1986-жылы 26-апрелге караган тʏнʏ Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, кезинде Хиросиманын кʏлʏн кɵккɵ сапырган атом бомбасынан 400 эсе кɵп радиоактивдʏʏ заттарды айлана-чɵйрɵгɵ бɵлʏп чыгарган. АЭСке эң жакын жайгашкан Припять шаарынын тургундары ʏйлɵрʏн ошол бойдон таштап кетʏʏгɵ аргасыз болду. Бул окуя адамзат тарыхындагы ʏрɵй учурган эң ири техногендик кырсык болуп саналат. БУУнун расмий маалыматына ылайык, авариядан 50 адам кɵз жумса, андан кийинки зыяндуу нурдан 4 миңдей киши каза тапкан. Башка изилдɵɵлɵр боюнча жыл ɵткɵн сайын зыяндуу нурдан ɵлгɵндɵрдʏн саны 200 миңге чейин жеткени айтылат. Окуя катталган жылдары кырсыктын кесепетин жоюуга кыргыз аскерлери да тартылган. Чернобыль апаатынын 39 жылдыгын утурлай ардагерлер окуя болгон жылдарды эскеришет.

Касимжан Орозматов, Чернобыль ардагери, Кара-Суу районунун Чернобыль ардагерлер коомунун тɵрагасы.
“Апаат болгон жылы аскердик кызматта элем”

1986-жылы 19 жашымда Украинада аскердик кызматымды ɵтɵп жʏргɵн убагым эле. Бир кʏнʏ штабга “Чернобыль шаарында жарылуу катталыптыр” деген суук кабар келди. Бирок кандай жарылуу экени жɵнʏндɵ так айтышкан жок. Солдаттардын тизмеси тʏзʏлɵ баштады. Анда тизмеге менин атым кирбей калыптыр. Ал убакта союз болгондуктан баарыбыз бир муштумга тʏйʏлʏп, эл-жер ʏчʏн чогуу аракет кылчу элек. Тʏз эле штабка барып “мен да Чернобылга барам” дедим. Командир аты-жɵнʏмʏ тактап, эртеси кʏнʏ Чернобыль шаарына жɵнɵп кетмек болгон солдаттардын катарына кошту. Ошентип 8 саат жол жʏрʏп, Киев шаарына киргенибизде тез жардам унаалары, аскердик унаалар жана башка атайы техникалар ʏн белгилери менен ары-бери каттап жʏрʏптʏр. Ɵтɵ оор жарылуу болгонун ошондо гана тʏшʏндʏк.
“Жарылган станциянын тоннелинде иштедик”
Солдаттарды алгач Чернобыль шаарынан 20 километр алыстыктагы Иванков деген шаарга алып келишти. Автобустан тʏшкɵнгɵ уруксат беришкен жок. Качан гана суу ташыган унаалар келип, жерге суу чачкандан кийин тʏшʏрʏштʏ. Кɵрсɵ топуракка тʏшкɵн радиация бɵлʏктɵрʏн абага сапыра койбой, тынбай суу менен басып турушкан экен. Жыйырма кʏнчɵ Иванков шаарындагы ээн, токойлуу жерде чатырларды тигип, коопсуздук эрежелерин ʏйрɵндʏк. 55237 аскер бɵлʏгʏ болчу, машыгуулардан кийин жарылуу болгон аймакка, тагыраагы Чернобыль шаарына алып киришти. Солдаттар ʏчʏн даярдалган атайы ʏйлɵргɵ жайгаштырып, ошол жерден барып-келип иштейсиңер дешти. Чернобыль шаарынан жарылган АЭСке чейинки аралык 22 километр экен. Автобус менен алып барышты. Биз атомдук станциянын астындагы тоннелдерге кирип муздатуучу системаларды орнотуп иштедик. Кʏнʏгɵ ишке барып, автобустан тʏшпɵй турабыз 700 метр алыстыктан “чуркагыла” деген команда берилгенде чуркаган бойдон тоннелдерге эңкейип кирип кетебиз. Топурагын алып чыгып, муздатуучу батарейкаларды алып кирип жайгаштырабыз. Кумурскалар сыяктуу солдаттар да тоннелге кирип-чыгып, бири-бирине жолтоо болбой иштешчʏ.
Ар кʏнʏ жумушка кетерде врачтардын кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтчʏбʏз. Баарыбызда калемге окшогон радиация ɵлчɵɵчʏ аппарат кошо жʏрчʏ. Эгерде аппарат радиациянын ɵлчɵмʏн 0,24тɵн ɵйдɵ кɵрсɵтсɵ, солдатты ʏйлɵрʏнɵ кайтарышкан.

Техникалардын кɵрʏстɵнʏ
Радиация ушунчалык кʏчтʏʏ болгондуктан жарылуу болгон аймакта иштеп жаткан техникалар бат эле жарактан чыга берген. Айдоочуларды коргоо ʏчʏн техникалардын сыртын коргошун менен каптап чыгышкан. Ошентсе да жʏздɵгɵн машинелер иштен чыккандан кийин алар токтотулган жерди “техникалардын кɵрʏстɵнʏ” деп аташчу.
“Азырга чейин врачтардын кɵзɵмɵлʏнɵн ɵтʏп турабыз”
Мен Чернобыль шаарында бир ай болдум. Андан кийин армиядагы калган кызматымды ɵтɵп, мекенге кайтып келгем. Радиация кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵнʏ менен ден соолукка абдан зыян. Кыргызстанга келгенден кийин врачтар дайыма кɵзɵмɵлдɵп, ай сайын текшерʏʏдɵн ɵтʏп турдук. Азырга чейин текшерилип турабыз. Андан бери 40 жылга жакын убакыт ɵттʏ. Кээде муундарым какшап ооруйт. Ысыкка чыдай албай калдык. Кудайга шʏгʏр эки кыз, эки уулум дени сак тɵрɵлʏп, дени сак чоңоюшту.
Мындай апаат эми эч качан болбосун деп тилейм. Бизде Кара-Суу районунда Чернобыльдан келген 51 ардагер бар эле. Алардын айрымдары ден-соолугунан айрылып, бул дʏйнɵ менен кош айтышып кетишти. Кээ биринин балдары майып болуп калды. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ аларга мамлекет тарабынан жакшы эле колдоолор кɵрсɵтʏлʏп келʏʏдɵ.
Анарбай Жабыев, Чернобыль ардагери, запастагы полковник.
“Сен жаш экенсиң, артка кайт” деген буйрук беришти”

Окуядан эки жыл ɵтʏп, 1988-жылы 26-майда Чернобылга бардым. Анда 22 жашта элем, “сен жаш экенсиң, кайра артка кайт” деген буйрук беришти. Бирок атайы келгенден кийин кызмат ɵтɵп кетʏʏм керек деген ойдо ɵз каалоом менен Чернобылда калдым. Ал аймакка чынында жумушчу кʏчʏ зарыл болгон. Он беш кʏн аскердик даярдыктан ɵткɵндɵн кийин АРС-14 (ЗИЛ-131) деген унааны берип, 30 чакты адамга мени жетекчи шайлады. Биздин милдет – аймакка тынбай суу чачып, абаны, топуракты нымдаштырып туруу болчу. Ошону менен бирге топурактын 30 сантиметрдей катмарын казып алып ташыган ишчилердин ишин кɵзɵмɵлдɵɵ да бизге жʏктɵлгɵн. Япониядан келтирилген аппараттар менен иштедик. Кийин окуя катталган жерге, тагыраагы Припять шаарына, ɵзгɵчɵ зонадагы офицерлердин оперативдʏʏ группасы менен барып калдым. Ошол жерде Уметалиев Жаныбек Асанбекович деген кыргыздын генералы бар экен. Ɵтɵ билимдʏʏ, сабаттуу сʏйлɵгɵн, ʏч окууну алтын медаль менен бʏткɵн киши экен, кɵрʏп аябай сыймыктангам.
“Бул апаат менен СССР кɵп жыл кʏрɵштʏ”
Жарылуу болгондон кийин абага кɵтɵрʏлгɵн радиация кʏн батыш тарапка айдап, Белоруссияга чейин барган экен. Шамал кеткен тараптагы токойлор, бак-дарактар кʏздɵгʏдɵй эле саргарыптыр. ЧАЭСтин жарылган тɵртʏнчʏ блогунан радиация чыгарбоо ʏчʏн кийин коргошун менен капташкан. Бул апаат менен СССР ɵтɵ кɵп жыл кʏрɵштʏ.
“Коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл болгон”
ʏч айдан ашуун Чернобылда болдум. Айтылган коопсуздук эрежелерин так сактап иштегенге аракет кылдык. Айрымдар коопсуздук эрежелерин сактабай, радиацияланган чаңды кɵп жутуп алгандар да болду. Бизди томография сыяктуу аппаратка текшерип турган. Мени менен кызмат ɵтɵгɵн бир майор, бир подполковник бар болчу, аппаратка тʏшʏп аябай кɵңʏлдɵрʏ суз чыккан эле. Ошо мезгилде 40 жаштын тегерегиндеги кишилер болсо керек. Бирɵɵсʏ Чернобылдан баргандан ʏч ай ɵтпɵй каза болуптур. Дагы бир майор бир жылдан кийин каза болгонун уктум.
Учурда балдарымдын дени сак, кудайга шʏгʏр! Чернобыль ардагерлерине мамлекет бир топ жардамдарын кɵрсɵтʏп келʏʏдɵ. Элибизде, жер жʏзʏндɵ мындан ары тынчтык гана болсун!
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы