21 августа, 2025

Энергетикага берилген ɵмʏр

Адамдын чыныгы баалуулугу – ишмердигинде жана элине кылган ак кызматында кɵрʏнɵт. Бул сɵздɵргɵ толук дал келген инсан, энергетика тармагында чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери оор, жоопкерчиликтʏʏ, бирок абройлуу кызматты аркалап келе жаткан жетекчи, Ош электр тармактар ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу менен маек курдук.

– Кайсы жерде тɵрɵлʏп, кайсы жогорку окуу жайдан билим алдыңыз?

– Ош облусунун Ноокат районундагы Шаңкол айылында 1975-жылы тɵрɵлгɵм. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош технологиялык университетинин энергетика факультетине тапшырып, 1998-жылы инженер-энергетик адистигин алдым. Ал кезде маалыматтык технологиялар жаңыдан ɵнʏгʏп жаткан учур болчу. Программалоого кызыгып жʏргɵнʏм менен кийин энергетиканы тандап, ушул багытка баш-отум менен кирип кеттим. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул тандоом ʏчʏн эч качан ɵкʏнгɵн жокмун.

– Эмгек тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Эмгек жолумду 1999-жылы электромонтер болуп баштагам. Андан кийин контролёр болуп калкты тейлɵɵдɵ иштедим. 2003-жылы Ош электр тармагына инспектор болуп ɵтʏп, бул кызматты 2009-жылга чейин аркаладым. Ошол эле жылы Ноокат райондук электр тармагына жетекчи болуп дайындалып, 2011-жылга чейин жетекчилик кызматты аткардым. 2012–2013-жылдары “Ошэлектро” ААКнын башкы директору болуп эмгектендим. Азыркы учурда болсо Ош электр тармактар ишканасын 2024-жылдын декабрь айынан бери жетектеп келе жатам. Жалпысынан энергетика тармагында ар тʏрдʏʏ баскычтардан ɵттʏм.

– Балалыгыңызда ким болууну самагансыз?

–  Ар кандай кыялдар болгон. Мектепте жакшы окуп, ɵзгɵчɵ математика сабагына кызыгуум кʏчтʏʏ эле. Мугалим болууну да самап Бишкектеги орус тили жана адабияты боюнча педагогикалык институтка ɵтʏʏнʏ кыялдангам. Анткени орус тили жана адабиятына да абдан кызыкчумун. Есениндин ырларын, Пушкин, Толстой, Островский сыяктуу жазуучулардын чыгармаларын кɵп окучумун. Бирок тагдыр мени энергетика тармагына жетелеп келди. Эми бул тармак аркылуу элге кызмат кылып жатам.

– Жетекчи кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

– Биздин жамаатта 1700дɵн ашык кызматкер бар. Бул чоң жоопкерчилик. Тармак техникалык болгондуктан коопсуздук – биринчи орунда. Ар бир кызматкерден тыкандыкты, тактыкты жана жоопкерчиликти талап кылам. Жетекчи катары жамаатта адилеттʏʏ мамиле, ынтымак, ɵз ара тʏшʏнʏшʏʏ маанилʏʏ. Айлык маянанын ɵз убагында берилиши да кызматкердин ишке болгон мамилесине тʏз таасир этет. Ынтымактуу жамаат – ийгиликтин негизи. Эгер жумушта жылуу мамиле, ынтымак болсо, кызматкерлер да ишке кубанып келишет.

– Эмгек жолуңуздагы эң кыйын учур кайсы болгон?

– 1998–1999-жылдар ɵлкɵ ʏчʏн экономикалык жактан оор мезгил эле. Айлык акылар айлап берилбей калчу. Ошол шартта деле кесипке берилʏʏ менен иштедик. Азыр андай кыйынчылыктар жок. Элдин да энергетикага болгон мамилеси ɵзгɵрдʏ. Тɵлɵмдɵр ɵз убагында жʏрʏп, жаңы технологиялардын жардамы менен “Мой свет” тиркемеси же терминалдар аркылуу тɵлɵɵ жеңилдеди.

– Сын пикирлерге кандай карайсыз?

-Электр тармагы – тейлɵɵчʏ тармак. Демек, сын пикирлер дайыма болот. Контролёрлор эл менен тʏз иштешет. Авариялык ɵчʏрʏʏлɵр, пландуу оңдоо иштеринде да нааразычылыктар айтылат. Биз аларды туура кабыл алабыз. Сын болбош ʏчʏн иштебей коюу керек. Иш бар жерде сын сɵзсʏз болот. Мʏнɵз жагынан да сабыр, туруктуулук пайда болду. Психологиялык жактан быштык, токтолдук.

– ʏй-бʏлɵңʏз тууралуу айтып бериңизчи.

– Жубайым Роза экɵɵбʏз Ош технологиялык университетинде окуп жʏрʏп таанышканбыз. Ал азыр жеке ишкерлик менен алектенет. Ɵзʏбʏздʏн эле айылдан болот. Ата-энемдин кеңешин угуп, айылдаш кызга ʏйлɵндʏм. Эки кызым бар. Экɵɵ тең Бишкекте билим алып, иштеп жʏрʏшɵт. Алар келгенде дасторкон жайып, салттуу кыргыз тамактарын жасап тосуп алабыз. Ата-энем аман-эсен, бирок жаш курагы ɵтʏп калды. Ар кʏнʏ байланышып турам. Бир кʏн сʏйлɵшпɵй калсам дароо таарынып калышат.

– ʏй-бʏлɵдɵ кандай тарбия принциптерин карманасыз?

– Мен жумшак мʏнɵздɵмʏн, балдарга эркиндик берем. Жубайым талапты катуу коёт. Экɵɵбʏздʏн бул тең салмактуулугубуз ʏйдɵ тартип менен эркиндикти чогуу алып келет. Ɵзгɵчɵ кыш мезгили – энергетикада эң оор учур. Айрым учурда ʏй-бʏлɵгɵ жетиштʏʏ убакыт бɵлɵ албай калганда ɵзʏмдʏ кʏнɵɵлʏʏ сезем.

– Жумуштан тышкары эмне менен алектенесиз?

– Табиятка чыгуу, ʏй-бʏлɵ менен эс алуу жагат. Анан да аптасына жок дегенде эки ирет волейбол ойнойбуз. Спорт – ден соолуктун куралы. Волейбол – Ноокаттыктардын сʏйʏктʏʏ оюну!

– Жашоодо кимдерден ʏлгʏ алдыңыз?

– Эң алгач ата-энемдин ɵмʏр жолу мага ɵрнɵк болду. Алардын жɵнɵкɵйлʏгʏ, эмгекти ыйык тутканы, ар бир ишке болгон жоопкерчилиги мени тарбиялады. Ошондой эле эл уулдары – Исхак Раззаков менен Насирдин Исановдун ɵмʏр жолу мен ʏчʏн чыныгы ʏлгʏ. Мамлекетке кʏйʏп-бышкан бул инсандардын принциптʏʏлʏгʏ, адилеттʏʏлʏгʏ жана мекенге болгон ак кызматтары мени дайыма шыктандырып келет.

– Сиз кɵп колдонгон макал сɵз барбы?

– Албетте, “жети ɵлчɵп, бир кес”. Азыр ар бир кадамды ойлонуп таштай турган заман. Мурда бир эле ɵлчɵп, кесип келсек, азыр жети ɵлчɵп, бир кесиш керек. Эң негизгиси – элге ак кызмат кылуу, жоопкерчиликтʏʏ жана сабырдуу болуу.

Айнура Валижанова

About The Author