына (Р.Б. Тагаев), Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгына (Б. Кɵкɵнов), Ош шаардык саламаттыкты сактоо координатору-Ош шаардык клиникалык ооруканасына (Ш.Т. Абдурахманов), Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарына (Ж.К. Пазылов, Ж.Ж. Сактанов, М.А. Орозбаев) ɵткɵн жылуулук берʏʏ мезгилиндеги кемчиликтерди эске алып, келе жаткан 2025-2026-жылдардагы кʏзгʏ-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктарды баштоо милдеттендирилсин.
3. “Ош шаардык жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы (Ф.А. Адиев), Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы (Ж.К. Аттокуров), Ош шаардык электр энергия сатуу мекемеси (М.Т. Тертеев), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Ошгаз” филиалы (Р.Б. Тагаев) тарабынан кɵрсɵтʏлгɵн коммуналдык кызматтар ʏчʏн болгон дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча кечиктирилгис чаралар кɵрʏлсʏн.
4. Ош райондук электр тармактары ишканасына (А.К. Самидинов), Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканасына (Д.М. Кадырбердиев), Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарына (Ж.К. Пазылов, Ж.Ж. Сактанов, М.А. Орозбаев), “Оштогу кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы менен биргеликте ток ɵткɵрʏʏчʏ аба чубалгыларына тоскоол болгон дарактардын бутактарын бутоо иштерин жʏргʏзʏʏ милдеттендирилсин.
5. Ош райондук электр тармактар ишканасына (А.К. Самидинов), Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканасына (Д.М. Кадырбердиев), Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесине (М.Т. Тертеев) электр энергиясын пайдалануудагы жалпы жоготууларды азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды кɵрʏʏ тапшырылсын.
6. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктары (Ж.К. Пазылов, Ж.Ж. Сактанов, М.А. Орозбаев), “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасына (Ж.Абдилаким уулу), «Ош шаардык жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы (Ф.А. Адиев), Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы (Ж.К. Аттокуров) менен биргеликте жылуулук тармактарын капиталдык оңдоодон ɵткɵрʏʏ, борбордук жылуулук тармактарына кошуу аркылуу жылуулук алуудан баш тарткан кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн тургундарынын арасында тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏнʏ кʏчɵтʏшсʏн жана бул багытта тиешелʏʏ чараларды кɵрʏшсʏн.
7. “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасы (Ж.Абдилаким уулу) Ош шаарында жайгашкан бардык кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн тургундарынын арасында башкармалык тарабынан кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтар жɵнʏндɵ кеңири тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзсʏн жана алар менен келишим тʏзʏʏнʏ ишке ашырсын.
8. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарына калк арасында кышка даярдык кɵрʏʏ (отун, кɵмʏр сатып алуу, эшик терезелерин жылуулоо ж.б.) боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ милдеттендирилсин.
9. Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-июнундагы №635 “Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын кʏз-кыш мезгилине даярдоо жɵнʏндɵ” токтому кʏчʏн жоготту деп табылсын.
10. Токтом “Ош шамы” гезитине жарыялансын.
11. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Ош шаарынын мэринин орун басары С.К.Джунусбаевге жʏктɵлсʏн.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы