20 августа, 2025

“Гʏл ɵстʏрʏʏ – бул энергия, позитив, ички кубаныч”

Гʏл – адамдын маанайын кɵтɵрʏп, ага жагымдуу сезим тартуулай алган табияттын ɵзгɵчɵ кооздугу. Гʏлгɵ туура кам кɵрʏп, бажырайта ɵстʏрʏʏ да ɵзʏнчɵ бир чеберчилик. Кезектеги каармандарыбыз бɵлмɵ гʏлдɵрʏ жана кʏнɵскана гʏлдɵрʏн ɵстʏрʏʏнʏн мыкты чеберлери десек жаңылбайбыз.

Азамат Баитов, жеке ишкер.

– Бɵлмɵ гʏлдɵрʏнɵ кантип кызыгып калдыңыз?

-Гʏл ɵстʏрʏʏ менин жан дʏйнɵмɵ жакын, бала кезимден каныма сиңген жумуш. Ата-энем айылда дыйканчылык менен алектенишчʏ. Алар менен пахта чаап, бакча иштерин кылып жʏрʏп, ɵсʏмдʏк ɵстʏрʏʏнʏ кичинемден ɵздɵштʏргɵм. ʏч жылдан бери расмий тʏрдɵ бɵлмɵ гʏлдɵрʏ боюнча дʏкɵн иштетип келем. Алгач бир дʏкɵн менен баштаганбыз, азыр болсо ʏч дʏкɵнʏбʏз бар. Ар бирин акырындык менен ачып, гʏлгɵ болгон талапты, элдин кызыгуусун эске алып, ишибизди кеңейтип жатабыз.

– Кардарлар кайсы гʏлдɵргɵ кɵбʏрɵɵк кызыгышат?

-Азыркы заманда элдин табити да башкача. Социалдык тармактар аркылуу чет ɵлкɵлɵргɵ чыгуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнʏн артында кыргызстандыктар да Европанын гʏлдɵрʏнɵ, ɵзгɵчɵ сортторго кызыга башташты. Эл башка ɵлкɵлɵрдʏн гʏлдɵрʏн кɵрʏп, ɵз колу менен алып келʏʏдɵ кыйынчылыктар жаралгандыктан бизге кайрылышат. “Мынандай гʏл кɵрдʏм эле, сиздерде барбы?” – деп издешет. Ошентип Голландиядан, Кытайдан жана башка ɵлкɵлɵрдɵн келген гʏлдɵргɵ суроо-талап кɵп. Ɵзгɵчɵ декоративдʏʏ жалбырактуу жана форма жагынан ɵзгɵчɵлɵнгɵн гʏлдɵр кɵбʏрɵɵк сатылат.

– Гʏлдɵрдʏ ɵзʏңʏздɵр алып келесиздерби же ортомчулар аркылуубы?

-Азырынча буйрутма берип, ортомчулар аркылуу алып келебиз. Ал эми гʏл идиштери, топурак жана кошумча азыктар Кытайдан алынып келинет. Ар бир гʏл ɵзʏнчɵ кам кɵрʏʏнʏ талап кылгандыктан ага керектʏʏ азыктарды да алдын ала даярдап коюшубуз керек.

– Бɵлмɵ гʏлдɵрʏ адамдын ден соолугуна, маанайына кандай таасир берет?

-Гʏл – бул жандуу нерсе. Ага кам кɵрсɵң ал да сага жылуулук тартуулайт. Гʏлдʏ жакшы кɵргɵн адам ʏчʏн ал энергия, позитив, ички кубаныч. Айрыкча гʏлгɵ кам кɵрʏп, кɵбɵйтʏп, башка идишке кɵчʏргɵн ɵзʏнчɵ бир бакыт. Бирок гʏл караганды жактырбаган адамга тескерисинче тʏйшʏк болуп калышы мʏмкʏн. Ошондуктан гʏлдʏн оң таасири – аны кандай кабыл алганыңа жараша болот.

– Чет элден келген гʏлдɵрдʏ жергиликтʏʏ климатка ыңгайлаштыруу да бир топ тʏйшʏк болсо керек?

-Ооба алар кɵбʏнчɵ жеңил, жумшак топуракта отургузулуп келет. Жʏктʏн салмагын азайтуу ʏчʏн ошондой жасалат. Бирок бул топурак биздин климатка ылайыктуу эмес. Биз аларды кайра кɵчʏрʏп, ɵзʏнʏн климатына кɵнʏшʏнɵ шарт тʏзɵбʏз. Гʏл келгенде “стресс” абалында болот. Жалбырагын тʏшʏрɵт, саргарат, гʏлʏн токтотот. Биз атайын азыктар менен азыктандырып, шартын тууралайбыз. “Сиркон”, “Эпин”, “Янтар кислотасы” деген адаптацияга жардам берген каражаттарды колдонобуз. Ошондой эле жаңы чɵйрɵгɵ кɵнгɵнчɵ аны салкын жерде кармап, акырындан кʏнгɵ ʏйрɵтɵбʏз.

– Дʏкɵнʏңʏздɵрдɵ канчага жакын гʏлдʏн тʏрʏ бар?

-Азыркы учурда биздин дʏкɵндɵрдɵ болжол менен 2000–3000ге жакын гʏлдʏн сорту бар. Ар бир гʏлдʏн  5–6дан сорту болот. Ошентип гʏлдɵр тез эле кɵбɵйʏп кетет.

– Гʏлдʏн топурагын ɵзʏңʏздɵр даярдайсыздарбы? Курамы кандай болот?

-Ооба гʏлдʏ кɵчʏрʏп жатканда топуракты ɵз алдынча даярдайбыз. Ага перлит кошобуз,  бул нымдуулукту сактайт. Вермикулит – топуракты жумшартат. Таш, кара топурак кошуп, гʏлгɵ керектʏʏ шартты жаратабыз. Баары гʏлдʏн тʏрʏнɵ жараша болот.

– Декоративдʏʏ гʏлдɵр менен кадимки гʏлдɵрдʏн айырмасы кандай?

-Гʏлдɵгɵн, ачылып турган гʏлдɵргɵ кызыккандар кɵп. Бирок алар бир гʏлдɵгɵндɵн кийин кайра гʏлдɵɵсʏ кыйыныраак болот. Ошондуктан жаңы гʏл ɵстʏрʏп баштагандарга декоративдʏʏ, чоң жалбырактуу гʏлдɵрдʏ сунуштайм. Кам кɵрʏʏ да жеңил.

– Гʏлдɵрдʏ ɵзʏңʏз кɵбɵйтɵсʏзбʏ?

-Ооба. Башында бир кɵчɵттɵн 5–6, кийин 20–30га чейин чыгарып кɵбɵйтʏп жʏрдʏм. Бирок кээде кардарлар гʏлдʏн баарын сатып алып кетишет, анан кɵбɵйтʏʏгɵ убакыт калбай калат. Ошондуктан азыр даяр гʏлдɵрдʏ да алып келип, климатка ылайыкташтырып жатабыз.

– Зыяндуу гʏлдɵр тууралуу кардарларга маалымат берип турасыздарбы?

-Сɵзсʏз тʏрдɵ. Айрым гʏлдɵр уулуу зат бɵлʏп чыгарат, айрыкча жатак бɵлмɵгɵ коюшса дем алууга терс таасири болушу мʏмкʏн. Балдардын бɵлмɵсʏнɵ коюуга мʏмкʏн эмес гʏлдɵр тууралуу, ошондой эле сабагы сынганда сʏт сыяктуу суюктук бɵлʏп чыгарып, терини аллергия кылуусу мʏмкʏн болгон гʏлдɵр боюнча пайдалуу кеңештерди даярдап турабыз.

– Абаны эң жакшы тазалаган гʏл кайсы?

-Чоң жана жазы жалбырактуу гʏлдɵр абаны эң жакшы тазалайт. Алар бɵлмɵдɵгʏ чаңды ɵзʏнɵ сиңирип алып, кычкылтек бɵлʏп чыгарат.

Дооранбек Ахметжанов, жеке ишкер.

Бул ɵнɵрдʏ атамдан ʏйрɵнгɵм. Бизде гʏл ɵстʏрʏʏ – муундан муунга ɵтʏп келе жаткан ʏй-бʏлɵлʏк кесип десем жаңылбайм. Кичинемде атама жардам берип жʏрʏп бул кесипке кызыгып калдым. Убакыт ɵткɵн сайын тажрыйба топтоп, азыр балдарым менен бирге кʏнɵсканада ар тʏрдʏʏ гʏлдɵрдʏ ɵстʏрʏп келем. ʏй-бʏлɵм – менин жɵлɵгʏм. Жубайым гʏлдɵрдʏ сугарып, балдарым ташып, сатууга жардам берип турушат. Бул биз ʏчʏн биргелешкен аракет, биримдиктин белгиси.

Гʏл – тирʏʏ жан, ɵтɵ назик ɵсʏмдʏк. Ага туура шарт тʏзʏʏ керек. Кʏнɵсканада жарыктык, жылуулук, нымдуулук баары эрежеге ылайык болушу шарт. Ар бири ар кандай температураны, жарыкты жана азыктанууну талап кылат. Мисалы, орхидеяга салыштырмалуу розага кɵбʏрɵɵк жарык жана нымдуулук керек. Ошондуктан кʏнɵскананы бир нече бɵлʏккɵ бɵлʏп, ар бир сорт ʏчʏн ɵзʏнчɵ микроклимат тʏзгɵнбʏз.

Топурагы жеңил жана органикалык заттарга бай болуп, жер семирткичтер ɵз убагында жана туура ɵлчɵмдɵ колдонулса гʏл жакшы ɵсɵт. Мисалы азот, фосфор, калий – эң негизги элементтер. Азот жалбыракка, фосфор гʏлдʏн ачылышына, калий болсо гʏлдʏн узак убакыт сакталышына таасир этет. Биз жер семирткичтерди тʏрʏнɵ жараша бɵлʏп колдонобуз. Ошондой эле биологиялык стимуляторлорду, табигый азыктарды да пайдаланабыз. Гʏлдɵрдʏн басымдуу бɵлʏгʏн Голландия жана Экватордон алып келебиз. Ал жактан келген урук менен кɵчɵттɵрдʏн сапаты жогору жана тʏрлɵрʏ абдан кооз болот. Ар тʏрдʏʏ климатка чыдамдуу сортторду тандайбыз. Кээде Тʏркия жана Италиядан да алдыртабыз.

Ширин Абдылда кызы

Айша Нурдинова

About The Author